Журналисттер, блогерлер бийликтин көрсөтмөсү менен эмес, мыйзамдын негизинде камалып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновдун YouTube каналына курган маегинде айтты.
Жапаров отуз жылдан бери парламентте бийликке асылгандар болгонун, бир кезде өзү да аларга суктанганын, кийин 2005-жылы саясатка келгенде "демагогияны" өз көзү менен көрүп, көңүлү калганын белгиледи.
"Блогерлер деле ошолорду туурады да. Тигини деле, муну деле тартышат, анан "кокуй, бул туура эмес, ал туура эмес" деп кыйкыра беришет. Анткени тигилерден үлгү алган да. Анан мыйзамдар түзүлдү, жоопкерчилик алышты. Туура эмес маалымат таратсаң, бирөөнүн беделине шек келтирсең жооп бересиң деп. Аларды мен каматкан жокмун да, "кама" деп дагы айтпайм. Мыйзам каматат. Аларды суроо Ички иштер министрлигинин, УКМКнын милдети. Тартип деген болуш керек. Тартип болбосо, мамлекет чачырап кетет. Айрым учурда 5-10 суткага камашы мүмкүн", - деди Жапаров.
Президент Кыргызстанда мыйзам иштегени үчүн "кемпирабадчылар" 100% акталганын, акын Аскат Жетигенди өзүн сөккөнү үчүн каматпаганын, буга башка себептер түрткү болушу мүмкүн экенин айтты.
Массалык башаламандыкка чакырды деп 3,5 жылга соттолуп, аялдар абагында жазасын өтөп жаткан Каныкей Аранованын иши тууралуу билбей турганын айтып, өзүнө жазып алды.
Абактагылардын ырайым сурап жазган катын окуп, айрымдарына боору ооруп эркиндикке чыгарып жибергенин да кошумчалады.
Бирок "айкөлдүк, жумшактык коркоктук эместигин", революция кылабыз деп ар кимден акча топтоп, өз жакындарын абакка салгандар барын, аларды өзүнө атаандаш деп эсептебей турганын белгиледи.
- Жарандык активист, ырчы Аскат Жетигенди бийликти сөккөнү үчүн 2024-жылы Бишкектин Свердлов райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча актаган. Кийинки инстанциялар бул чечимди күчүндө калтырган. Анын жаза мөөнөтү быйыл, 19-августта бүтөт.
- Каныкей Аранова Фейсбукта пикир жазды деп айыпталып, 2024-жылы 28-июнда Бишкек шаардык соту 3 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") жана 330-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") боюнча айыптуу деп табылган. Жалгыз бой келин кызы 14кө чыкканча жаза мөөнөтүн жылдырууну суранып келет.
Кыргызстандын бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги жана адам укуктары корголорун кайталап келет. Бирок эл аралык уюмдар соңку жылдары пикир үчүн соттолгондор көбөйгөнүн, жарандык коомго, журналисттерге кысым күчөгөнүн белгилешет.
Быйыл апрель айында Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму жылдык баяндамасын жарыялап, Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда жарандык коомго кысым күчөп жатканын билдирген.
Май айында "Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюму басма сөз эркиндиги боюнча жаңы докладын жана 180 өлкөнүн рейтингин жарыялаганда Кыргызстандын көрсөткүчү былтыркыга салыштырмалуу эки баскычка ылдыйлап, 146-сапка жайгашканы белгилүү болгон. (ST)
Шерине