Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:11

Эдил Байсалов: "Баары мактап гана турушу керек деген саясаттан кетүү зарыл"

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдил Байсалов “Азаттыкка” маек курду. Ал АКШ менен алака, визалык чектөөлөр, Кыргызстандагы учурдагы саясий абал тууралуу суроолорго жооп берди. Элчи бийликтин көңүл бурушу зарыл болгон көйгөйлөрдү тизмектеди.

АКШнын визалык саясатында өзгөрүү болушу кыйын

- Эдил мырза, сиздин Америка Кошмо Штаттарына элчи катары кызматка киришкениңизге, жаңылбасам, үч айга жакын убакыт болду. Элчи катары АКШ менен Кыргызстандын учурдагы алака-катышынын деңгээлин кандай баалайсыз?

- Америка Кошмо Штаттары, албетте, чоң держава. Бул өлкө биздин эгемендигибизди биринчилерден болуп таанып, 1990-жылдардын башынан тартып көз карандысыздыгыбызды бекемдөөгө, эл аралык уюмдарга интеграцияланышыбызга жана дүйнөлүк коомчулукка аралашуубузга түздөн-түз салым кошуп келе жатат.

АКШ менен Кыргызстандын мамилесин эң жакын деп айтпасам да, ишенимдүү өнөктөштүк мамиле деп атай алабыз. Кошмо Штаттар биздин улуттук эгемендигибизди жана суверенитетибизди өзүнүн улуттук кызыкчылыгы катары жарыялаган мамлекет.

Бирок азыркы алакаларды толук канааттандырарлык деп эсептебейм. 2010-жылдардан, айрыкча 2015-жылдан тартып АКШ менен мамилеге жетиштүү көңүл бурбай койдук.

Байсалов: Жапаров менен атаандашам дегендер шайлоого чыксын
please wait

No media source currently available

0:00 0:55:40 0:00

Мына, соңку беш жылда мамлекетибиздин экономикалык өнүгүүсү туруктуу жолго түшүп, көп векторлуу саясатты күчөттүк, тышкы саясатыбыздын жаңы доктринасы да бекитилди.

Учурда АКШ менен мамиледе олуттуу көйгөй жок. Бирок бул өлкө менен алаканын бардык мүмкүнчүлүгүн жана потенциалын толук пайдалана албай жатабыз деп айтсам болот.

- Кыргызстан менен АКШнын мамилеси тууралуу сөз кылганда соңку учурда дал ушул өлкөнүн виза саясатына байланыштуу жаңы эрежелер, жаңы чектөөлөр талкууга түшүп, кызыгуу жаратууда. Тышкы иштер министрлиги бул жаатта эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат дегени менен кайсы бир жыйынтык тууралуу сөз жок. Анан АКШдагы элчинин ишмердигин баалай келгенде жөнөкөй жарандар дал ушул жаатта кайсы бир өзгөрүү, жыйынтык болобу деген суроо азыр көпчүлүктү кызыктырат. Кыргыз жарандарына америкалык виза жаатында жылыш болчудайбы?

- Эми, биринчиден, бул өздөрүнүн саясаты. Суверендүү мамлекет катары алардын биздин алдыбызда эч кандай милдети жок. Бизди кандай киргизет, кандай шарт коёт, бул өздөрүнүн эрки.

Быйыл январь айында Америка Кошмо Штаттары ушундай жаңы саясатын жарыялар замат, мен ошол учурда өкмөт башчынын орун басары катары, ошондой эле Американы жакшы билген адам катары, биз да АКШ жарандарына виза киргизишибиз керек деп дароо айткам.

Дагы бир жолу белгилегим келет: бизди киргизеби, киргизбейби, кандай шарт менен киргизет, аны алар өздөрү чечет, бул алардын суверендүү укугу. Ошол эле учурда биз дагы сүйүктүү Ала-Тоо жергебизге келүүнү каалаган алардын жарандарынан 100 долларбы, 200 долларбы, акы алып, виза киргизип коюшубуз керек. Бул Кыргызстанга келүүнү каалаган туристтердин санына эч кандай таасир этпейт деп ойлойм.

