Москва менен Дамаск Орусиянын Сириядагы катышуусун кайра уюштуруу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу жекшемби күнү Сириянын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Меморандумдун алдында кызыкдар тараптардын ортосунда болжол менен бир жарым жылга созулган сүйлөшүүлөр өткөн. Сөз аскердик да, жарандык да объектилердин келечектеги тагдыры тууралуу болгон, бирок эң оболу Тартус жана Хмеймимдеги Орусиянын эки ири аскердик базасы тууралуу сөз жүргөнүн сириялык SANA маалымат агенттиги билдирет.
Меморандумга ылайык, Орусия Хмеймим аэропортун жана Тартус портунун төртүнчү коммерциялык терминалын кошкондо жарандык объектилерди башкарууну Сирияга өткөрүп берет. Бул объектилер акырындык менен өлкөнүн жарандык инфраструктурасына интеграция болушу керек.
Орусиянын аскердик базалары жана башка аскердик объектилери эки тараптын тең кызыкчылыгына кызмат кылган биргелешкен орус-сириялык окутуу жана машыгуу борборлоруна айландырылат. Меморандумда белгиленгендей, бул кайра түзүү иштери үч айдын ичинде бүтүрүлүшү керек.
Сириянын Тышкы иштер министрлиги кабыл алынган чечимдер эки өлкөнүн мамилелеринде жаңы баракты ачарын билдирди.
2024-жылдын декабрында Башар Асаддын диктатурасы кулатылгандан кийин Сириянын иш жүзүндөгү лидери Ахмед аш-Шараа болуп калган. 2025-жылдын февралында Сириянын жаңы өкмөтүнүн коргоо министри Мурхав Абу Касра, эгер Кремль менен түзүлө турган келишим Сириянын кызыкчылыктарына жооп берсе, өлкө Орусияга Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги аба жана аскер-деңиз базаларын сактап калууга уруксат берүүгө даяр экенин билдирген.
2025-жылдын октябрында Аш-Шараа Москвага барып, Кремлде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолуккан.
Орусия Сириядагы катышуусун сактап, Латакия провинциясындагы Хмеймим базасын жана Тартустагы флоттун материалдык-техникалык камсыздоо пунктун көзөмөлдөөнү улантууда. Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров сириялык бийлик Орусиянын катышуусун сактоого кызыкдар экенин, бирок ал эми башка форматта, гуманитардык функцияларга көбүрөөк басым жасоо менен болушу керектигин айткан.
Шерине