Орусиянын Түндүк Осетия республикасындагы Беслан шаарында 2004-жылдагы мектептеги терактта каза болгондорду эскерүү боюнча үч күндүк иш-чаралар жыйынтыкталды. Анда мектептегилер барымтага алынып, 334 адам каза тапкан, өмүрү кыйылгандардын 186сы балдар эле.
Окуя болгон №1 мектепте 22 жыл мурдагы каргашаны эскерип, асманга ак түстөгү 334 шар учурушту.
Эскерүү иш-чаралары Орусиянын бир катар башка шаарларында да уюштурулду. Санкт-Петербург, Петрозаводск, Липецк, Новосибирск, Краснодар, Махачкала, Железноводск жана Ставропол шаарларында өткөн акцияларда гүлчамбар, оюнчук менен катар суу куюлган бөтөлкөлөрдү да алып келип жатышты. Теракт учурунда барымтада кармалып тургандардын көбү сууга жетпей куураганы кийин маалым болгон.
2004-жылы 1-сентябрда Бесландагы №1 мектепте жаңы окуу жылынын ачылышына арналган салтанаттуу иш-чара учурунда террорчулар окуучуларды, алардын ата-энелерин жана мугалимдерди, жалпысынан миңден ашуун адамды барымтага алышкан.
Кол салууга жоопкерчиликти талаа командири Шамил Басаев алган. Алар Чеченстандан орусиялык аскерлердин чыгарылышын талап кылышкан. Бул окуя Орусиянын тарыхындагы эң көп адамдын өмүрү кыйылган кол салуулардын бири болгон.
Иликтөөчү журналисттер, анын арасында кийин киши колдуу болгон "Новая газетанын" кабарчысы Анна Политковская, кесиптеши Елена Милашина теракт башталардан бир сутка мурда бийликтин колунда согушкерлердин планы тууралуу маалым болгонун, бирок эч кандай чара көрбөй коюшканын жазып чыгышкан. Кремлдин расмий өкүлдөрү барымтада кармалып тургандардын санын атайылап эле бир нече эсе аз жарыялаганын, ошондон улам алардын абалы барган сайын начарлай бергенин, Владимир Путин сүйлөшүүгө билип туруп эле барбай койгонун да белгилешкен.
Шерине