Бирок саясий жагынан алганда, АКШ бийлигинин азыркы саясатын түшүнүү менен кабыл алышыбыз керек. Анткени Мексиканын түштүк чек арасы аркылуу миллиондогон адам мыйзамсыз кирип кеткен.

Ал эми биздин жарандарга карата визалык талаптарды катаалдатууга байланыштуу алар 2020-2021-жылдары бул өлкөгө виза менен келген жарандардын 20 пайызы, башкача айтканда бештен бири мыйзамсыз калып калганын айтып жатышат. Биз аларга азыр кырдаал башка экенин, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүбүз өскөнүн айтып жатабыз. Бирок мен жогоруда белгилегендей, АКШда мыйзамсыз калып калган жарандарыбыздын санын жана бул көрсөткүчтү төмөндөтүү зарыл болуп турат.

Албетте, сиз жөнөкөй элдин көз карашында виза маселеси негизги критерий болуп жатканын айтып жатасыз. Бирок бул, албетте, негизги критерийге кирбейт. Анткени бул америкалыктардын өз укугу.

- Бирок, элчи бул эки тараптуу мамилелерди жакындаштырган, кайсы бир маселе чыкса аны чечип, ортомчу боло турган мамлекеттик кызматкер. Сиздин контр чараларды көрүү керек дегениңиз канчалык туура?

- Бул контр чаралар эмес. Мен мурдагы өкмөт башчынын орун басары болуп иштеп жүргөндөгү сунушумду айтып жатам. Мисалы, 40тан ашык өлкөнүн жарандарына визасыз режим киргизүүгө салым коштум деп ойлойм. 2011-2012-жылдары Өмүрбек Бабановдун өкмөтү ушул режимди киргизгенде аны абдан колдогом.

Бирок ошондон бери менин көз карашым өзгөрдү. Биздин мамлекетке келген турист, жок эле дегенде, 100 доллар төлөшү керек деп эсептейм. Биз баягы романтикалык учурдан өттүк. Болбосо, чет өлкөлүк турист жөн эле келгени үчүн сүйүнүп жүргөн учурларыбыз болгон.

Байкасаңыздар, азыр казак бийлиги да ушундай демилгени көтөрүп жатат. Тагыраагы, визасыз режим сакталат, бирок өлкөгө кирген ар бир конок акы төлөшү керек деген позицияны карманууда.

Ал эми АКШга виза алуудагы жаңы эрежелер боюнча айта турган болсок, ал тизмеде биздин мамлекет менен катар Монголия, Грузия сыяктуу өлкөлөр да бар. Мен элчилик кызматка киришкенден кийин дал ушул визалык саясат боюнча мамлекеттик катчынын орун басарлары менен сүйлөшүп, маселени түз койгондо, алар өзгөрүү болбой турганын ачык эле айтышты.

Мен ал жоопту өз өкмөтүмө да жеткиргем. АКШнын азыркы бийлиги, тескерисинче, бул тизмени кеңейтүүнүн үстүндө иштеп жатат. Ошентсе да, биз аракетибизди уланта беребиз. Бирок эмнеси реалдуу, эмнеси реалдуу эмес экенин жакшы билишибиз керек.

Виза маселесине келгенде, жалпы алганда алардын саясаты, өзүңөр билгендей, изоляционизмге ыктап жатат. Алар бизге эле эмес, өздөрүнүн союздаштарына кандай мамиле кылып жатканын да көрүп жатасыздар.

“Президенттин үч катасын айта алам”

- Эми ички саясатка кайтсак. Сиз өкмөттө турган учурда да өлкөдө болуп жаткан саясий процесстер, абал боюнча өз пикириңизди байма-бай айтып келгенсиз. Албетте, дипломатиялык кызматтын өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Ошентсе да, ички саясат тууралуу сурагым келип жатат. Мына, Кыргызстанда президенттик шайлоо жакындап калды. Адатта шайлоо цикли башталгандан тартып саясий дискуссия да күчөйт. Соңку учурда өкмөттүн, президенттин дарегине бир катар сын пикир айтылып жатат. Сиз алыста, АКШда соңку төрт-беш айда иштеп жатып өлкөдөгү соңку абалды кандай баалайт элеңиз?

- Албетте, чоң майрамды белгилеп жатабыз. Эгемендигибиздин 35 жылдык мааракеси. Бул датаны чоң кубаныч менен тосуп жатабыз. Бирок, менин пикиримде, үч катачылыкты көрүп жатам. Өзүмдүн президентим Садыр Нургожоевич Жапаровдун үч катасын айтайын.

Биринчиден, өзүнчө саясий күч же саясий партия түзбөйм, бардыгы менен иштешем деп аракет кылды. Бирок анын кесепети сезилип жаткандай. Баары аны колдоп жатышат, ошол эле учурда бирөө дагы чыгып болушуп койбойт.

Мен муну көрүп, өзүм өтө ардандым. Ушунчалык эбегейсиз ийгиликтерге жетишип алып, негизсиз сындын бутасына туш болуп жатат. Ошол эле Бөлтүрүк менен Сыргак Кенжебаевдин айткандарына тийиштүү жооп берилбей жатканын айтып жатам.

Мунун баары саясий күчтүн, саясий платформанын, саясий партиянын жоктугунан болуп жатат.

- Президенттин командасы жокпу?

- Ошондой болуп чыгып жатпайбы. Экинчи маселе, баарыбыз, бардыгы мактап турушу керек деген түшүнүк. АКШнын Эл аралык республикалык институтунун сурамжылоосунда президенттин рейтинги 93 пайызга чейин жеткенин көрсөтпөдү беле. Ошол учурда колдоо чындап эле ушундай деңгээлде болгон.

Бирок ошондо эле президенттин рейтинги мындан ары төмөндөй баштай турганын айткам. Үч-төрт жыл бою 90 пайыздык көрсөткүчтү сактап туруу мүмкүн эмес. Кандай гана эл, кандай гана коом болбосун, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Ошондуктан президент чыгып: «Мага кийинки шайлоодо 50 пайыз плюс бир добуш эле жетиштүү болот» деп айтып коюшу керек. Калганыңар мени кийин түшүнөсүңөр, 50 жылдан кийин түшүнсөңөр да мейли деп, тарых үчүн иштеши керек. Туташ, колоссалдуу колдоо зарыл деген түшүнүктүн деле кереги жок. Баары мактап гана турушу керек деген саясаттан кетиш керек.

Дагы бир көйгөйүбүз, биз чоң саясатты, чоң экономиканы, геосаясатты ашканадагы, абысындардын деңгээлиндеги талкууга чейин түшүрүп салдык. Ушунчалык ыплас деңгээлге түшүрүп салдык.

- Бул кимдин күнөөсү?

- Бизде ошол институттар, журналистика, интеллигенция жетишерлик деңгээлде иштебей жатат, бардыгы унчукпай отурушат. Биз өзүбүз ушул деңгээлге түшүрүп салдык. Мисалы, бирөө чыгып алып “ушул карызды албаш керек” десе, аны бүтүндөй эл сүйлөп жаткандай кабыл ала баштадык. Интеллигенция унчукпай отурат. Же баары “дежур чалдар”, же негизсиз эле сындай баштайбыз.

Бизде ушундай маселелерде элита болушу керек. Мындай талкууларды элитага, мамлекет башчыга тапшырып, ишеним көрсөтүшүбүз керек. Тегерегиндеги Жогорку Кеңеш, өкмөт, саясатты түшүнгөн адистер, эксперттер, экономисттер, саясат таануучулар билсин.

Болбосо, биздин коомдук талкуу ушунчалык төмөн деңгээлде болуп калды. Мен кадимкидей уялам. Уяламын. Бул уят.

- Мындай кырдаал саясий оппозиция, жарандык лидерлер, парламент маселесине келгендеги басымдын, камоолордун, кылмыш иштерин ачуунун кесепети эмеспи?

- Бул өткөөл учур болду. Катачылыктар, аша чапкан учурлар болду. Акын сын айтса, жоопко тартылган учурлар да болду. Бирок консолидация биз үчүн абдан маанилүү. Анткени биз айрым нерселерди туура эмес түшүнүп алдык. Мен бул маселеде өзүмдүн да жоопкерчилигим бар экенин түшүнөм, мойнума алам.

Мен, мына, биринчи президентти да, экинчи президентти да сындадым, Алмаз Шершеновичке душман болуп жүрдүм. Ошол сыңары негизсиз сындай берген өнөкөт пайда болду. Көбүнчө жумуш жок болгондуктан жаш балдар ушундай нерселерге аралашат.

Биздин гениалдуу режиссёр тарткан «Белгисиз маршрут» тасмасындагыдай, автобуска отуруп алып эле талашып-тартыша бергенге көнүп алдык. Автобус азыр жүрдү. Баарыбыз унчукпай эле отурушубуз керек. Мына, айдоочу алып барат.

Азыр толугу менен тартип орноду дегенден мен алысмын. Бирок азыркы бийлик дагы чөйрөнү түзүшүбүз керек, кеңейтишибиз керек. Ар бир сын айта берген адамдын артынан түшө берсек, бул, албетте, жакшылыкка алып келбейт.

- Бирок сиз ушул өкмөттө турган учуруңузда, керек болсо “Азаттыктын” студиясында тарбиялоо керек, камакка алууну тарбиялап коюу ыкмасы деп атаган элеңиз...

Ал учурда басылбай койбодубу. Мисалы, ошол эле «Ынтымак ордо» курулуп жатканда, тигил «Ысык-Көл» мейманканасы бузулбасын, өлүп берем деген адамдар чыкпадыбы. Жок, басылган жок да. Бир айтты, эки айтты, үч айтты. Таптакыр укпагандар да чыкпадыбы.

Социалдык араздашуу деген түшүнүк бар. Бийликке сын айтып койгондун баарына эле «Бийликти күч колдонуп басып алууга аракет» деген беренени колдонуу туура эмес. Бирок мамлекеттин консолидациясы толугу менен аяктап калды, ушуну менен болду, тиги «мокочо байкебиз» жок, азыр каалаган сөзүбүздү айта беребиз дегенден алыс болушубуз керек. Мамлекетибиздин консолидациясы аяктай элек.

Мен сизге дагы бир жолу айтып жатам. Бизде көптөгөн институттар жетишпейт. Ошол эле журналистика, ошол эле коомдук пикир, ошол эле экспертиза. Азыр бирөө чыгып алып «630 миллион долларды уурдады» десе, элдин жарымынан көбү ошого ишенип жатпайбы. Ушул кантип болсун?

- А бирок ошол тарбиялоону ким көзөмөлдөш керек? Коомдук институттар, коомдук көзөмөл болот деген адамдар басымга кабылып жатса...

- Биз “сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” дегендей болуп жатабыз. Мисалы, мындан беш жыл мурда Садыр Жапаровго ишенбеген, аны эң жаман көргөн адамдар дагы азыр жакшыны жакшы деш керек деп айтып жатышат. “Муну курдуң, дагы көп нерсе куруп жатасың, бюджетти көбөйттүң, керек болсо БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланып, эл аралык орбитага чейин жеттик” деген сыяктуу баа берилип жатат. Албетте, катачылыктар да көп. Бирок Садыр Жапаровдун тарыхый президенттиги ийгиликтүү болду. Ошондуктан, эмки жылы дагы бир мөөнөткө элибиз шайлап берет деп ишенем. Ал мөөнөттүн жыйынтыгында ийгиликтер мындан он эсе көп болушу керек. Биз ошого баарыбыз иштешибиз керек.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG