Кыргызстандагы болуп жаткан окуяларга оюн ачык билдирген активист Мавлян Аскарбеков эки жылга камалды.
Буга анын социалдык баракчасы аркылуу "кытай жарандары кичи, орто бизнеске аралашып жатканы" тууралуу айтып, бул маселени конструктивдүү талкуулоо үчүн өкмөт башчыны дебатка чакырганы негиз болгон.
Аскарбековдун адвокаты буга чейин соттук-лингвистикалык экспертиза “Фейсбуктагы постто улут аралык кастыкты козутуу чакырыктары бар” деп тыянак чыгарганын билдирген.
13-июнда кармалган Мавлян Аскарбековго 330-берененин 1-бөлүгү менен иш козголгон. Сот чечиминен соң саясатчы чечимди " акылга сыйгыс" деп атады. Ал эми ишти караган cудья Темирбек Маматов Аскарбековдун күнөөлүү деп табууга экспертизанын жыйынтыгы эске алынганын билдирди.
Эки жылга кесилген саясатчы соттук териштирүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик экспертизанын компенттендүүлүгүнө ишенбесин бир нече жолу билдирген эле.
Аскарбековго сот өкүмүнөн соң кылмыш ишиндеги мамлекеттик экспертизанын сапаты жана бейтараптуулугу боюнча маселени жарандык коомдун өкүлдөрү көтөрүп жатышат. Алар буга чейин активист, бийликке сын айткан соцтармак колдонуучуларынын ишинде да экспертизаны күч органдары негизги курал катары колдонушканын айтышууда.
Юрист, укук коргоочу Клара Сооронкулова активисттин билдирүүсүн талдап чыкканын, анда 330-берене менен иш козгоого илинчек болгон чакырыктар камтылбаганын айтууда.
"Мурда көбүнчө "Массалык башаламандык", "Бийликти күч менен басып алуу" деген беренелерди колдонуп келишкен. Эми бул берене колдонула баштады. Анткени кытай темасын басыш керек. Негизи иш козгогондо кылмыштуу аракетти кылам деген ниет барбы же жокпу караш керек. Кастыкты козуттуу кайсы учурда болот? Бирөө кайсы бир улутка каршы пикир жазып, аларга каршы кандайдыр бир аракеттерге чакырганда. Жөн эле сын айтуу кастыкты козутууга жатпайт. Тергөөчүлөр ошону далилдеши керек болчу. Ал жерде эч ким кытайларга каршы аракеттерге чакырган жок да. "Кытайлар көбөйүп кетти" деп элдин баары эле айтып жатпайбы. Ошонун баарын камашабы? Мавлянды камоо бул теманы көтөрбөгүлө, камаласыңар деген ишарат. Мен Мавляндын айткандарын карап чыгып, кылмыштын белгисин тапкан жокмун".
Быйыл апрель айында "Кылым шамы" укук коргоо борбору канча адамды эркинен ажыраткан Улуттук илимдер академиясынын "эксперттеринин корутундусу" канчалык мыйзамдуу болгон деген маселени көтөргөн.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова лингвистикалык экспертизанын бүтүмү менен кылмыш ишинин өзөгүн түзүп жатканын белгиледи.
"Кемпир-Абадчылар, Олжобай Шакир, Аскат Жетиген ж.б. баары эле лингвистикалык экспертизанын бүтүмү менен кеткен да. Мавляндын ишин да окудум. Эмне дешти билбейсиң. Саясий иштер боюнча активисттерге, журналисттерге, укук коргоочуларга козголгон кылмыш иштеринин негизин лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы түзөт. Адегенде аларга жиберип, ошонун тыянагы менен кылмыш ишин козгоп, тергөөчүлөр өздөрү айып тагып, прокурорлор аны колдоп, соттор соттоп жатышат".
2024-жылы "Массалык башаламандыктар", "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" беренелери менен айыпталган Жоомарт Карабаев төрт ай абакта жатып, кийин үч жылдык пробация менен бошотулган.
Ал бир кезде өзү иштеген Илимдер академиясынын илимий-лингвистикалык экспертизасын "бийликтин куралына айланып калды" деп сындады.
