Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:30

"Кылмыш кылган эмесмин". Акын Аскат Жетиген абактан чыкты

Аскат Жетиген. 19-август, 2026-жыл
Аскат Жетиген. 19-август, 2026-жыл

Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде камакта отурган акын Аскат Жетиген 19-августта эркиндикке чыкты. Ал үч жылдык жаза мөөнөтүн толук өтөп бүттү.

"Чоң Чүй каналынын боюна калтырып кетишти"

Аскат Жетиген өзүн 19-августта саат 7:30 чамасында жаза өтөө мекемесинин кызматкерлери автоунаа менен Курманжан датка көчөсүнүн Чоң Чүй каналы менен кесилишине калтырып кеткенин билдирди. Акын ошол жерден жакындары менен жолукту.

Мурдараак укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына акынды тосуп алуу үчүн барган жакындары, адвокаты аны жаза өтөөчү мекемеден таппай калышканын жазган.

"Аскаттын адвокаты жана жакындары саат 8:30да аны тосуп алуу үчүн жаза өтөө мекемесинин алдына барышкан. Бирок аларга акынды мекеменин башчысы 19-августта эртең менен эрте өзүнүн автоунаасына салып кеткенин билдиришкен", - деп жазды укук коргоочу.

"Ырайым суроо оюма да келген жок"

Жетиген президенттен ырайым сурабай, аягына чейин отурган себебин түшүндүрдү. Ал "Азаттыктын" кабарчысына курган маегинде президент Садыр Жапаровдун "ырайым сураса мунапыс берүүнү карап көрөрүн" айтканы боюнча өз пикирин билдирди:

"Ырайым суроо оюма да келген жок. Биринчиден, ырайымды күнөө кетирген адам сурайт. Мен күнөө кетирген эмесмин. Экинчиден, мен кылган иш кылмыш деп эсептелинбейт болчу. Ошол себептен мен кечирим да, ырайым да сураган жокмун. Президент Жапаров тараптан эки жолу "ырайым сурап бер" деп мен жаткан түзөтүү мекемесине келишти, эки жолу тең баш тарттым. Себеби, өзүңүздөр билгендей эле, мен акмын, актыгым үчүн мен эч качан кечирим сурабайм".

Аскат Жетиген тагылган айыпты буга чейин да мойнуна албаганын, мындан ары да албасын белгилеп, кечиримди бийликтен эмес, элден сураганын белгиледи:

"Мен тагылган айыпты мойнума алган эмесмин. Кылмыш кылган эмесмин деп эсептейм. Экинчиден, мен кечиримди элден сурагам, ушуну баса белгилеп айткым келет. Ал эми аталган кылмыш иши боюнча дагы айта турган сөздөр көп, жакында маалымат жыйынын уюштурабыз, ошол жактан кеңири айтам".

Активист акын сот өкүмдү чыгарып жатканда негизделген корутундунун өзү шектүү болгонун айтты:

"Төрт эксперт жалданган иш боюнча. Алардын экөө ошол жарыяланган кайрылууда “чакырыктын эч кандай белгилери жок” деген жыйынтык чыгарган. Экөө “контексттен алып караганда чакыруунун белгилери бар” деген. Биринчиден, мыйзамда “контексттен алып кароо” деген жок. Экинчиден, бул шек жарата турган корутунду. А шек жарата турган корутунду айыпталуучунун пайдасына чечилиши керек деген мыйзам бар. Бул жагынан алганда менин камалышым караманча туура эмес жана мыйзамсыз иш болду”.

Акын ошондой эле абактагы жашоо анын мүнөзүн курчутуп, бышырганын кошумчалады:

"Түзөтүү мекемесинин жашоосу мени дагы бир жолу бышырды деп эсептейм. Дагы бир жолу курчутту, дагы бир жолу бекемдеди".

Аскат Жетиген (солдо) адвокаты Акынбек Ногоев менен. 19-август, 2026-жыл.
Аскат Жетиген (солдо) адвокаты Акынбек Ногоев менен. 19-август, 2026-жыл.

"Аскат негизсиз жана мыйзамсыз камалып, соттолду"

Кылмыш ишин козгоого эч негиз болбогонун адвокат Акынбек Ногоев да белгиледи:

"Кылмыш ишинин эч кандай далили жок. Аскат мыйзамсыз, негизсиз камалган жана соттолгон. Сын айтып койсо эле бизде “башаламандыкка, бийликти күч менен басып алууга чакырык” деп өнөкөт болуп кетпедиби, Аскаттын кыймыл-аракетинде андай кылмыштын эч кандай курамы жок”.

Жарандык активист, ырчы Аскат Жетигенге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эки кылмыш ишин козгогон. Биринчиси - 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”), экинчиси - 2024-жылы 15-мартта жарыялаган видеосунан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) негизинде.

2024-жылы Бишкектин Свердлов райондук соту аны “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан.

“Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси боюнча актаган. Кийинки инстанциялар бул өкүмдү күчүндө калтырган.

32 жаштагы Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын, жарандык активист. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен 20дан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” жана башка бир канча ыры эл арасында белгилүү.

Жетиген бийликти кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган.

Абактагы кыйноо

Жетиген кармалгандан кийин атайын кызматта, соттолгон соң абакта бир нече жолу кыйноого кабылганын айткан. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) андай дооматты четке кагып келди.

УКМКнын шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганы тууралуу арыздын жыйынтыгы алигүнчө чыга электигин 19-августта адвокат Акынбек Ногоев маалымдады:

"Бүгүнкү күнгө чейин жыйынтыгы чыга элек. Биз сотко кайрылганбыз. Сот тергөөнүн токтомун жокко чыгарып, азыркыга чейин карала элек. 2024-жылдан бери, мына, 2026-жыл болду, эки жылдан ашты".

Быйыл июлда Жетиген өзүнүн жактоочусуна кат жазып, абак кызматкерлери соттолгон адамдарды ур-тепкиге алып жана жеке өзүнүн укуктары чектелип жатканына даттанган.

Аскат Жетиген ички тартипке ылайык камактагылар күнүнө эки ирет чуркоого милдеттүү болсо үч ирет, же беш ирет мажбурлап чуркатылып жатканын, оорулууларга дары-дармек колдонууга керектүү шарттар жоктугун белгилеген.

Адвокат Нурбек Токтакунов мурда жабык жайлардагы абалга сырттан көзөмөл жүргүзүлүп турганын, бирок азыр грант бөлүнбөй, укук коргоочулардын да иши чектелип, эч ким мониторинг жүргүзбөй калганын айткан. Буга президент өзү көңүл бурушу керектигин белгилеген:

"Колониянын башчысы да, Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси да Садыр Жапаровду алдап, туура маалымат жеткирбей жатат".

Токтакунов абак системасынын ишине парламенттик да, жарандык да көзөмөл болушу туура экенин белгилеген.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) маалымат бөлүмү Аскат Жетигендин 15-июлдагы катында айтылгандарды төгүндөгөн.

Абакта азап тарткандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:52 0:00

Кыргызстандын бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги жана адам укуктары корголорун кайталап келет.

"Бийлик эмес, мыйзам каматты"

Журналисттер, блогерлер бийликтин көрсөтмөсү менен эмес, мыйзамдын негизинде камалып жатат деген пикирин жакында президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновдун YouTube каналына курган маегинде айткан.

Жапаров отуз жылдан бери парламентте бийликке асылгандар болгонун, бир кезде өзү да аларга суктанганын, кийин 2005-жылы саясатка келгенде "демагогияны" өз көзү менен көрүп, көңүлү калганын белгилеген.

"Блогерлер деле ошолорду туурады да. Тигини деле, муну деле тартышат, анан "кокуй, бул туура эмес, ал туура эмес" деп кыйкыра беришет. Анткени тигилерден үлгү алган да. Анан мыйзамдар түзүлдү, жоопкерчилик алышты. Туура эмес маалымат таратсаң, бирөөнүн беделине шек келтирсең жооп бересиң деп. Аларды мен каматкан жокмун да, "кама" деп дагы айтпайм. Мыйзам каматат. Аларды суроо Ички иштер министрлигинин, УКМКнын милдети. Тартип деген болуш керек. Тартип болбосо, мамлекет чачырап кетет. Айрым учурда 5-10 суткага камашы мүмкүн", - деген Жапаров.

Президент Кыргызстанда мыйзам иштегени үчүн "кемпирабадчылар" 100% акталганын, акын Аскат Жетигенди өзүн сөккөнү үчүн каматпаганын, буга башка себептер түрткү болушу мүмкүн экенин айткан. Массалык башаламандыкка чакырды деп 3,5 жылга соттолуп, аялдар абагында жазасын өтөп жаткан Каныкей Аранованын иши тууралуу билбей турганын айтып, өзүнө жазып алган.

Эл аралык уюмдар соңку жылдары пикир үчүн соттолгондор көбөйгөнүн, жарандык коомго, журналисттерге кысым күчөгөнүн белгилешет.

Быйыл апрель айында Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму жылдык баяндамасын жарыялап, Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда жарандык коомго кысым күчөп жатканын билдирген.

Май айында "Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюму басма сөз эркиндиги боюнча жаңы докладын жана 180 өлкөнүн рейтингин жарыялаганда Кыргызстандын көрсөткүчү былтыркыга салыштырмалуу эки баскычка ылдыйлап, 146-сапка жайгашканы белгилүү болгон.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Эшбаева

    Гүлжан Эшбаева "Азаттыктын" миграция темасын чагылдырган журналисти. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика факультетин аяктаган.  

Куржундар
XS
SM
MD
LG