Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:06

Кэмерон: Кыргызстандын өнөктөштөрдү тандоо укугу болушу керек


Дэвид Кэмерон "Азаттыкка" маек берип жатат. 22-апрель, 2024-жыл. Бишкек
Дэвид Кэмерон "Азаттыкка" маек берип жатат. 22-апрель, 2024-жыл. Бишкек

Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Кыргызстанга иш сапары менен келди.  Ал Бишкектеги брифингден кийин "Азаттыкка" маек курган учурда Кыргызстандын өнөктөштөрдү тандоо укугу болушу керек экенин билдирди. 

Кэмерон ушул аптада чөлкөмдөгү беш өлкөнү жана Монголияны кыдырмакчы. Сапарын 22-апрелде Тажикстандан баштап, кечке жуук Бишкекке келди. Ал Борбор Азия менен алаканы жаңы деңгээлге чыгарууга аракет жасай турганын билдирүүдө. Кыргызстан үчүн иш сапардын мааниси канчалык? Кыргыз-британ кызматташтыгынын азыркы жагдайы кандай? Кыргызстан Британия менен кайсыл багытта кызматташат?

Улуу Британиянын тышкы иштер министринин Бишкек сапары Кыргызстандын эгемен тарыхында алгач ирет болууда. Ал чөлкөм боюнча саясий сапарын 22-апрелде Тажикстандан баштап, кечке жуук Бишкекке келди.

Дэвид Кэмерон Бишкектеги сапарын алгач "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы Үркүндө каза болгондордун эстелигине гүлчамбар коюу менен баштады.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулаган соң биргелешкен брифинг өткөрүштү.

Анда Кэмерон Кыргызстандын өнөктөштөрдү тандоо укугу болушу керек экенин билдирди.

Ал Кыргызстандын экономикалык жаатта Кытай баштаган өнөктөштөрү бар экенин, өлкөнүн өнөктөш тандоо укугу болуш керектигин белгиледи. Ал Кыргызстандын жетекчилиги менен бүгүнкү жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн кызматташтыгы талкууланганын жана аны өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экенин кошумчалады.

Кыргызстан суу ресурстарына бай экенине басым жасап, климат өзгөрүп жаткан шартта экологиялык долбоорлорду колдоо зарыл экенин, бул жаатта Британия орто, чакан бизнести колдоочу инвестициялык фонд түзөрүн кошумчалады.

Мындан сырткары жеке инвестициялар жаатында Кыргызстан менен кызматташып, мисалы, Бишкектеги стадионду курууга британиялык ишканалар катышып жатканын маалымдады.

Бишкек. 22-апрель, 2024-жыл
Бишкек. 22-апрель, 2024-жыл

Кэмерондун сапарынын үч багыты

Борбор Азия чөлкөмүнө аттанып жатып, ал өз өлкөсүнүн геосаясий мүдөөсү тууралуу билдирүү жасаган. Ал Борбор Азия менен алака үч багытта өнүгүшү зарыл деп эсептейт.

Биринчи багыт – дүйнөлүк тартип. Ар бир өлкөнүн эгемендиги жана аймактык бүтүндүгү Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) принциптерине ылайык корголушу керектигин белгилеген министр коррупцияга каршы күрөштүн, коопсуздук жаатындагы кызматташтыктын маанилүүлүгүн, Борбор Азия санкциядан кыйгап өтүү үчүн "көмүскө жолго" айланбашы керектигин айтты.

Соода жана инвестиция экинчи негизги багыт экенин белгилеген министр Британия чөлкөмдө энергетикалык натыйжалуу экономиканы калыптандыруу үчүн инвестиция жана технология жагынан жардам бере аларын кошумчалады. Бул сапары алкагында ал чакан жана орто ишканалар үчүн түз инвестиция жана венчурдук капитал боюнча борборазиялык алгачкы фонд түзөрүн билдирип, Бишкекте жалпы аймакты тейлей турган Concrete Canvas компаниясы ачылып жатканын ийгиликтүү мисал катары келтирди.

