Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы согуш маселесин жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр мүмкүнчүлүгү азырынча сакталып турганын билдирди. Бул тууралуу ал 3-сентябрда Чыгыш экономикалык форумунун пленардык жыйынында айтты.
Путинге Украина боюнча тынч жана конструктивдүү сүйлөшүүлөрдүн жок дегенде минималдуу келечеги бар-жогу тууралуу суроо берилгенде ал:
«Украина боюнча жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү азырынча бар. Бул маселени жөнгө салууга өз салымын кошууга аракет кылып жаткан бардык адамдарга ыраазыбыз. Бирок биринчи кезекте өз ара келишимге Орусия менен Украина жетишүүсү керек», – деп жооп берди.
Ошол эле учурда Путин украин тараптын Орусиянын аба мейкиндигинде учактар үчүн коркунуч жаралышы мүмкүн деген эскертүүлөрүн кайрадан «мамлекеттик терроризм» деп атады. Анын сөзүнө караганда, Москва менен Киевдин атайын кызматтар аркылуу байланыштары сакталып келет.
«Алар [байланыштар] тынчтык келишимине алып келеби же жокпу, азыр муну айтуу мага кыйын. Анткени акыркы мезгилде Украинанын жогорку жетекчилигинин билдирүүлөрүн угуп жатабыз. Бирок байланыштар чындап эле бар, алар кадимки тартипте уланып жатат, негизинен атайын кызматтар аркылуу жүргүзүлүүдө», – деди Путин.
1-сентябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын асманы үзгүлтүксүз дрон чабуулдардын айынан «толугу бойдон кооптуу болуп бара жатканын» айтып, авиакомпанияларды муну эске алууга чакырган. Ал Украина жарандык авиация үчүн коркунуч жаратпай турганын, бирок Орусиянын асманында дрондор болушу мүмкүн экенин белгилеген.
Украина бийлиги тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жана атышууну токтотууга качан болбосун даяр экенин билдирип келет. Орусия болсо бир катар талаптардын аткарылышын, анын ичинде украин аскерлеринин Донецк облусунан чыгарылышын негизги шарт катары карманууда. Зеленский буга чейин Путиндин Москвага келип сүйлөшүү жүргүзүү тууралуу чакыруусун олуттуу жана кабыл алынчу сунуш катары көрбөй турганын билдирген.
АКШнын президенти Дональд Трамп 2-сентябрда Ак үйдө журналисттер алдында сүйлөп жатып Орусия менен Украинаны согушту токтотууга чакырды.
«Мен Орусия менен да, Украина менен да, баары менен жакшы мамиледе болууну каалайм. Бул бизнес үчүн эң сонун болмок», – деди Трамп.
Ал ошондой эле Путин менен жолугушууга даяр экенин, бирок согуш аяктоого жакындаганда өткөрүү максатка ылайыктуу деп эсептей турганын айтты.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жакынкы апталарда Вашингтон Орусия менен Украинанын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайрадан улантуу мүмкүнчүлүгүн аныктоого аракет кыларын билдирген. Анын айтымында, эки тараптын тең так аныкталган «кызыл чеги» бар жана Трамптын администрациясы ошол позицияларды жакындатууга аракеттенет.
Быйыл жыл башында Анкорижде Трамп менен Путиндин жолугушуусунан кийин АКШнын ортомчулугу менен Орусия жана Украинанын өкүлдөрү бир нече ирет сүйлөшүү өткөргөн. Мындай жолугушуулардын акыркысы февраль айында өткөн. АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясы башталгандан кийин сүйлөшүүлөр токтоп калган.
Шерине