24-июнга караган түнү украин учкучсуз аппараттары аннексияланган Крымдын энергетикалык инфраструктурасына кайрадан сокку урду. Натыйжада Севастополь электр жарыгысыз калды.
Украин мониторинг каналдары аннексияланган Крымдын Симферополь шаарындагы Жылуулук электр станциясына учкучсуз аппараттардын соккусу тууралуу кабарлашты. Бул маалыматты ASTRA басылмасынын OSINT анализи да тастыктоодо.
Севастополдо подстанция жана Керч аймагында порт аткыланганы кабарланды. "Крымский ветер" Телеграм каналынын маалыматына караганда, подстанцияга кеминде үч жолу чабуул коюлду. Бул энергетикалык объект жалпы Севастополь аймагын электр жарыгы менен камсыздайт. Ал жерде өрт катуу тутанганы айтылууда.
Аннексияланган Севастополдун Орусия дайындаган губернатору Михаил Развожаевдин айтымында, шаар "убактылуу электр энергиясысыз калды". Электрдин жоктугунан бүгүн троллейбустар каттамга чыкпай, бала бакчалар өзгөчө режимге которулду. Развожаев адистер зыяндын көлөмүн баалап жатышканын кошумчалады.
Крымда электр энергиясы менен камсыздоо 21-июндан бери уланып жатат, ошол күнү украиналык учкучсуз учактар Керчке жапырт чабуул жасаган. Мындан тышкары, жарым аралда күйүүчү май кризиси жаралып, бензин сатып алуу оорлоодо.
Шерине