Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:20

"Кызым менен түшкөн сүрөтүм жок". "Азаттыктын" камактагы журналисти темир тор артынан ой бөлүштү

Фарид Мехрализада. 3-июнь, 2024-жыл
Фарид Мехрализада. 3-июнь, 2024-жыл

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун азери редакциясынын журналисти, экономист Фарид Мехрализада бейкүнөө камалганына 30-майда эки жыл болду. Ал “мыйзамсыз ишкердик, арам акчаны адалдоо, салык төлөөдөн качуу жана документтерди жасалмалоо” айыбы менен 9 жылга кесилген.

Укук коргоочу уюмдар ага каршы иш жок жерден токулганын, Мехрализаданы журналисттик ишмердиги үчүн куугунтуктап жатышканын айтууда. Соттолгонунун экинчи жылдыгында журналист темир тор артындагы күндөрү, абак системасынын гумандуулук жагы жана жасалма интеллект жараткан сүрөттүн айланасында ой жүгүрттү. Ал сүрөттө Мехрализада камалгандан кийин төрөлгөн кызы менен турат.

- Сизге эмне күч-кубат берип, алдыга сүрөп жатат?

- Кызым мен камалгандан бир нече ай өткөндөн кийин төрөлгөн. Аны түрмөдө, кыска жолугушуулар учурунда бир нече жолу гана көргөм. Ошондуктан чогуу түшкөн сүрөтүбүз жок. Бир нече күн мурун досторум жасалма интеллекттин жардамы менен тартылган сүрөтүбүздү белекке беришти. Аны колума алганда көрбөй калган баа жеткис учурлар канчалык оор экенин дароо сездим: кызым шилтеген кадамдары, туулган күндөрү, үйдөгү майрамдар. Жасалма сүрөттү кадимки сүрөттөн айырмалай албайсың, бир караганда эле абдан таасир этти.

Бирок технологиялар адамдын сезимдерин алмаштыра албайт. Жакындарымдын жанына кайтып баруу мен үчүн эң чоң мотивация. Ошол сүрөттүн качан реалдуулукка айланарын күтүп жатам.

- Абак Азербайжан тууралуу сизге эмнелерди үйрөттү?

- Түрмөдө кадимки турмушта жолдорубуз кесилишпей турган адамдар менен тааныштым. Түрдүү социалдык топтордон чыккан, ар башка идеологиялык көз карашты карманган кишилер менен ушунча убакыт өткөрүү Азербайжанга башка перспективадан кароого мүмкүнчүлүк берди. Ошол жактан Азербайжан канчалык түрдүү экенин жакшы түшүнөсүң. Ар бир социалдык топ өз өлкөсүн ар башкача элестетет.

Абакта дагы бир реалдуулукка күбө болдум. Дин коомдо биз ойлогондон маанилүү орун ээлейт экен. Эркиндикте жүргөндө күнүмдүк саясий процесстерде анын таасири анча билинбейт. Бирок жабык чөйрөдө дин адамдарга моралдык таяныч, социалдык карым-катнаштын бир формасына айланганы даана байкалат.

Мени бир позитивдүү нерсе таң калтырды. Адамдар окууга умтулат экен. Чет тилдерди билгендерге, кайсы бир тармакта билими бар адамдарга башкалар такай кайрылып, бир нерсени үйрөнгүсү келет. Китеп окугандар да мен күткөндөн көп болуп чыкты. Балким эркиндиктен ажыратылганда билим адам баласы үчүн өзүн өзү коргоонун жолуна айланат.

- Азербайжандагы журналистика абактан кандай көрүнөт экен?

- Ал жактан байкоо салуу мүмкүн эмес, себеби интернет, телевидение, гезит-журналдар жок. Журналистика деп атоого болгон эч нерсе жок. Бирок кызыктуу бир көрүнүш бар экен. Түрмөдө саясий туткундардын көбү, журналист, саясий активист, оппозициянын мүчөсү болобу, бардыгын жөн эле "журналист" деп атап коюшат.

Башкача айтканда, түрмөдөгү жаргондо "журналист" деген сөз "саясий туткун" дегендин синоними экен. Бул бекер жерден болбосо керек. Бул Азербайжандагы эркин журналистика абдан кооптуу ишмердик болуп калганын көрсөтөт.

- Азербайжандын экономикасын абактан кандай бааласа болот ?

- Расмий статистикага караганда Азербайжанда эң көп киши маңзатка байланышкан кылмыштар үчүн соттолот. Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесин абактагылар “улуттук берене” деп атап коюшат.

Мен түрмөгө түшө электе ошондой кылмыштардын көбүнүн баңгизаттарын колдонууга байланышы бар деп ойлочумун. Бирок бул жерден маселенин ири экономикалык өңүтү бар экенин түшүндүм. Жогорудагы берене менен кесилгендер арасында наркозаттарды эч качан пайдаланбаган кишилер арбын. Наркокурьер же маңзат аткезчилигине адамдарды жумушсуздук жана киреше булагынын жоктугу түртөт.

Ошондуктан жумушка орноштуруу боюнча реалдуу жана натыйжалуу программаларды түзүү өзгөчө абакта отуруп чыккандар үчүн абдан маанилүү. Андай болбосо адамдар кайра эле ошол чөйрөгө кайтып барып, туңгуюкка такалышат.

Абактан караганда Азербайжандын эң ири экономикалык көйгөйү калкты иш менен камсыз кылуу экени көзгө урунат. Парадоксалдуу угулганы менен темир тор артында ишкерлерди көп жолуктурасың. Бизнесмендердин көбү салык, бажы жана карыз маселелерине байланыштуу камалат. Мунун өзү ишкердик кылуу канчалык стабилдүү эмес жана опурталдуу тармак экенин далилдейт.

Кээде 20 жыл бою мамлекетке салык төккөн ишкердин салыштырмалуу чакан салык карызы үчүн соттолгонун көрөсүң. Мындайда ошол адам эркинен гана ажыратылбастан ишканасын жабууга, канчалаган жумуш ордун жок кылууга туура келет, натыйжада канчалаган үй-бүлө кирешеден айрылат.

Түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп чыккандан кийин төлөнүүчү каражатты көп талкуулашат. Азыркы эрежелерге ылайык ал сумма минималдуу эмгек акыдан төрт эсе көп болууга тийиш. Учурда 1600 манатты (941 АКШ долларын) түзөт.

Бошотуларына дагы көп жыл бар кишилер да азыртадан эле ошол акчаны кантип короторун айтып, план түзүшөт. Бир топ адамдар бир эле мезгилде ушунча көп акча албаганын айтканын уктум. Бул Азербайжандагы кирешенин теңсиздиги канчалык терең тамырлаганын далилдейт.

- Түрмөдө отуруп экономиканы ойлонуу кандай таасир калтырат?

- Камакта экономикага ой жүгүртүү эркиндикте жүргөн маалдагыдан абдан айырмаланат. Мен көп жыл бою бюджеттик статистиканы, мунайдан түшкөн кирешени, инфляция, манаттын курсун жана башка экономикалык көрсөткүчтөрдү анализдөө аркылуу өлкөнүн экономикасын түшүнүүгө аракеттенгем. Абакта экономика кургак сандардан адам тагдырларына айланат экен.

Албетте, бул жерде да айрым байкоолордон жыйынтык чыгарса болот. Мисалы, ашканага бараткан адамдардын санынан же башкалардан чылым сураган кишилердин көбөйгөнүнөн жалпы кырдаалды баамдай аласың. Менимче, эң негизгиси абакта акча өз кунун жоготуп коет экен. Кээде кышында кошумча жууркан, же бирөөнүн жылуу учурашканы же көптөн бери уга элек жакшы көргөн ырың жаңырганы акчадан да баалуу болот.

Абак мага экономиканы түшүнүү жагынан университеттин дипломунан кем эмес билим берди. Себеби бул жакта ар бир теориянын артында адам турат. Абакта экономикага ой жүгүрткөндө сандарды эмес адамдардын жүрүм-турумун, коркууларын, үмүтүн жана жашап кетүү үчүн күндүмдүк күрөшүн көрөсүң.

Шерине

XS
SM
MD
LG