Украинанын дрондору Орусияга караштуу Башкырстанга дрондор менен сокку урду. Республиканын башчысы Радий Хабиров билдиргендей, "дрондордун биринин калдыгы Салават өнөр жай аймагына түшүп, өрт чыкты".
Ал дрон сыныктары кайсы ишканага тийгенин тактаган жок.
Украиналык Exilenova+ жана Supernova+ мониторинг каналдары Орусиядагы эң ири мунайы кайра иштеткен жана мунай-химиялык комплекстердин бири болгон "Газпром нефтехим Салават" компаниясына сокку урулганын жазышты. Аталган ишкана Украина менен чек арадан 1300дөй чакырым алыстыкта, Салават өнөр жай зонасында жайгашкан.
Ишкана буга чейин бир нече жолу соккуга кабылган. Украин армиясынын быйыл 14-июлга караган түндөгү чабуулунан кийин завод ишин токтоткон болчу.
Шерине