Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:26

Орусияга салынган санкциялардан эмне үчүн майнап чыкпай жатат?


Москва. Июнь 2022-жыл
Москва. Июнь 2022-жыл

Орусияга каршы санкциялар жыйынтык берип жатабы?

Le Monde гезити 22-февралдагы санында Украинага басып киргендиги үчүн Орусияга салынган санкциялардан эмне себептен каалагандай майнап чыкпай жатканын талдаган. Жюльен Буиссу Эл аралык валюта фондунун 30-январдагы прогноздоруна ылайык, быйыл орус экономикасынын өсүшү 2,6 процент болот деп күтүлгөнүн, бул - былтыркы октябрдагы божомолдон эки эсе ашарын жазат. Жана көрсөткүчтүн жогорулашы “санкциялар жыйынтык берип жатабы?” - деген суроону жаратарын белгилейт.

Андан ары макалада Орусиянын экономикасын чөктүрбөй кармап турган жагдайлар анализденет.

Мисалы, Москва былтыр чыгашасын 30 млрд долларга көбөйттү. Ошол эле маалда мунайдан түшкөн кирешенин эсебинен кооптуу дефициттин алдын алууга жетишти.

Орусия газ - мунайын Кытай менен Индияга көбүрөк экспорттоого киришти.

Андан тышкары мунайга коюлган бааны, микрочиптер өңдүү кош максаттагы товарларга салынган санкцияларды кыйгап өтүүнүн схемалары түзүлгөнүнө токтолгон журналист, ошондой маршруттардын арасында биринчи кезекте Борбор Азия менен Кытайды атайт.

Mayer Brown компаниясынын юристи Жойдип Сенгуптанын айтымында, жеке адамдарга киргизилген жазалоочу чараларга байкоо салуу кыйын. Эмне дегенде айрым орус компанияларын ким көзөмөлдөөрүн аныктоо оңой эмес. АКШда тигил же бул фирманын 50 проценти “кара тизмеге” кирген адамга таандык болсо, анда тиешелүү чара көрүлөт. Ал эми Европада эрежелер толугурак маалымат чогултууну талап кылат, аны Орусиядан алуу өтө татаал.

Сенгупта Еврошаркетте бирдиктүү саясаттын жоктугун да баса белгилейт.

Макалада санкцияларды бузуу үчүн административдик гана жаза каралганына да көңүл бурулат. Айып пул, айрым европалык өлкөлөрдө бир нече миң евродон ашпайт. Иликтөөнү санкцияларды бузган компания катталган мамлекет гана баштай алат, биримдик андай демилге көтөрө албайт.

Журналист жогоруда айтылгандар менен кошо орус экономикасын бутага алган жазалоочу чаралар баары бир таасир этип жатканын кошумчалайт. Ал Киевдеги Экономика мектебинин изилдөөсүн келтирет. Ага ылайык, былтыр Орусиянын соода экспорту анын алдынкы жылга караганда, 30 процентке төмөндөдү. Улуттук валюта – рубль 2022-жылдын октябры менен салыштырганда еврого карата наркынын 43 процентин жоготту. Мунай менен газдан түшкөн киреше 24 процентке азайды. Макала узак мөөнөттүү перспективада Орусиянын экономикасы тумчугуп калышы ыктымал деген ой менен жыйынтыкталат.

Борбор Азиядагы стабилдүүлүк

2023-жылы Борбор Азияда экономикалык өсүш байкалып, энергетикалык кризиске карабастан аймак ири чыр-чатактардан оолак болду, Украинадагы согуш уланып жаткан маалда Орусия менен экономикалык байланыштарын тереңдетүүгө жетишти. Ушундай мазмундагы макала East Asia Forum (EAF) платформасында 19-февралда жарык көрдү.

Автор, Австралиянын улуттук университетинин кызматкери Кирилл Нуржанов мындай абал быйыл да уланарын боолголойт. Бирок Украинадагы согуштан жана Ооганстандагы талибдерге байланышкан пикир келишпестиктерден улам коопсуздук тобокелдиктери сакталышы ыктымал деген жыйынтык жасайт.

Макалада чөлкөмдөгү беш өлкөдө 2023-жылы чоң чыр-чатактар, режимди алмаштыруу аракеттери же ири зордук-зомбулук болбогону айтылат.

Экономикалык абалга токтолуп, Нуржанов көрсөткүчтөр күтүлгөндөн ашканын жазат. Орточо ички дүң өндүрүм 4,8 пайызга жогорулады. Алдынкы саптарда Тажикстан менен Казакстан турат.

Мындай ийгиликтин негизги фактору катары Украинадагы согуш аталат. Региондун бардык өлкөлөрү Москва менен экономикалык карым-катнашын бекемдеди. Алар чет элдик фирмалардын Орусиядан чыгып кетишинен кийинки боштукту толтуруп, орус фирмаларынын, капиталынын жана жарандарынын өз аймагына агылуусунан пайда табышты. Батыш санкция салган товарлар менен технологияларды Орусияга жашыруун импорттоо Борбор Азиянын көптөгөн ишкерлерине киреше алып келди.

Андан кийин саясий чөйрөдөгү тенденциялар талданган. Изилдөөчү Украинадагы согушка келгенде Борбор Азия лидерлери бейтарап позициясын карманып келгенин белгилейт. Өткөн жыл бою С5+1 форматындагы саммиттер уюштурулуп келди. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Франциянын президенти Эммануэл Макрон чөлкөмгө барып кетишкен. Бирок автор Батыштын бул аракеттери анча жемиш алып келген жок деп эсептейт.

Өз кезегинде Москва дагы бул өлкөлөрдү өз бооруна тартуу чараларын көрүп жатты.

Нуржанов экинчи даражадагы санкциялар салынса да, регион экономика жагынан өз алдынча жашап кетет деген ою менен бөлүшөт.

Андан ары ички мамилелерге токтолуп, бул жааттагы динамика жакшырганы айтылат. Мисал катары Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларды тактоо жана демаркациялоо аракеттери “достук жана өз ара түшүнүү маанайында” жүргөнү белгиленет.

Путинди пир туткан италиялык студент кыз

Corriere della sera гезити 21-февралдагы санында орус президенти Владимир Путин менен маектешкен, аны пир туткан, Орусияны бардыгына мүмкүнчүлүк тартуулаган эркин өлкө деп билген, жакын арада орус жарандыгын алууга үмүттөнгөн италиялык студент Ирене Чеккини тууралуу жазды.

Ал бир нече күн мурун Москвада жаштардын “Жаңы доордун күчтүү идеялары” деген форумунда сүйлөп, Италияда кеңири таанылган.

22 жаштагы студент мекендештерине Орусияга отурукташууга, атүгүл ал өлкөнүн жарандыгын алууга жардам бергиси келерин айтып, Путинге кайрылган.

Италиялык дагы бир басылмага – La Stampa гезитине берген интервьюда Чеккини Орусияны эркин өлкө деп эсептерин билдирди. Ал “Орусияны эркин эмес, диктатура деп атоо жылдардан бери Москвага чабуул коюп келаткан Батыштын ойлоп тапканы”, - деген пикирин ортого салды.

Ошол эле маалда, италиялык маалымат каражаттары жазгандай, Чеккини Украинага согуш ачуу, Навалныйдын абактагы өлүмү тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартты. “Бул маселеде мен эксперт эмесмин” – деп айткан студент кыз, андан көрө Путин жана анын долбоорлору тууралуу кеп кылууну кааларын кошумчалады.

Гезиттин жазганына караганда, Миланда туулуп, Лоди провинциясында өскөн Чеккини мектепте окуп жүргөндө эле геосаясатка, орус адабиятына кызыкчу. Кийин Москвадагы Эл аралык мамилелер институтуна жазылып, 4-курста окуп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG