АКШнын федералдык апелляциялык соту өлүм жазасы аткарыларына бир саат калганда 50 жаштагы Криста Пайкты өлүм жазасына тартууну убактылуу токтотту. Ал 1995-жылы адам өлтүргөнү үчүн өлүм жазасына өкүм кылынган.
1995-жылы 18 жаштагы Пайк жана анын өнөктөшү Тадарил Шипп Коллин Слеммерди өлтүрүшкөн. Пайк биринчи даражадагы адам өлтүрүү боюнча күнөөлүү деп табылып, өлүм жазасына кесилген. Кылмыш учурунда 17 жашта болгон Шипп өмүр бою эркинен ажыратылган, ага мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошоп чыгуу мүмкүнчүлүгү берилген.
Өлүм жазасы Нэшвилл шаарындагы түрмөдө аткарылышы керек болчу. Апелляциялык соттун чечими чыккан маалда ал жерге журналисттер жана күбөлөр чогула баштаган.
Сот Пайк бала кезинде сексуалдык зомбулукка кабылганы тууралуу билдирүүлөрү өкүм чыгарууда тийиштүү деңгээлде эске алынган-алынбаганын кайра кароону чечти.
Кийин Пайк апасынын күйөөлөрү тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылганы, ошондой эле эки жолу зордуктоого дуушар болгону белгилүү болгон. Кийинчерээк ага жаракаттан кийин чүнчүү (стресс), психикалык жактан жабыркоо деген диагноздор коюлган.
АКШда аялдарга карата өлүм жазасы сейрек аткарылат. 1976-жылы өлкөдө өлүм жазасын аткаруу кайра жандангандан бери 18 аял өлүм жазасына тартылган. Теннесси штатында аял киши акыркы жолу 1820-жылы өлүм жазасына тартылган. Соттун өкүмү ишке ашырылса. Пайк штатта 200 жылдан ашуун убакыттан бери өлүм жазасына тартылган биринчи аял болмок.
АКШнын Теннесси штатында аялды өлүм жазасына тартуу убактылуу токтотулду
Шерине