Саламаттык сактоо министрлиги Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө карата даярдык көрүп жатат.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, иш-чаралардын катышуучулары менен конокторуна медициналык жардам көрсөтүү үчүн 600дөн ашуун медицина кызматкерин тартуу пландалууда.
Көчмөндөр оюндарында беттештер өтүүчү аянтчаларда медициналык пункттар, мобилдик медициналык бөлүмдөр жана көчмө госпиталь уюштурулуп, тез жардам бригадаларынын иши күчөтүлөт. Оюн учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) өзүнүн мобилдик госпиталын убактылуу өткөрүп бермекчи.
Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлигинде медициналык кызматтардын ишин күнү-түнү координациялоо үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Медициналык бригадалардын, дары-дармектердин жана жабдуулардын резерви даярдалды.
Иш-чаралардын жүрүшүндө катышуучулар менен коноктор жайгашуучу жана тамактануучу жайларга, ичүүчү сууга жана башка объекттерге санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүлүп турары кабарланды.
Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити жана өлкөнүн эгемендигинин 35 жылдыгы ушул жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өткөрүлөт. (ZКo)
Шерине