Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

"Kloop'тун материалын бөлүшкөн". Фейсбук колдонуучусунун иши сотто каралууда

Бактыбек Молдалиев
Бактыбек Молдалиев

Экстремисттик деп табылган медианын материалдарын бөлүшкөн деп айыпталып жаткан Бактыбек Молдалиевдин соту уланууда. Жакындарынын айтымында, ал "Kloop, Temirov LIVE жана "Айт-айт десе" сайттарын окуган, бийликти такай сындаган" деп айыпталууда, бирок өзү мындай кинени четке кагууда.

Өзгөртүлгөн берене

"Фейсбуктун" активдүү колдонуучусу Бактыбек Молдалиевге Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин биринчи бөлүмү (“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, ташуу, жөнөтүү, же болбосо жайылтуу максатында аларды сатып алуу же сактоо, экстремисттик уюмдардын символикасын жана атрибутикасын пайдалануу, ошондой эле Интернет тармагы же жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу пайдалануу”) менен айып тагылды. Бишкектин Октябрь райондук сотунда алгачкы сот отуруму 25-август күнү өттү.

Молдалиев быйыл 8-май күнү милицияга суракка чакырылып, ошол жактан камакка алынган.

Кармалганда алгач ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү ("Массалык башаламандыктар, Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") менен шек саналып жаткан. Бирок кийинчерээк 332-беренеге алмаштырылганы белгилүү болгон.

Ишти тергеп жаткан Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы анын себебин түшүндүргөн эмес.

Шектүүнүн жубайы Элвира Жусупова күйөөсү тагылып жаткан күнөөнү мойнуна албаганын, эч кандай материалдар менен бөлүшпөгөнүн айтып жатканын "Азаттыкка" билдирди:

"Ооба, беренесин бир жарым айдан кийин өзгөртүп, "Kloop, Temirov LIVE жана "Айт-айт десе"сайттарын окуган жана бийликти такай сындаган" деп айыптап жатышат. Бактыбек өзү анын бирин да мойнуна алган жок. Кармалгандан кийин эки телефонун, үйдө балдарым колдонгон компьютерди милиция алып кеткен. Бакыт 8-майда кармалган болсо, 10унда эки айга камашты. Анда беренеси башка эле. 12-май күнү лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгында да "массалык башаламандыктарга чакыруу жок" деп чыккан, мен аны өзүм окугам. Бирок 12-июнь күнү 332-беренеге өзгөртүп коюшту".

Бактыбек Молдалиевге Кыргызстанда экстремисттик деп табылган медианын материалын бөлүшкөн деген айып коюлууда, бирок кайсыл медиа экени ачыкталган эмес.

Кылмыш ишинин козголушу, тергөөнүн жүрүшү жана соттук териштирүү боюнча тийиштүү мамлекеттик органдардан азырынча расмий комментарий боло элек.

Быйыл мартта Жогорку соттун коллегиясы Kloop, Temirov LIVE жана "Айт-айт десе" медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп таануу тууралуу Октябрь райондук жана Бишкек шаар сотторунун чечимин күчүндө калтырган. Андан тышкары бул долбоорлорду негиздеген журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп жарыяланган.

Сөз эркиндиги жана медиа сабаттуулук

Жарандык активист Мирланбек Маратбек уулу Бактыбек Молдалиев ушул сайттардын маалыматтарын окуганы жана бөлүшкөнү үчүн айыпталып жатканын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Кыргызстанда буга чейин жогорудагы сайттардын маалыматтарын бөлүшкөнү үчүн кылмыш иши козголгон учур болгон эмес.

Бул берене негизинен өлкөдө тыюу салынган диний экстремисттик сайттардын материалдарын бөлүшкөн, тараткан жарандарга карата колдонулуп келген.

Журналист, медиа эксперт Жалил Сапаров Kloop, Temirov LIVE жана "Айт-айт десе" медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдары экстремисттик деп табылганын, аны бөлүшүү кылмышка жатарын көпчүлүк билбесин белгилеп, муну коомчулукта медиа сабаттуулук жоюлбаганы менен байланыштырды:

Жалил Сапаров
Жалил Сапаров

"Учурда медиа сабаттуулук маселеси - коомдогу чоң көйгөйгө айланды. Мамлекеттик институттар аркылуу коомдук коопсуздукту, улуттук коопсуздукту сактоо үчүн медиа сабаттуулукту биринчи орунга коюп, тыюу салынган, "экстремисттик" деп табылган сайттар тууралуу коомго кеңири маалымат берилиши керек. Бирок тескерисинче, ар кандай фейк фермалардын, ар кандай топтордун кызыкчылыгын көздөгөн фейктердин обу жок, адамды маскаралап, шылдыңдаган, кылмыштуу беренелерге туура келген аракеттери социалдык тармактарда жайнап жатат. Экинчиден, сөз эркиндиги болушу керек. Өлкөдө бийликти мактаган гана медиалар, журналисттер, блогерлерден тышкары, сындап, катасын көрсөтүп турган да коомчулук сөзсүз керек".

