Орусия, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын баш прокурорлору терроризм жана экстремизмге каршы курөшүү багытындагы кызматташуу боюнча макулдашууга кол койду. Документке Көз карандысыз мамелкеттер шериктештигине (КМШ) өлкөлөрдүн башкы прокурорлору 30-сентябрда Казак шаарында коюлду.
Макулдашууда бул өлкөлөрдө террористтик же экстремисттик деп таанылган жана бийлик органдары коопсуздукка коркунуч туудурат деп эсептеген уюмдар, топтор жана жеке адамдар тууралуу "маалымат менен ыкчам алмашууну" каралган. Ошондой мындай топтордун эл аралык байланыштары, мүмкүн болгон террордук чабуулдар жана "мамлекеттик эгемендүүлүккө кол салуулар" тууралуу маалымат алмашат.
Мындан сырткары прокуратура органдары чет өлкөлүк согушкерлер, өз өлкөлөрүнө кайтып келе жаткан адамдар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү тууралуу маалымат алмашышат. Макулдашуу мыйзамсыз куралдуу топтор, адам сатуу, курал-жаракты жана баңгизаттарды мыйзамсыз ташыгандар, ошондой эле мыйзамсыз миграцияны уюштуруучулар жөнүндөгү маалыматтарды камтыйт. Ошондой эле жасалма документтерге байланыштуу маалымат алмашуу каралган.
Ошол эле учурда, келишимге кол койгон өлкөлөрдө "экстремизм" түшүнүгү жөн гана куралдуу же радикалдуу топторго эмес, оппозициялык кыймылдарга, көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарына, саясий активисттерге жана бийликти сындагандарга карата да колдонулат.
Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын 22-февралынан бери жүздөгөн орусиялык өспүрүм террорчулукка айыпталып же террорчулар менен экстремисттердин расмий мамлекеттик тизмесине киргизилди.
Орусияда тыюу салынган "Мемориал"укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, учурда саясий негиздеги кылмыш иштери боюнча кеминде 124 жашы жете элек өспүрүм куугунтукка алынууда.
Укук коргоочулардын айтымында, жашы жете электерди терроризм жана экстремизм боюнча талаштуу беренелер менен жоопко тартуу учурлары көбөйүп жатат. Мындай иштер боюнча сот жараяндары адатта жабык өтөт.
Шерине