"Булар сөз эркиндигин басуунун эле куралына айланып калышты. Анткени экспертизалар адамдын ичиндеги оюн тыюу үчүн колдонулат. Бирок адам ичинен эмне ойлоп жатканын бул экспертизалар менен билүү мүмкүн эмес. Булар соттун ролун ойноп, тергөө жана прокуратуранын күнөөсүн моюнга алган органга айланып калышты. Адам болсо берене дагы табылат дегендей, саясий көз карашы жакпай калган адамдын эски-жаңы пикирин таап чыгып, лингвистикалык экспертизанын бүтүмү менен камоо адатка айланды. Бул биздин коом үчүн, мамлекеттин аброю үчүн жагымсыз жагдай деп ойлойм", - деди Карабаев.
Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун политологиялык изилдөө жана экспертиза бөлүмүнүн мурдагы башчысы Токон Мамытов бул дооматка макул эмес.
"Лингвистикалык экспертиза бийликке курал болду деген туура эмес. Мындай орган бардык мамлекетте бар. Мавлян Аскарбековдун иши боюнча тилчи, адабиятчыларга кайрылсаңыз жөндүү болмок. Биз илимий-лингвистикалык эле экспертиза бере алабыз. Ал корутундуну кылмыш ишине тиркейби же кошобу Илимдер академиясы чечпейт. Аны тергөөчү, прокурор, сот чечет. Мыйзамда ошондой жазылган. Мен саясатчы политологмун. Лингвист боло албайм, болгон күндө экспертиза кылсам дагы аны кылмыш ишине тиркөөнү же тиркебөөнү тергөөчү, прокурор, соттор чечет, ошолордон сураш керек".
Кыргызстанда буга чейин бир катар адамдар пикир үчүн "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар", "Массалык башаламандыктар", "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" беренелери менен камалган.
Айрымдары ушул күндө да абакта жатат.
Юрист Клара Сооронкулова мындай берене менен соттолгондор абакта өзгөчө шарт менен кармаларын айтты:
"Абактын ичиндеги абак деп коебуз биз. Жалпы режим бергени менен өзгөчө шартта кармаласың. Башкалардай болуп эркин жүрө албайсың. Камеранын ичинде отурасың. Кат, тамак-аш алышуу чектелген. Азыр Равшан Жээнбеков, Каныкей Аранова ошол абактын ичиндеги абакта отурат".
Соңку жылдары бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанда сөз эркиндиги чектелип, бийликке сын айткандар куугунтукталып, камакка алынганын сынга алып келет.
Кыргыз бийлиги бул сындарды четке кагып, өлкөдө сөз эркиндиги жана адам укугу сакталарын бир канча жолу кайталаган. Өткөн айларда мамлекет башчы Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновдун YouTube каналына курган маегинде пикир үчүн абакта жаткандарды бийлик эмес, мыйзам каматканын белгилеген.
"Аларды мен каматкан жокмун да, "кама" деп дагы айтпайм. Мыйзам каматат. Аларды суроо Ички иштер министрлигинин, УКМКнын милдети. Тартип деген болуш керек. Тартип болбосо, мамлекет чачырап кетет. Айрым учурда 5-10 суткага камашы мүмкүн", - деген Жапаров.
"Кылым шамы" укук коргоо уюму апрель айында жарыялаган расмий статистикага караганда, 2022-2025-жылдар аралыгында башаламандык, чакырык жана кастыкты козутуу тууралуу беренелердин негизинде 180 адам соттолгон, алардын 21и аялдар. Биринчи инстанциядагы соттордо "Массалык башаламандыктар" беренеси менен 72 адам (алардын бешөө аял) сот жообуна тартылган, "Бийликти күч менен басып алууга коомдук чакырыктар" беренесинин негизинде 31 адам (бешөө аял) жана "Кастыкты козутуу" беренеси боюнча 77 адам (11и аял) соттолгон.
49 ишти Ички иштер министрлиги козгоп, 12 киши соттолгон, 10 ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет козгоп, тогуз киши сот жообуна тартылган. Мына ушул иштердин дээрлик баарында жалгыз далил катары Улуттук илимдер академиясынын адистери берген корутунду колдонулган.
Тизме жарыялангандан бери дагы бул беренелер менен иш козголуп, камалган учурлар катталууда.
Шерине