Бишкекте электробустагы мушташка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") менен иш козголду.
Свердлов районунун ички иштер башкармалыгы учурда сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүүдө.
11-августта Бишкек шаарынын Аламүдүн базарынын жанынан №2 электробуска түшкөн эки жүргүнчү аял уруша кеткен.
Мындан кийин 1963-жылы туулган К.Ф. жана 1992 -жылы туулган П.А. милицияга жеткирилген.
63 жаштагы аял жергиликтүү медиалардын бирине окуя боюнча интервью берип, кашы жарылганын айткан. Анын айтымында, автобуста телефон карап отурган кыздан башка аялга орун бошотуп берүүнү суранган, андан кийин өзү башка орунга отурган. Бирок эки-үч аялдамадан кийин кыз жанына басып келип, ийининен тартып телефон менен бетке уруп жиберген.
34 жаштагы кыз дагы мушташ тууралуу Инстаграм баракчасына өз жүйөсүн жазды. Анын айтымында, телефондон зарыл иштерин бүтүрүп жатып жанында турган улуу аялды көрбөй калган, ал орун бошотууну орой түрдө талап кылганда туруп берген. Бирок аял ата-энесине асылып, тилдей бергендиктен аны көрбөй калганын түшүндүрүү үчүн жанына басып барган. Ошол маалда улгайган аял ага кол көтөрүп, чачтан алган.
Учурда социалдык тармакта бул окуя боюнча кызуу талкуу жүрүп жатат. Айрымдар улгайган аялды жактаса, башкалары видеону толук чыгарууну талап кылып, жаштар карыларга орун берүүгө милдеттүү эместигин, бирөөнүн баласына кол көтөрүп же урушууга эч кимдин акысы жоктугун жазышууда.
Бул Бишкекте автобус ичинде аялдар чачташкан биринчи чыр эмес. 2025-жылы 20-сентябрда Бишкекте №212 автобуста эки жүргүнчү урушуп, кош бойлуу келин оор абалда ооруканага жеткирилген. Ага кол көтөргөн 2005-жылы туулган балалуу келин дагы кош бойлуу болгон. Милиция анда дагы "Бейбаштык" беренеси менен иш козгогон.
Бишкек мэриясынын маалыматында, борбор калаада күнүнө каттамга 1200 автобус чыгат. Социалдык тармактын колдонуучулары коомдук транспортто жүрүү маданияты айдоочуларда да, жүргүнчүлөрдө да калыптана электигин айтып келишет. (ST)
Шерине