Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:28

Ош-Алай жолундагы кырсыктан төрт кишинин өмүрү кыйылды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

24-июнь күнү Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ош–Алай жолунун 58-чакырымында жеңил автоунаа сайга түшүп кеткен.

Окуя болгон жерге Кара-Суу райондук Нариман №102 ӨКБдөн төрт куткаруучу тартылып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынан подполковник А.Аккуловдун жетекчилигинде ыкчам топ барган.

Алдын ала маалыматка ылайык, кырсыкка кабылган автоунаада жалпы алты адам болгон. Анын ичинен үчөө окуя болгон жерде каза таап, бир жаран ооруканага бараткан жолдо үзүлгөн. Эки жаран ар кандай жарааттар менен ооруканага жеткирилген.

Учурда каза болгон жана жабыркаган жарандардын тек-жайы аныкталып, тиешелүү кызматтар тарабынан иликтөө иштери жүрүүдө.

Шерине

XS
SM
MD
LG