Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Сентябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:40

"АКШдан көргөм". Күрөңовдун сотунда кайсы саясатчылар көрсөтмө берүүдө?

Тилекмат Күрөңов сотто.
Тилекмат Күрөңов сотто.

Абактагы активист Тилекмат Кудайберген уулунун 4-сентябрдагы соту болгон жок. Соңку отурумдарда күбөлөр суралууда. Маселен, экс-депутат Нуржигит Кадырбеков, медиа эксперт Илим Карыпбеков, саясатчы Бектур Асанов жана башкалар көрсөтмө берди. Кудайберген уулу менен аларды эмне байланыштырат?

"Бийликти басып алууга чакырык болгон эмес"

Тилекмат Кудайберген уулунун (Күрөңов) иши боюнча Бишкектин Ленин райондук сотунда 4-сентябрга белгиленген отурум болгон жок. Буга анын жактоочусунун келбей калганы себеп болуп, кийинки процесс 11-сентябрга белгиленди.

Ал сот залынан чыгып баратып “Азаттыкка” учкай пикирин билдиргенге үлгүрдү:

“Бүгүнкү күнгө чейин бир дагы жаран бийликти басып алганга чакырык кылган жок. Мен дагы, Ташиев дагы, Каныкей Аранова дагы... Эч ким андай чакырык кылганга, бийликти басып алганга реалдуу кадамдарды кылган жок. Бул боюнча козголгон иштердин баары фальсификация”.

Активисттин иши быйыл февралда сотко өткөн. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу”, “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Массалык башаламандыктар”, “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” деген төрт беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Сотто бир топ саясатчылар көрсөтмө берүүдө

Соттук отурумда иш боюнча күбөлөр көрсөтмө берип жатат. Маселен, буга чейин саясатчылар Нуржигит Кадырбеков, Бектур Асанов, Урматбек Самаев, Мамбетжунус Абылов, Таалайбек Ибраев процессте болгон.

Нуржигит Кадырбеков Кудайберген уулу менен депутат кезинде АКШда жолукканын “Азаттыкка” ырастады:

Нуржигит Кадырбеков
Нуржигит Кадырбеков

“Эл менен жолугушууда күнөскана иштеткендер кыйналып жатканы боюнча суроо берди. Ошол убакта Өзбекстандын чек арасы жаңы ачылган эле. Аны ошол жерде биринчи жолу көрдүм. Жолугушуу бүткөндө “эки мүнөткө сүйлөшүп алсак болобу” деп калды. Эмнени айтат экен десем, “Кемпирабадчыларга кирип чыкпайсызбы” деди. Бирок кийин сүрөт чыгып кетти. Мен өзү эле уюштуруп койду го деп ойлодум. Кийин процессте “Сүрөт мага да келген, ошону бөлүшүп койгом” деди”.

Сотто күбө катары көрсөтмө бере тургандардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мейкинбек Абдалиев да бар. Ал муну “Азаттыкка” өзү да ырастап, Кадырбеков менен бирге АКШ сапары учурунда Кудайберген уулун кезиктиргенин билдирди.

Медиа эксперт, активист Илим Карыпбеков да бул иштин алкагында тергөөдө сурак берип, эми сотко да чакыруу алганын айтып берди:

Илим Карыпбеков
Илим Карыпбеков

“Күрөңов боюнча мени күбө катары суракка алышкан. Мен аны өмүрү көргөн эмесмин, жолуккан да эмесмин. Бир гана нерсе – анын айткан сөздөрүнө баа берип, талкуулап, социалдык тармактарга билдирүү чыгаргам. Ошонун негизинде мени суракка алышкан. Суракка көп болуп кеткени үчүн азыр эмне суроо болгонун, кайсы билдирүүлөр боюнча сураганы эсимде жок. Сотко күбө катары чакырышканынан кабарым бар. Үч ирет чакырылдым. Биринчисинде барып, сот имаратынын ичинде күтүп отурсам, эки сааттан кийин процесс болбой калды дешти. Кийинки эки жолкусунда бара албай калдым. Мени күбө катары эмне маселе боюнча чакырып жатышканы мага да кызык. Менин социалдык тармактардагы оюм боюнча чакырып жатышканын билем”.

"Аны Өзгөндө бир эле жолу көргөм"

Сотто көрсөтмө бере турган дагы 15тей киши бар экенин Кудайберген уулунун адвокаты “Азаттыкка” ырастады. Ал тизмеде активисттер Атай Бейшенбек, Илгиз Шаменов, саясатчылар Кубанычбек Кадыров, Жеңиш Молдокматов, экс-депутаттар Эмил Жамгырчиев, Орозайым Нарматова бар.

2022-жылы Кудайберген уулу Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга алмашылышына нааразылык билдирген активист-саясатчылардын тобуна кошулуп, буга каршы позициясын айтып чыккан. Ошол жылдын октябрында укук коргоо органдары активист-саясатчылар тобунун отуздай мүчөсүн кармаган маалда ал Казакстанда жүргөн жеринен Орусияга өтүп, андан ары АКШдан башпаанек алган. Кошмо Штаттарда жүрүп ал кыргыз бийлигин сындоосун уланткан. 2024-жылдын январында Кыргызстан аны мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга айыптап, сыртынан камакка алуу ордерин чыгарган.

"Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталып, соттон акталган саясатчы Мамбетжунус Абылов сотто күбө катары көрсөтмө бергенин “Азаттыкка” ырастады:

Мамбетжунус Абылов
Мамбетжунус Абылов

“Бийликтин дарегине кичине сын айтып койгондун баары эле бийликти басып алуу беренеси менен камалып жатышат. Анын ичинде биз да барбыз. “Кемпир-Абад кетпесин” деп койсок, бийликти басып алганы жатышат деп камап, төрт жылдык өмүрүбүздү ошол жакта өткөрдүк. Бул баланы Кемпир-Абад боюнча Өзгөндө курултай өткөргөндө көргөм. Башка эч кандай байланыш деле жок. Анда ага да суроо берди. Берилген көрсөтмөгө кандай дейсиз десе, "туура, бийликти басып алам деген эмесмин, аларга байланышым болбогон" деди. Сот деле менин аргументимди түшүндү деген пикирге келдим”.

Тилекмат Кудайберген уулу 2024-жылдын ноябрында кыргыз оппозиционерлери менен жолуктурууга убада кылган делген мурдагы депутат Эмил Жамгырчиев менен жолугуу үчүн Дубай шаарына барган. Активист кийин Фейсбукта билдирүү жасап, Жамгырчиев экөө кездешкен соң анын паспорту жоголуп кеткенин, кыргыз бийлигинин өтүнүчү менен полициянын колуна түшкөнүн жарыялаган. Кийин бошотулуп, документи жок болгондуктан Бириккен Араб Эмирликтеринде (БАЭ) жарым жылдай жашаган. Жамгырчиев анын айыптоолорун төгүндөгөн.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 2025-жылдын 19-апрелинде чет жакта жүргөн активист БАЭден кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин, конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шек саналып жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун билдирген. Ошол жылдын 21-апрелинде Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алган. 2026-жылдын февралында Бишкектин Ленин райондук сотунда ага айыбы угузулуп, соттук иши башталган.

Тилекмат Кудайберген уулунун ишине байланыштуу кармалган төрт кишиге – укук коргоочу Рита Карасартовага жана башка С.Ф.А., М.О.Б. жана Ш.Э.К. аттуу жарандарга сот өкүмү чыгып, “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылышкан. Алар пробация менен сот залынан бошотулуп, ар бирине 50 миң сомдон айып пул салынган.

Быйыл май айында эл аралык Freedom Now укук коргоо уюму жана Hausfeld юридикалык компаниясы Кудайберген уулу БАЭден негизсиз кармалган деген жүйө менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктар боюнча жумуш тобуна арыз менен кайрылган.

Freedom Now уюму Тилекмат Кудайберген уулун 2020-жылы COVID-19 пандемиясына, коррупцияга жана экологиялык саясатка байланыштуу Кыргызстандын бийлигин сындап чыкканы менен таанылган саясий активист деп атаган.

2021-жылы ал президент Садыр Жапаровдун Конституцияны өзгөртүү сунушуна каршы тынчтык митингин өткөрүүгө аракет кылганы үчүн кармалып, Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен ошол жылы 1,5 жылга абакка кесилген. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Активист жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу 2022-жылы эркиндикке чыккан. Ал өзү коюлган айыптарды четке каккан.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар жана демократия өкүм сүрүп жатат деген пикирин мурдатан эле айтып келет. Мамлекет башчы жакында эле журналист Али Токтакуновдун YouTube каналына курган маегинде пикир үчүн абакта жаткандарды бийлик эмес, мыйзам каматканын белгилеген:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

"Блогерлер деле ошолорду туурады да. Тигини деле, муну деле тартышат, анан "кокуй, бул туура эмес, ал туура эмес" деп кыйкыра беришет. Анткени тигилерден үлгү алган да. Анан мыйзамдар түзүлдү, жоопкерчилик алышты. Туура эмес маалымат таратсаң, бирөөнүн беделине шек келтирсең жооп бересиң деп. Аларды мен каматкан жокмун да, "кама" деп дагы айтпайм. Мыйзам каматат. Аларды суроо Ички иштер министрлигинин, УКМКнын милдети. Тартип деген болуш керек. Тартип болбосо, мамлекет чачырап кетет. Айрым учурда 5-10 суткага камашы мүмкүн".

Президент Кыргызстанда мыйзам иштегени үчүн "кемпирабадчылар" 100% акталганын, акын Аскат Жетигенди өзүн сөккөнү үчүн каматпаганын, буга башка себептер түрткү болушу мүмкүн экенин айткан.

  • 16x9 Image

    Түмөнбай Абдинаби уулу

    Түмөнбай Абдинаби уулу "Азаттыктын" кабарчысы. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. 

Шерине

XS
SM
MD
LG