International Partnership for Human Rights уюмунун баяндамасынын авторлору Кыргызстандагы март айынан августка чейинки абалды талдашкан.
Анда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев февралда кызматтан алынгандан кийин да абал өзгөрүүсүз калганы белгиленген.
"Ташиев кетти, бирок абал өзгөрбөдү"
Баяндамада Камчыбек Ташиев кызматта турганда сөз эркиндигин муунтуу өнөктүгүн жетектегени, анын тушунда бир катар жарандык активисттер, журналисттер, коомдук жана саясий ишмерлер камакка алынганы айтылат.
IPHR уюму Ташиев кызматтан кеткенден кийин Кыргызстанда жарандык эркиндиктин абалы жакшырат деген үмүт акталбаганына токтолгон.
Камчыбек Ташиев июль айында “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айып менен төрт жылга соттолуп, пробация менен бошотулган.
Баяндамада Ташиевдин соту жүрүп жатканда саясий талаа анын жактоочуларынан жана “фейк фермаларынан” тазаланганы айтылган. Ошол эле маалда бийликтин жогорку эшелонун сындаган эркин журналисттер менен активисттерге басым күчөгөнүнө көңүл бурушкан.
БУУнун чечиминен кийин абактан чыккан Temirov Live (Сот экстремисттик деп тапкан) каналынын журналисти Махабат Тажибек кызынын иши кайрадан сотто карала баштаганы, укук коргоочу Азиза Абдирасулованын июнь айында Майлуу-Сууда эч кандай себепсиз кармалып, суракка алынышы, чет өлкөдө жүргөн эко-активист Самат Кушбековдун каралоого кабылышы, жер маселесин айтканы үчүн активисттер Мавлян Аскарбековдун, Азамат Баямановдун камалышы мисал катары келтирилген.
Оппозиция өкүлдөрү Темирлан Султанбеков менен Кадырбек Атамбаевдин соту журналисттердин катышуусуз, жабык эшик артында өткөнү сөз болгон.
Быйыл май айында кыргыз бийлиги эл аралык эксперт Стив Свердловду өлкөгө киргизбей койгонуна, бюрократиялык басым күчөп, 2024-жылы кабыл алынган “Чет өлкөлүк өкүлдөр” мыйзамы жаңы эрежелер менен толукталганына, борбор калаада митинг өткөрүүгө салынган тыюу 2026-жылдын 16-сентябрына чейин узартылганына көңүл бурулган.
Эки жылдан бери абакта жаткан жалгыз бой эне Каныкей Аранованын окуясы социалдык тармактардагы пикири үчүн аялдарды, мигранттарды жана активисттерди катаал жазалоонун айкын мисалы катары көрсөтүлгөн.
"Авторитаризм жалгыз Ташиевге байланыштуу эмес"
Юрист Клара Сооронкулова баяндамада айтылгандай соңку жылдары социалдык медиага оюн жазуу, пост бөлүшүү кооптуу болуп калды дейт.
“Көп эле нерселер тууралуу пикир айткың келет. Бирок баштан өткөн, болуп жаткан процесске карата оюңду айтсаң фейк-аккаунттар келип талай беришет. Тергөөчүлөр ошону далил катары кабыл алып, айыптоо актысына "Бул жазган посттун кесепетинен эл козголду, козутту" деп жазышат”.
Жарандык активист Адил Турдукулов авторитардык коомдордо эркиндик маселесин лидерлер эмес, система чечерин айтууда.