Кыргызстанда соңку жылдары бийликти сындаган бир топ журналист, блогерден тышкары соцтармактардын колдонуучулары да кармалып, камалган учурлар катталып келет. Буга чейин Бишкекте дөңгөлөк жамоочу болуп иштеген жаран Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн кармалып, камалган.

Саясатчы Бектур Асанов акыркы убактарда бийликти сындап, ооз ачкан эле адам кармалып, камалып, фейктердин талоонуна каларын белгилөөдө:

Бектур Асанов
Бектур Асанов

"Биз элди аралап жүрөбүз. Жөнөкөй жаранга да эркин сөз керек экен. "Эмнеге нааразы болосуңар, өнүгүү болуп атат го" десек, "сүйлөгөндү эле баса калып жатат" дейт. Элдеги нааразылыктын эң биринчиси ошол. Экинчиси - кымбатчылык. Өнүккөнү менен кымбатчылык болуп жатса, жалпы масса кыйналып жатса, 5-10% үчүн жакшы болуп жаткандыр".

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин улам кайталап келет. Президент сындаганы үчүн кармалгандар бийликтин көрсөтмөсү менен эмес, мыйзамдын негизинде камалып жатат деген пикирин жакында Жапаров журналист Али Токтакуновдун YouTube каналына курган маегинде айткан:

"...мыйзамдар түзүлдү, жоопкерчилик алышты. Туура эмес маалымат таратсаң, бирөөнүн беделине шек келтирсең жооп бересиң деп. Аларды мен каматкан жокмун да, "кама" деп дагы айтпайм. Мыйзам каматат. Аларды суроо Ички иштер министрлигинин, УКМКнын милдети. Тартип деген болуш керек. Тартип болбосо, мамлекет чачырап кетет. Айрым учурда 5-10 суткага камашы мүмкүн".

Бийликтин позициясы

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин Kloop, Temirov LIVE жана "Айт-айт десе" медиа каражаттарын жана журналисттердин ишмердигин экстремисттик деп таануу боюнча соттун чечимин жокко чыгарууга үндөгөн.

Президент Садыр Жапаров “Клооп Медиа” фондун жоюу боюнча Жогорку соттун чечимине комментарий берип, мыйзамдуу экенин айткан. Мамлекет башчы Кыргызстанда сөз эркиндиги буга чейин да болгонун жана мындан ары да боло берерин белгилеген.

Freedom House (FH) эл аралык уюму “Дүйнөдөгү эркиндик 2025: Адам укуктары үчүн оор күрөш” деп аталган баяндамасында дүйнөнүн көпчүлүк аймактарында эркиндик деңгээлинин төмөндөөсү байкалып жатканы белгилеп, Кыргызстанды бешинчи жыл катары менен “эркин эмес” мамлекеттердин тизмесинде калтырды. Буга себеп катары кыргыз өкмөтү пикирин билдиргендерди куугунтуктоону жана чектөөлөрдү күчөткөнү көрсөтүлгөн. Мунун ичинде 2022-жылдан бери Бишкектин Горький эс алуу багынан башка жеринде митинг өткөрүүгө чектөө коюлганы да мисал келтирилген.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров демократия, сөз эркиндигине байланыштуу мындай баага макул эмес. Ал былтыркы курултайдагы сөзүндө бийлик адамдардын эркин чогулуу укугун камсыздоо үчүн шарт түзгөнүн айткан.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

"Демократияны чуулгандуу иштерге, көтөрүлүшкө колдонбош керек. Калп нерсени чындай кылып элге таратса эл ишене берет. Ушундайлар да бар арасында. Митингге биз тыюу такыр салган эмеспиз. Горький деген аянт бар. Ошол жерге барып, суткалап жатып алып, эмнени айтсаңар, айта берсеңер болот. Бирок жалган айтпагыла. Элди көтөрүлүшкө чакырып, эки улутту, региондорду бири-бирине кагыштырбагыла. Мына, Америкада деле БУУ үйүнүн жанында жер бөлүп берген, күн, түн дебей ошол жерде митинг кылып, кыйкырып жүрүшөт. Бизде деле кыла бергиле. Ак үйдүн, соттордун, прокуратуранын алдында тыюу салынган, Горький паркына эч кандай тыюу жок митингдерге", – деген Садыр Жапаров 26-декабрда.

Быйыл май айында "Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюму басма сөз эркиндиги боюнча жаңы докладын жана 180 өлкөнүн рейтингин жарыялаганда Кыргызстандын көрсөткүчү былтыркыга салыштырганда эки баскычка ылдыйлап, 146-сапка жайгашканы белгилүү болгон.

“Азаттык” 2020-жылдын ноябрь айынан бери социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү, бөлүшкөн маалыматы, жаcаган материалы үчүн суракка чакырылган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 50дөн ашык жарандын ишин тизмектеген. Башка басылмалар болсо пикири үчүн соңку төрт-беш жылда 140 киши камалып же куугунтукка алынганын эсептеп чыккан

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG