Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Молдованын аймагына бир күндө үч дрон кирди

Анений-Ной районунда дрон жарылган учур тартылган видеонун скриншоту. Молдова, 2026-жылдын 30-сентябры
Анений-Ной районунда дрон жарылган учур тартылган видеонун скриншоту. Молдова, 2026-жылдын 30-сентябры

30-сентябрда эртең менен Молдованын полициясы өлкөнүн аба мейкиндигин учкучсуз учак бузуп киргени тууралуу маалымат таратты. Мекеменин маалыматына караганда, дрон саат 05:40тар чамасында байкалып, кийинчерээк Анений-Ной аймагына кулап түшкөн.

Күндүз Молдованын Коргоо министрлиги дагы бир реактивдүү дрон тууралуу билдирди. Маалыматка ылайык, ал өлкөнүн аба мейкиндигине чыгыш тараптан, жикчил Приднестровье аймагы аркылуу кирген.

Коргоо министри Анатолий Носатый бул аба мейкиндиги бузулган 84-учур экенин жарыялады.

"Орусия биздин жарандарыбыздын өмүрүнө коркунуч жаратууда. Алар Днестрдин кайсы тарабында жашабасын жана кайсы тилде сүйлөбөсүн, айырмасы жок", — деди Носатый.

Кечинде бийлик ушул эле күнү өлкөнүн аба мейкиндиги үчүнчү жолу бузулганын кабарлады. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, дрон Орусиянын Украинага жапырт чабуулдары жүрүп жаткан учурда, саат 20:45 чамасында Молдованын чек арасынан өткөн.

Дрондорго байланыштуу молдован бийлиги өлкөнүн аба мейкиндигинин борбордук бөлүгүн убактылуу жапты.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG