“75лердин” иши боюнча сот бүгүн уланып жатат. Түшкө чейин иштин материалдары изилденди. Түштөн кийин жарыш сөз башталды. Анда мамлекеттик айыптоочулар соттон айыптоочулардын баарын тогуз жылдан абакка кесүүнү сураганы белгилүү болду.
Мындай маалыматты айыпталуучулардын бири Курсан Асановдун жактоочусу Чынара Жакупбекова "Азаттыкка" берди.
Жарыш сөз аяктаса айыпталуучулардын акыркы сөзү угулуп, сот өкүм чыгарышы мүмкүн.
Бүгүнкү отурумда адвокат Жакупбекова иш боюнча экспертизанын корутундусун кайра кароо өтүнүчүн келтирип, сот аны канааттандырган жок.
3-сентябрдагы отурумда айыпталуучулар – УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы элчи Эмилбек Узакбаев, мурдагы министр Бекболот Талгарбеков, мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу көрсөтмө берсе, 4-сентябрдагы отурумда саясатчылар Курманкул Зулушев, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев жана Курсан Асанов көрсөтмө беришкен. Сот ошону менен айыпталуучулардын баарын сурап бүткөн.
Кыргызстанда соңку бир нече айдан бери УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге байланыштуу окуялар кызып турат. Ал 10-февралда кызматтан алынып, кийин ага кылмыш иши козголгон.
Ички иштер министрлиги Ташиев баштаган сегиз адамга "Бийликти басып алууга аракет" жана "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренелери боюнча иш козгоп, сот жүрүп жатат.
2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “75чилер каты” боюнча өкүм чыгарган. Ишти караган судья Азирет Медеров УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевди Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, төрт жылдан абакка кескен.
Сот ушул эле берене менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевди, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду да күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыраткан.
Судья айыпталуучуларды “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча актап, баарына үч жылдык пробациялык жаза берген жана айыпталуучулар эркиндикте калган. Өкүмдө сегиз кишинин мүлкү мамлекетке алынары да жазылган.
Февраль айынан бери камакта жаткан беш адам - Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов сот залынан бошотулган.
Райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна прокуратура жана шектүүлөр да апелляциялык арыз берип, иш шаардык сотто каралууда.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Ал коюлган айыптарды четке каккан.
Садыр Жапаров маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан. Мурдагы башкы чекист күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген.
“75чилер каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган. Ал да тагылган кинеге макул эмес экенин айткан.