Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:37

Нетаньяху Ирандагы бийлик алмашууну Израилдин башкы максаты деп атады

Биньямин Нетаньяху
Биньямин Нетаньяху

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Ирандагы азыркы бийликти кулатуу анын өлкөсүнүн алдында турган негизги милдеттердин бири экенин жана бул максатка жетүүгө болорун билдирди.

3-сентябрда израилдик аскер жетекчилеринин катышуусундагы иш-чарада сүйлөгөн Нетаньяху Иран жетекчилиги азыр болуп көрбөгөндөй алсыраган абалда экенин айтты.

«Бул режим азыр кыйроо алдында турат. Ал мурдагыдан да алсыз болуп калды жана өз өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүп жатат», - деди Израил өкмөт башчысы.

Анын айтымында, Израил өзүнө коркунуч жараткан бул режимди биротоло жоюуга жөндөмдүү. Нетаньяху Тегеранды Израилди жок кылууга умтулган жана өзөктүк куралга ээ болууну көздөгөн режим катары мүнөздөдү.

Премьер-министр Иран тараптан Израилге кол салуулардын токтошуна дал ушул режимдин алсырашы негизги себеп болуп жатканын кошумчалады.

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи быйыл 28-февралда АКШ менен Израилдин Иранга жасаган аба соккуларынын биринчи күнү каза болгону маалымдалган. Ошондон бери жүргүзүлгөн чабуулдардын натыйжасында Ирандын ондогон аскердик жана саясий жетекчилери да набыт болгону айтылып келет.

АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин согуштагы негизги максат Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө экенин билдирген. Ошол эле маалда ал Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамын толук калыбына келтирүүнү да негизги милдеттердин катарына кошкон.

Иран жетекчилиги өзөктүк программасы тынч максатты гана көздөй турганын айтып келген. Жыл башындагы соккуларга жооп кылып ал АКШнын аймактагы базаларын бутага алган жана америкалык тараптын билдирүүлөрүн четке кагууда.


Шерине

XS
SM
MD
LG