“Авторитаризмге багыт алуу жалгыз Ташиевге байланыштуу маселе эмес да. Бул комплекстүү фактор. Парламенттин алсыздыгы, УКМК, прокуратура, укук коргоо органдары саясий куугунтуктун башкы куралы болуп келгени баары роль ойнойт. Ташиев кеткенде “абал жеңилдеши мүмкүн” деген ойлорду айтышкан. Бирок мен тескерисинче "күчөшү мүмкүн” дегем. Ошондой эле болуп жатат окшойт. Өзгөчө президенттик шайлоого утурлай, референдум алдындагы процесстер мурда да саясий тазалоолор менен коштолуп келген. Ал саясат уланып жатат деген ойдомун. Эмне үчүн ошондой дегенде, элдин бул процесстерден көңүлү калгандай. Үч революция болду, элитанын өзгөрүшү менен жеке адамдын жашоосу кескин оңолгон жок. Бул жерде авторитардык мамлекеттердин дагы таасири күч болууда. Бул “демократия аралчасы” болуу мүмкүн эмес экенин жана эксперимент аткарылбай жатканынын белгиси. Бирок үмүттү үзбөш керек. Кыргыздын кодунда бар, эл демократияга суусайт. Саясий оппозиция жок болсо дагы эл соцтармактардан оюн билдирүүдө”.
Профессор Венера Сайпидин кыргыз коому чындап өнүгүп-өсүүнү кааласа, бийлик сөз эркиндигине чек койбошу керек деген пикирде.
“Коомдо пикирлер ар кандай болот, аны айткандарды сыйлаш керек, душман көрбөш керек деген маданият бизде жок да. Коомго баягыдай эле советтик антагонисттик көз караш сиңип кеткен. Ошон үчүн бир нерсе чыкса эле эки жаатка бөлүнүп, талашып-тартышып калабыз. Буга чейин биз жаңы Конституцияны кабыл алганбыз. Ошол кезде редакциялык кеңешке аттуу-баштуулар кирип адам укугу, сөз эркиндиги деген баалуулуктарга чекит койгон. Ошонун үзүрүн эми көрүп жатабыз да. Чындап өнүгөбүз десек, адамдын укугуна, адамдын пикирине чек койбошубуз керек. Социалдык тармакта жарандык коом пикирин айтат, бийликке сунуш берет, кемчилигин көрсөтөт. Аны чектөө жаңылыштык. Буга чейин эң жогорку кызматтарда отурган, учурдагы элчи Эдил Байсалов кыргыз коомунун социалдык тармакта пикир алмашуусу эң төмөн деңгээлге түшкөнүн айтты. Аны ким түшүрүп жатат? "Президенттин жанында күчтүү адистер жок" деп жатат. Андай адистер эркин коомдо өсүп чыгат да”.
Бийликтин жообу кандай?
Анткен менен кыргыз бийлиги эл аралык трибунадан болсун, өлкө ичинде болсун адам укуктарын, эркиндиктерин сактоо мамлекеттик саясаттын бир багыты экенин белгилеп келет.
Президент Садыр Жапаров буга чейин журналист Али Токтакуновго берген интервьюсунда журналисттер, жарандык активисттер бийликтин көрсөтмөсү эмес, мыйзамдын негизинде камалганын айткан.
"Туура эмес маалымат таратсаң, бирөөнүн беделине шек келтирсең жооп бересиң деп. Туура эмес маалымат тараткандарды камап жаткандарын көрдүм. Эми аларды мен каматкан жокмун да. Мен камабайм, кама деп дагы айтпайм. Мыйзам каматат. Тартип болуш керек да", - деген Жапаров.
Макала даярдалып жатканда Садыр Жапаров акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен жолукканы кабарланды.
“Мамлекет башчысы кыйноолорду колдонуу же жарандардын укуктарын бузуу боюнча кайрылуулар келип түшкөн учурда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери толук жана ар тараптуу иликтөө жүргүзүп, мыйзам тарабынан кепилденген жарандардын укуктарын коргоону камсыз кылып, укук коргоо органдары тарабынан мүмкүн болуучу басымдан же мыйзамсыз аракеттерден коркпостон алардын кызыкчылыктарын коргошу керектигин өзгөчө баса белгиледи”, - деп жазылган маалыматта.
Ал тапта президенттик администрациянын укуктук башкармалыгынын башчысы Мурат Укушев International Partnership for Human Rights (IPHR) уюмунун соңку баяндамасына реакция кылды.
"Ынтымак Ордонун" башкы юристи "АкиПресс" агенттигине жарыялаган макаласында соңку баяндаманы Кыргызстандагы шайлоо кампаниясына байланыштырган.
"IPHR акыркы жылдары ЖМК эркиндиги боюнча абал начарлап жатканын ырастоону улантууда. Алсак, аталган уюм айрым актоо өкүмдөрүнө жана бошотууларга карабастан, журналисттерге, блогерлерге, коомдук активисттерге жана оппозиция өкүлдөрүнө карата кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана кысым көрсөтүү уланып жатканын билдирет. Бул баяндама Кыргызстанда шайлоо өнөктүгүнүн башталышы жарыяланар алдында чыгууда. Демек, шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде, ошондой эле анын жыйынтыгы чыккандан кийин ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунан адаттагыдай сын-пикирлердин топтому түшөт. Евробиримдик менен АКШ өздөрүн демократиянын үлгүсү деп эсептеп, бизге элдик бийлик эмне экенин чарчабай үйрөтүп жаткандан кийин, алардын өздөрүндөгү "демократиянын стандарттары" идеалдуу үлгү болушу керектей көрүнөт. Бирок чындыгында Батыштын эч кимге демократияны жана адам укуктарын сактоону үйрөтүүгө акысы жок, анткени алардын өздөрүндө классикалык түшүнүктөгү демократия эбак калбай калган. Акыркы он жылдыктарда Евробиримдикте жана АКШда жаңы идеологиялык догмалардын кызыкчылыгы үчүн салттуу адамдык баалуулуктарды жана укуктарды талкалаган чыныгы тоталитардык система таңууланууда".
Укушев Кыргызстан үчүн Батыштын демократиялык баалуулуктары эмес, Сингапур, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдөгүдай "азиялык демократиядан үлгү алуу туура болот" деген пикирин билдирген.
Бирок юрист Клара Сооронкулова Кыргызстан быйыл БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланганын эске салып, мамлекетти эл аралык уюмдардын баяндамаларына кайдыгер карап же терикпей, кемчиликтерди оңдоого чакырды.
“Эл аралык уюмдар, айталы Amnesty International Адам укугу тууралуу докладын жыл сайын жарыялап келет. Булар эл аралык абройлуу уюмдар, пикирин көңүл сыртында калтырган болбойт. БУУнун ар кандай укук коргоо боюнча баяндамачылары бар. Укук коргоочулар боюнча баяндамачысы бир канча жолу Рита Карасартова кармалганда, Азиза Абдирасулова буллингге кабылганда билдирүү жасады. Биз кирген, иштеп жаткан БУУ алардын пикирине таянат. Кыргызстан быйыл биринчи жолу Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчөлүккө шайлангандан кийин анын баарын эске алышыбыз керек. Кыргыз бийлиги сын айткандын баарын “сырттан келген душман” көрбөш керек. Алар биздин эле жарандар да. Көрүп жатабыз, өлкө ичинде сын айта албаса, сыртка чыгып айтат. Бийлик сын айткандарга, сөз эркиндигин пайдаланган адамдарга карата чыдамдуу болуш керек, чын болсо моюнга алып, оңдоого аракет кылыш керек. Убагында “эл душманы” деп атылып кеткендер, азыр акталып жатканына эл күбө. Тарых, убакыт баарына баа берет”.
2008-жылы Бельгияда негизделген IPHR уюмунун баяндамасы ачык булактардан алынып, CIVICUS Monitor эл аралык уюму үчүн даярдалган.
Быйыл май айында ушул эле International Partnership for Human Rights (IPHR) уюму, Казакстандын адам укуктары жана мыйзамдуулук боюнча эл аралык бюросу, Борбор Азиядагы адам укуктары ассоциациясы (AHRCA) жана Түркмөнстан Адам укуктары боюнча демилгеси (TIHR) чогуу билдирүү жасап, Борбор Азия өлкөлөрүндө жарандык мейкиндикти жана жеке пикирди чектөө максатында онлайн репрессия колдонуу күч алганын эскертишкен.
"Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюму басма сөз эркиндиги боюнча жаңы докладын жана 180 өлкөнүн рейтингин жарыялаганда Кыргызстандын көрсөткүчү былтыркыга салыштырганда эки баскычка ылдыйлап, 146-сапка жайгашканы белгилүү болгон.
Шерине