Үчүнчү багыт - билим берүү тармагы. Кэмерон Chevening программасы Борбор Азия үчүн каржылоосун эки эсе көбөйтүп жатканын, British Council, Pearson жана Cambridge Education компаниялары англис тилин үйрөтүүнүн стандарттарын көтөрүп, маанилүүлүгүн арттырып жатканына токтолду. Аялдардын жана кыздардын билим алуусуна да өзүнчө көңүл буруларын кошумчалады.

"Мына ушул үч маселени президент Садыр Жапаров жана Кыргызстандын өкмөтү менен талкуулоону чыдамсыздык менен күтүп жатам. Бишкекке келип, бул өлкөнүн жаратылышын көрүп, бүгүнкү Кыргызстан тууралуу маалымат алууга өтө ынтызармын. Биздин алдыбызда өтө чоң мүмкүнчүлүктөр ачылууда, аларды чогуу пайдаланышыбыз зарыл", - деди Дэвид Кэмерон.

Кыргызстандын жетекчилеринин Лондонго сапары

Соңку 4-5 айдын ичинде Кыргызстан тараптан да парламент спикери менен министрлер кабинетинин төрагасы баштаган бир катар жогорку даражалуу делегациялар Улуу Британияга барып, кызматташуу боюнча кеңири талкууларды жүргүзүп келген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылы 28-29-ноябрда Улуу Британияга чоң делегация менен барып, отуздан ашык иш-чарага катышкан. Анын сапарынын негизги жыйынтыктарынын бири катары Лондон фондулук биржасы жана Лондон калаасы менен тыгыз кызматташтыктын орнотулганы, ошондой эле ири инвестиция тартууга жагымдуу шарттардын түзүлгөнү белгиленип келет.

Лондон Кыргызстанды соода алакасында артыкчылык берилген өлкөлөрдүн тизмесине кошкон. Бул Кыргызстан үчүн өз товарларын Улуу Британияга кошумча салыктарсыз экспорттого мүмкүндүк берет.

Март айында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Лондонго расмий сапар менен барып, парламенттер жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты талкуулап келген. Парламент спикеринин бул сапары эгемен Кыргызстандын тарыхындагы Лондонго жасаган алгачкы расмий сапары болуп саналат.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев соңку кездери болуп жаткан олку-солку көрүнүштөр жана конфликттүү жагдайлар дүйнө коомчулугунун назарын Борбор Азияга, анын ичинен Кыргызстанга бурдура алды деп эсептейт. Ал Бишкектин саясий кадамдары бир кыйла катаалдашып баратканына карабай, Борбор Азиядагы авторитардык бийликтердин фонунда баары бир үмүт учкуну бар экенин айтат:

“Албетте, парламенттер аралык кызматташууда демократия, адам укуктары, ошондой эле соңку кезде бейөкмөт уюмдардын ишмердигине жолтоо болгон бир топ мыйзамдар сыяктуу маселелерде алардын кабатырлануусун билдирген учурлары көп. Журналисттердин камалганы, оппозицияга болгон куугунтук, бейөкмөт уюмдарга мамиле – мунун баарын алар сөзсүз түрдө айыпташат. Бирок ошол эле убакта алар кошуна өлкөлөргө же башка өлкөлөргө салыштырганда Кыргызстанды ачык-айкын, демократия жана сөз эркиндиги калыптанган өлкө катары таанып, биз менен иштешүүгө кызыкдар. Ошол эле бийлик менен оппозиция ортосунда же болбосо сөз эркиндиги, диалог – ушул маселелерде баары бир Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндө салыштырмалуу ачык-айкын экенин алар түз эле айтышат. Ошондуктан, менимче, Кэмерон мырзанын сапарында дагы ушул нерселерге маани берилет болуш керек. Кыргызстанга ушул чөлкөмдөгү ачык-айкындуулук, демократия, парламентаризм, сөз эркиндиги жагынан алдыга чыкканга дарамети бар өлкө катары карашат”.

Экономикалык кызматташтык жана санкциялык тобокелдиктер

2023-жылы Кыргызстан менен Улуу Британиянын соода алакасы 92 млн долларга жетип, мурунку жылга караганда 2,8 эсе өсүш болгон. Анын 99% (91,2 млн доллар) импорттон турат. Импорттун 81% (73,7 млн доллар) жеңил унаалар түзөт. Британ унааларынын импорту 2022-жылга салыштырмалуу 4,6 эсеге өскөн.

Эл аралык маалымат каражаттары жазып жаткандай, Британ өндүрүшүнүн унааларынын Орусияга агымы дагы деле уланып жатат. Алар көп учурда жалпы экономикалык айдыңдагы өлкөлөр аркылуу өтөрү кабарланат. Улуу Британиянын унаалары Орусияга Кыргызстан аркылуу өтүп жатканына так далилдер жок. Бирок 2022-жылдан бери Бишкектин унаа өндүрүшү өнүккөн дээрлик бардыгынан импорту кескин өсүп, алардын көпчүлүгү Орусияга карай ооп кеткени маалым.

Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кыргыз-британ өкмөттөрүнүн экономикалык кызматташтыгы кандай деңгээлде экенин кыскача мындай түшүндүрдү:

“Негизинен азыр кызматташуубуз технологиялар жана финансылык институттар менен болуп жатат. Андан тышкары азыр финансылык тармакта бир топ маселелерибиз дагы бар. А соода-сатыгыбыздын көлөмү анча деле чоң эмес. Санкциялар тууралуу биз алар менен толук кызматташтабыз, азыр анчалык суроо-талап деле жок”.

Улуу Британиянын тышкы иштер министринин сапары Украинада согуштан улам Орусия менен Батыштын мамилеси курчуп, санкциялар күчөгөн кырдаалга туш келди. Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинен Кыргызстан Москваны негизги союздашы эсептелет. Улуу Британия башынан эле Борбор Азиядагы постсоветтик өлкөлөрдүн Орусияга салынган санкцияларды буйтаган аянтча болушун каалабай турганын айтып келүүдө.

Дипломат Бактыгүл Каламбекова бул сапарды өтүп жаткан убактысы боюнча дагы, жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн мазмуну боюнча дагы тарыхый мааниге ээ болуп кала турган окуялардын катарына кирет деп эсептейт:

“Бул жөнөкөй визит эмес. Бул визитти биз бери дегенде үч өңүттөн карашыбыз керек. Биринчиден, ушул убакытта, айрыкча акыркы жылдары дүйнө жүзүндө түзүлгөн геосаясий, геоэкономикалык кырдаалдын өңүтүнөн карашыбыз керек. Экинчиден, Орто Азиянын тегерегинде болуп аткан геосаясий жана геоэкономикалык тенденциялардын алкагында карашыбыз керек. Үчүнчүдөн, ушул түзүлгөн тышкы фондун ичинде Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин кечээкисин, бүгүнкүсүн жана эртеңкисин көздөн өткөрүп, иргеп, кайсы жагын күчөтүшүбүз керек, кайсы жерине ыраазыбыз, кайсы жеринде резерв таптык дегендей сүйлөшүп, ал тургай макулдашууларга барып, кандайдыр бир келишимдер менен бекитиле турган сөздөр болот деген ойдомун. Улуу Британия дүйнөнүн эң биринчи соода державасы катары таанылып келет. Соода, дипломатия, коргонуу, коопсуздук маселелери боюнча өзүнүн кылымдар бою калыптанып калган салты бар өлкө болуп эсептелет. Британия инновациялардын, жаңылыктардын, жаңы технологиялардын, жаңы маалыматтардын, жаңы усулдардын өлкөсү катары белгилүү. Соода-экономикалык тармакта, инвестиция боюнча кызматташуу, өз ара жардамдашуу боюнча жардам фондулары аркылуу коомдордун бири-бири менен тыгыз карым-катнашта болушуна көмөк көрсөтүү жагынан дагы жакшы бир пикир алмашуулар, макулдашуулар болот деген ой бар”.

Улуу Британия өкмөтү 2024-жылы Борбор Азиянын беш өлкөсү менен C5+1 форматындагы саммит өткөрүүнү пландап келет. Буга чейин АКШ, Европа Биримдиги, Кытай, Орусия өңдүү бир катар ири мамлекеттер Борбор Азия менен кызматташуунун жаңы форматтарын сунуштап келишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG