Казакстан мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) атайылап балалуу болбоо демилгеси шарият эрежелерине туура келбесин билдирди. Бул тууралуу фатвасын муфтият өзүнүн сайтына жарыялады.
Анда атайылап балалуу болбоо демилгеси адамзаттын табиятына, ошол эле учурда Мухаммед пайгамбардын сүнңөтүнө каршы келери, никенин негизги максаты - тукум улоо болуп саналары жазылган.
Муфтият мындай демилгенин жактоочулары балдарды жек көрбөсүн, бирок балалуу болууга кошумча чыгашадан жана жоопкерчиликтен качып, ошондой эле жеке эркиндиги менен кесиптик өсүшүн алдыңкы орунга коюп, барбай жатышканын белгиледи.
"Исламда балалуу болуу жубайлардын жалпы укугу болуп саналат. Ошондуктан, эгер алардын бири балалуу болгусу келсе, экинчиси ага каршы чыкпашы керек. Кош бойлуулукту маанилүү себептерден улам: мисалы бала тарбиялоого даярдануу үчүн же ден соолугун чыңдоо үчүн жылдырып турууга болот", - деп жазылган фатвада.
Муфтият балалуу болуудан атайылап баш тартуу "үй-бүлө институтун чабал кылат жана улуттун келечегине терс таасирин тийгизет" деп эсептейт.
Казакстан муфтияты балалуу болуудан ыктыярдуу баш тартуу шариятка туура келбесин айтты
Дагы караңыз
Шерине