Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:26

Тилекмат Кудайберген уулунун соту 11-сентябрга жылдырылды

Тилекмат Кудайберген уулу. Архив сүрөт.
Тилекмат Кудайберген уулу. Архив сүрөт.

Бишкектин Ленин райондук сотунда камактагы активист Тилекмат Кудайберген уулунун (Күрөңов) ишин кароо боюнча 4-сентябрга белгиленген отурум 11-сентябрга жылдырылды. Буга адвокат келбей калганы себеп болду.

Сот залынан алып чыгып баратышканда Кудайберген уулу журналисттерге учкай комментарий берип, "бийликти басып алууга чакырык жасабаганын" айтты.

Мунун алдында анын бир тууганы Фейсбук баракчасына сотто күбө катары суралат дегендердин тизмесин чыгарган. Алардын катарында мурдагы министрлер Мамбетжунус Абылов, Таалайбек Ибраев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Нуржигит Кадырбеков, Кубанычбек Кадыров, Эмил Жамгырчиев, Орозайым Нарматова, саясатчылар Бектур Асанов, Жеңиш Молдокматов, активисттер Илим Карыпбеков, Атай Бейшенбек жана башка жалпы 15 кишинин аты бар.

2022-жылы Кудайберген уулу Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга алмашылышына нааразылык билдирген активист-саясатчылардын тобуна кошулуп, буга каршы позициясын айтып чыккан. Ошол жылдын октябрында укук коргоо органдары активист-саясатчылар тобунун отуздай мүчөсүн кармаган маалда ал Казакстанда жүргөн жеринен Орусияга өтүп, андан ары АКШдан башпаанек алган. Кошмо Штаттарда жүрүп, ал кыргыз бийлигин сындоосун уланткан. 2024-жылдын январында Кыргызстан аны мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга айыптап, сыртынан камакка алуу ордерин чыгарган.

Тилекмат Кудайберген уулу 2024-жылдын ноябрында кыргыз оппозиционерлери менен жолуктурууга убада кылган делген мурдагы депутат Эмил Жамгырчиев менен жолугуу үчүн Дубай шаарына барган. Активист кийин Фейсбукта билдирүү жасап, Жамгырчиев экөө кездешкен соң анын паспорту жоголуп кеткенин, кыргыз бийлигинин өтүнүчү менен полициянын колуна түшкөнүн жарыялаган. Кийин бошотулуп, документи жок болгондуктан Бириккен Араб Эмирликтеринде (БАЭ) жарым жылдай жашаган. Жамгырчиев анын айыптоолорун төгүндөгөн.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 2025-жылдын 19-апрелинде чет жакта жүргөн активист БАЭден кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин, конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шек саналып жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун билдирген. Ошол жылдын 21-апрелинде Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алган. 2026-жылдын февралында Бишкектин Ленин райондук сотунда ага айыбы угузулуп, соттук иши башталган.

Тилекмат Кудайберген уулунун ишине байланыштуу кармалган төрт кишиге – укук коргоочу Рита Карасартовага жана башка С.Ф.А., М.О.Б. жана Ш.Э.К. аттуу жарандарга сот өкүмү чыгып, “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылышкан. Алар пробация менен сот залынан бошотулуп, ар бирине 50 миң сомдон айып пул салынган.

Быйыл май айында эл аралык Freedom Now укук коргоо уюму жана Hausfeld юридикалык компаниясы Кудайберген уулу БАЭден негизсиз кармалган деген жүйө менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктар боюнча жумуш тобуна арыз менен кайрылган.

Freedom Now уюму Тилекмат Кудайберген уулун 2020-жылы COVID-19 пандемиясына, коррупцияга жана экологиялык саясатка байланыштуу Кыргызстандын бийлигин сындап чыкканы менен таанылган саясий активист деп атаган.

2021-жылы ал президент Садыр Жапаровдун Конституцияны өзгөртүү сунушуна каршы тынчтык митингин өткөрүүгө аракет кылганы үчүн кармалып, Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен ошол жылы 1,5 жылга абакка кесилген. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Активист жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу 2022-жылы эркиндикке чыккан. Ал өзү коюлган айыптарды четке каккан. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG