Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Август, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Жапаров Ташиевди президент кылуу планы болгонун билдирди

Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев. Коллаж.
Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев. Коллаж.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров азыркы мөөнөтү бүткөндөн кийин УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди "президент кылуу" планы болгонун билдирди. 13-августта журналист Али Токтакуновго курган маегинде ал Ташиев "дос бойдон кала берерин", бирок аны кызматка алып келүү планы эми жок экенин айтты.

Жапаров "20 жылдан бери дос болгон" Ташиевдин "эмгеги, ийгиликтерге салымы бар экенин", "беш жыл жакшы иштеп бергенин" белгилеп, бирок "жакындарына, классташтарына, группалаштарына жакшы көз сала албай калганы анын кемчилиги" болгонун, кызматтан ошондуктан кеткенин кошумчалады.

"2027-жылы өзүм шайлоого барбай эле, ушу даяр болуп калса, жакшы иштеп калды, тажрыйба топтоп даяр болуп калса Камчы катышса, мен катышпай эле Камчыны президент кылып коюп, эс алууга кетсемби деген өзүмдүн планым болгон. Ушул мөөнөттөн кийин. 2027-жылы январда шайлоо болот да. Ушундай кылсам деген планым болгон. Өзүнө эки-үч жыл мурун айткам. "Даяр болгун, айлана-тегерегиңди тазала, тарбияла" деп келгем. Анан, карасам, даяр эмес. Эл эми биригип, бир Кыргызстан болуп баратса анан "сен тияктасыңбы же бул тараптасыңбы" деген болбойт. "Мен сени кызматтан алып жатам ошол үчүн, капа болбо. Кийинки шайлоого катышам десең шарт түзүп берем" деп айткам.

Журналисттин "Сиз айтып туруп алдыңыз беле? Ал күтүүсүз болду деген эле" деген суроосуна:

"Жо-ок, өзүнө айтып туруп эле алгам. Ал Германияда жаткан. Телефондон "Мына ушундай болуп жатат биякта, чатак, парламентте экиге бөлүп жатат" десем "Болду, сенин чечимиң, эч кандай немем жок" деди", - деп жооп берди.

Жапаров Ташиев экөөнүн ортосунда "мен болоюн, андан кийин сен" деген соодалашуу эч качан болбогонун билдирди.

Президент соңку эки жылдан бери Ташиевге эл арасында "криминалдын буюмдарынын жарымын төгүп, жарымын менчиктеп алып жатат, "кустургандардын" жарымын чөнтөгүнө "кустуруп жатат" деген сөз бар экени тууралуу айтып, бирок ал "Мен барып текшердим, баары таптаза экен" деп жооп берип келгенин айтты.

"Кызматтан алгандан кийин бүт чыкканда башын шылкыйтып келип "Ооба, мен ката кетирипмин" деп айтты", - деди президент.

Жапаров Ташиевди ал кызматтан алынгандан кийин эки жолу кабыл алганын айтып, сот ишине кийлигишпей турганын белгиледи.

УКМКнын мурдагы төрагасы 2027-жылы боло турган президенттик шайлоого барбай турганын жана бул өнөктүктө президент Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдой турганын 16-июлда билдирген.

“Бул дагы менин көптөн бери айтып келе жаткан так позициям экенин билесиздер. Себеби өлкөнүн туруктуулугу, мамлекеттин кызыкчылыгы жана элдин ынтымагы баарынан жогору турат. Мен мамлекетчил жана мекенчил адам катары, досум Садыр Нургожоевичти колдоймун. Досумду колдоо менен мен мамлекетибиздин өнүгүүсүн, элибиздин биримдигин жана Кыргызстаныбыздын келечегин колдогонум деп билемин. Мен мамлекетиме кызмат кылып келатканыма сыймыктанам. Элимдин алдында, Жараткан Кудайдын алдында абийирим таза. Элим менен мамлекетим үчүн ак кызматымды мындан ары да улантам”, - деп жазган Фейсбуктагы кайрылуусунда Ташиев.

2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “75чилердин каты” боюнча өкүм чыгарган. Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевди Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, төрт жылдан абакка кескен.

Сот ушул эле берене менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевди, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду да күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыраткан.

Судья айыпталуучуларды “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча актап, баарына үч жылдык пробация берген.

Өкүмдө сегиз кишинин мүлкү мамлекетке алынары да жазылган.

Февраль айынан бери камакта жаткан беш адам - Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов сот залынан бошотулган. (RK)


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG