Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Фейсбуктун колдонуучусу Молдалиевдин кылмыш иши тергелип бүттү

Бактыбек Молдалиев.
Бактыбек Молдалиев.

Фейсбуктун активдүү колдонуучусу Бактыбек Молдалиевге козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, прокуратурага жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Мунарбек Супатаев билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Бактыбек Молдалиевге башта коюлган айыпты өзгөртүп, ага Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин биринчи бөлүмү – “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, ташуу же жөнөтүү, же болбосо жайылтуу максатында аларды сатып алуу же сактоо, экстремисттик уюмдардын символикасын жана атрибутикасын пайдалануу, ошондой эле Интернет тармагы же жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу пайдалануу” менен кине такты.

Башта ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү менен (Массалык баш аламандыктар, Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) шек саналып жаткан.

Мунарбек Супатаевдин сөзү боюнча, Бактыбек Молдалиевге Кыргызстанда экстремисттик деп табылган медианын материалын бөлүшкөнү үчүн айып коюлган. Бирок кайсыл медиа экенин тактаган жок.

2025-жылы 27-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту “Клооп”, “Темиров Лайв” жана “Айт Айт Десе” медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапкан. Андан тышкары бул долбоорлорду негиздеген журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп жарыяланган. Сотко мындай өтүнүчтү Октябрь райондук прокуратурасы берген.

2024-жылдын сентябрында “Клооптун” сайты Жогорку соттун чечими менен бөгөттөлгөн.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин жогоруда аталган медиа каражаттарын жана журналисттердин ишмердигин экстремисттик деп таануу боюнча соттун чечимин жокко чыгарууга үндөгөн.

Президент Садыр Жапаров “Клооп Медиа” фондун жоюу боюнча Жогорку соттун чечимине комментарий берип, мыйзамдуу экенин айткан. Мамлекет башчы Кыргызстанда сөз эркиндиги буга чейин да болгонун жана мындан ары да боло берерин белгилеген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG