Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:36

БУУнун Коопсуздук кеңеши: Кыргызстан эки жылда эмне сунуштайт?

Иллюстрациялык коллаж. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана БУУнун имараты, жыйыны
Иллюстрациялык коллаж. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана БУУнун имараты, жыйыны

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. 3-июнда өткөн шайлоодо Азия-Тынч океан аймагына бөлүнгөн орун үчүн Филиппин менен ат салышып, 4-жолку добуш берүүдө 142 мамлекеттин добушун алды.

Бир караганда бул кадимки эле шайлоо сыяктуу көрүнүшү мүмкүн. Бирок дипломатиялык чөйрөлөрдө бул өнөктүк акыркы жылдардагы эң кызыктуу таймаштардын бири катары бааланууда.

Бир нече ай мурда бул жарышта Филиппиндин жеңиши дээрлик анык көрүнгөн. Бирок акыркы апталарда Кыргызстандын активдүү дипломатиялык аракеттерин күчөткөндөй.

Анткени кеп жөн гана эки өлкөнүн атаандаштыгында эмес, дүйнөлүк саясатта кайсы аймактын үнү катуураак жаңырышы керек деген чоң суроодо болуп жатат.

Кыргызстан шайлоодо жеңсе, өлкө тарыхында биринчи жолу Коопсуздук кеңешине мүчө болот. Ошондой эле Казакстандан кийин бул органга шайланган Борбор Азиядагы экинчи мамлекет болуп калат.

Дүйнөнүн эң таасирдүү уюму

Коопсуздук кеңеши эл аралык тынчтык жана коопсуздук маселелерин караган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эң таасирдүү органы болуп саналат.

Ал санкцияларды киргизүү, тынчтык орнотуу миссияларын жөнөтүү, куралдуу операцияларга уруксат берүү жана дүйнөдөгү негизги жаңжалдар боюнча чечим кабыл алуу укугуна ээ.

Кеңештин курамында 15 мамлекет бар. Алардын бешөө АКШ, Кытай, Орусия, Франция жана Британия туруктуу мүчөлөр болуп эсептелет жана вето укугуна ээ.

Калган он өлкө эки жылдык мөөнөткө шайланат.

Кыргызстан ушул күнгө чейин Коопсуздук кеңешине эч качан мүчө болбогон 59 мамлекеттин бири. Расмий Бишкек акыркы жолу 2011-жылы аракеттенип, анда Пакистанга утулуп калган.

Бул жолу жагдай башкача. Акыркы жылдары Кыргызстан бардык коңшулары менен чек ара маселелерин жөнгө салууга жетишти. Натыйжада Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын колдоосуна ээ болду. Ошондой эле Түркия, Азербайжан баштаган түрк тилдүү мамлекеттер жана Ислам кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн көпчүлүгү Кыргызстандын талапкерлигин жактап жатышат.

Дипломаттардын айтымында, Бишкектин максаты биринчи айлампада атаандашына жеңилүүгө жол бербөө жана добуш берүү бир нече айлампага созулган шартта көбүрөөк колдоо топтоо болуп саналат.

Байсалов: Жеңишке жетүү кыйын болуп турат

Добуш берүүнүн алдында Кыргызстандын Кошмо Штаттардагы элчиси Эдил Байсалов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

-Эдил мырза, бир нече сааттан соң Нью-Йоркто добуш берүү болгону турат. Коопсуздук кеңешине мүчө болуу Кыргызстан үчүн эмнеге маанилүү? Бул өлкөгө эмне берет?

-Албетте эгемен мамлекет болгондон кийин, Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү болгондон кийин бул Кеңешке кирүү биз үчүн маанилүү. Быйыл төбөлсүздүккө жеткенибизге 35 жыл болот. Соңку беш жыл ичинде туруктуу өнүгүүгө карай бет алдык. Биз дагы дүйнө жүзүндө болуп жаткан ар кандай кризистерди чечүүгө, эл аралык саясатка катышууга укугубуз бар. Бул биздин милдетибизге дагы кирет.

-Азыр дүйнөдө абал оңой эмес, Улуттар Уюмунун өзүнүн кадыр-баркына байланыштуу сын-пикир арбын. Ушундай шартта Кыргызстан коопсуздук кеңешине кирсе кандай маселелерди көтөрөт?

-Биз албетте Бириккен Улуттар Уюмунун уставын колдойбуз. Бул уюмдун керектиги, маанилүүлүгү боюнча ар кандай сын-пикирлер айтылып, чабуулдар болуп жатат. Бул сындар жүйөөлүү-жүйөөсүз болсо да БУУга азырынча альтернатива жок. Ошондуктан, Кыргызстандай өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин кызыкчылыгын коргойбуз. Өнөктүк маалында дагы ошондой кичинекей, өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин колдоосуна ээ болдук деп айта алам.

-Президент Жапаров "тарыхый адилетүүлүк" үчүн Кыргызстан Коопсуздук кеңешине мүчө болушу керектигин белгилеген. Кыргызстандын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүн кандай баалайт элеңиз?

-Азыркы учурда бир канча кризистер болуп жатат. Негизгиси, Иран менен Араб мамлекеттеринин ортосундагы тирешүү. Мунун айынан, биз да өтө ыңгайсыз абалга кептелип калдык. Себеби, Шанхай Коопсуздук Уюмуна төрагалык кылган мамлекет катары бизге дагы бейтарап болуп туруу өтө оор болуп калды. Анан албетте, азыркы биздин атаандашыбыз Филиппин бул абдан чоң мамлекет. Филиппин орточо өнүгүп жаткан мамлекеттердин арасынан экономикада болобу, башка багыттарда болобу алдыда турат. Бул өлкө Батыштын, Американын колдоосуна ээ азыр. Биздин Тышкы иштер министрлиги абдан жакшы өнөктүк өткөрдү. Кыргызстандын БУУдагы туруктуу элчиси Аида Касымалиева дагы абдан аракет көрүп, чоң эмгек жасады. Бирок азыркы учурда абал өтө кыйын болуп турат.

Бишкек эмнени сунуштоодо?

Кыргызстандын дипломаттары өз өнөктүгүн чакан мамлекеттердин, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жана дүйнөлүк саясатта жетиштүү өкүлчүлүккө ээ эмес мамлекеттердин үнүн күчөтүү идеясынын айланасында куруп жатат.

Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева дебаттардын биринде сүйлөп жатып муну баса белгиледи.

"Өзүбүздүн гана кызыкчылыкты эмес, өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин, чакан өлкөлөрдүн, тоолуу мамлекеттердин, деңизге чыга албаган өлкөлөрдүн, чакан арал мамлекеттеринин жана дүйнөлүк башкарууда чоңураак роль ойноону каалаган жаңы өнүгүп жаткан коомдордун добушун угузууга жардам берүү үчүн келдик. Эгер бизге бул жоопкерчилик ишенип тапшырылса, Кыргызстан өз милдетин жөнөкөйлүк, кесипкөйлүк, көз карандысыздык жана жигердүүлүк менен аткарат", - деди ал.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев да Коопсуздук кеңешиндеги ачык дебатта бүгүн дүйнөдө эл аралык институттарды жаңылоо зарыл экенине токтолду.

"Айрым мамлекеттер үчүн бир эрежелер, башкалары үчүн башка эрежелер иштеген дүйнө туруктуу боло албайт", - деген министр Коопсуздук кеңеши "жабык клубга" айланып калбашы керек экенин айтты.

Кулубаев ошондой эле Азия, Африка жана Латын Америкасынын өкүлчүлүгүн кеңейтүү аркылуу Коопсуздук кеңешин реформалоону сунуштады.

Анын пикиринде, дүйнө дээрлик 80 жыл мурда түзүлгөн тартиптен олуттуу өзгөрдү. Бүгүнкү климаттын өзгөрүшү, азык-түлүк коопсуздугу, энергетикалык кризистер, киберчабуулдар жана эпидемиялар сыяктуу маселелерди бир дагы мамлекет жалгыз чече албайт.

Кыргызстан үчүн эмнеге маанилүү?

Коопсуздук кеңешине мүчө болуу Кыргызстан үчүн бир нече стратегиялык артыкчылык берет.

Биринчиден, өлкө дүйнөлүк коопсуздук күн тартибин калыптандырууга жана эл аралык кризистер боюнча чечим кабыл алууга түз катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Экинчиден, бул Кыргызстандын дипломатиялык салмагын жана эл аралык кадыр-баркын жогорулатып, дүйнөнүн эң таасирдүү мамлекеттери менен түз иш алып барууга жол ачат.

Үчүнчүдөн, Бишкек Борбор Азиянын көйгөйлөрүн, анын ичинде суу ресурстары, чек ара коопсуздугу, климаттын өзгөрүшү жана тоолуу өлкөлөрдүн муктаждыктары сыяктуу маселелерди дүйнөлүк деңгээлде көтөрүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк алат.

БУУдагы эски талаш

Чынында Кыргызстан көтөрүп жаткан маселе жаңы эмес.

БУУнун Башкы ассамблеясы Коопсуздук кеңешин реформалоо маселесин 1993-жылдан бери талкуулап келет. Бирок отуз жылга жакын убакыттан бери жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр азыркыга чейин натыйжа бере элек.

Азыркы түзүмгө Африка менен Латын Америка өлкөлөрүнүн бири дагы туруктуу мүчө эмес. Ошол эле учурда Африка өлкөлөрү БУУга мүчө мамлекеттердин төрттөн бирине жакынын түзөт.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш былтыр октябрда Коопсуздук кеңешин реформалоо "зарыл жана көптөн бери кечеңдеп келе жаткан маселе экенин" билдирген.

Анын айтымында, Африка, Латын Америкасы, Кариб аймагы жана Азия-Тынч океан өлкөлөрү тынчтык орнотуу аракеттеринин негизги жүгүн көтөргөнү менен чечим кабыл алуу процессинде жетиштүү өкүлчүлүккө ээ эмес.

Таймаштын артындагы геосаясат

Бул шайлоо дүйнөдөгү ири державалардын кызыкчылыктарын да чагылдырат.

Филиппин АКШнын Азиядагы эң жакын өнөктөштөрүнүн бири болуп эсептелет. Тайванга жакын жайгашкан өлкө катары ал Вашингтондун Кытайды ооздуктоо стратегиясында маанилүү орунду ээлейт.

Филиппин өз өнөктүгүндө эл аралык деңиз укугун жана Түштүк-Кытай деңизиндеги эркиндикти коргоо маселелерине басым жасап келет.

Кыргызстан болсо Кытай менен Орусиянын колдоосуна таянат деген сөздөр айтылып келет.

Бирок Бишкек өзүн кайсы бир блоктун өкүлү эмес, ар кандай тараптардын ортосунда көпүрө боло алган мамлекет катары көрсөтүүгө аракет кылууда.

Май айында президент Садыр Жапаров дүйнө лидерлерине кайрылып, чакан, өнүгүп келе жаткан жана деңизге чыга албаган мамлекеттердин өкүлчүлүгү жетишсиз болуп жатканын белгилеген.

"Биздин өлкө башка 60 мамлекет менен бир катарда Коопсуздук кеңешине эч качан мүчө болгон эмес. Ал эми биздин атаандашыбыз Филиппин буга чейин төрт жолу шайланган. Кыргызстандын шайланышы тарыхый адилеттүүлүктүн калыбына келтирилиши болмок", - деген Жапаров дүйнө өлкөлөрүн Бишкекти колдоого чакырган.

Борбор Азиянын ролу

Кыргызстандын өнөктүгү дагы бир маанилүү өзгөрүүнү көрсөтүп тургандай.

Узак убакыт бою дүйнөлүк саясатта чоң державалардын ортосундагы аймак катары каралып келген Борбор Азия акырындык менен өз алдынча саясий таасирге ээ боло баштаганын адистер белгилешет.

Вашингтон аймактагы сейрек кездешүүчү минералдарга кызыгуу көрсөтүүдө. Бээжин Кытайды Европа менен байланыштырган кургактагы жаңы жолдорду өнүктүрүүгө аракет кылууда. Москва болсо аймактагы таасирин сактап калууга умтулуп келет.

Мындай шартта Борбор Азия дүйнөлүк кызыкчылыктар кесилишкен стратегиялык мейкиндикке айланып баратат.

Ошондуктан 3-июндагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жөн гана Кыргызстан менен Филиппиндин таймашынын жыйынтыгы болбойт.

Ал БУУ бүгүн кимдин үнүн көбүрөөк угууга даяр экенин жана дүйнөлүк саясаттын борбору кайсы тарапка жылып жатканын көрсөткөн белги катары да кабыл алынышы ыктымал.

  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG