Аталган айылдарда негизинен этникалык кыргыздар турчу. Мурда алар өзбек паспортун алып жүрсө, эми кыргыз паспортун алышакчы.
Кыргызстан менен Өзбекстан чек арасын тактоо боюнча макулдашууга 2022-жылы кабыл алган. Делимитациялоо жана демаркациялоо иштери аяктагандан кийин кайсы бир жерлерди алмашуу жөнүндө сүйлөшүүлөр башталган.
Келишимден кийинки алмашуу
Кыргызстан менен Өзбекстандын бийлигинин чек арадагы жерлерди алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктарын президентинин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов кабарлады.
Фейсбуктагы баракчасында ал Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу эки айыл Кыргызстандын Баткен облусуна өткөрүлгөнүн жана алардын ордуна башка жактан жер берилгенин билдирди:
“Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен чек араларды демаркациялоо маалында мурда Өзбекстанга тиешелүү болуп келген эки айыл жашоочулары менен кошо (болжол менен 2500 адам) Кыргызстанга өттү. Алар – мурда Фергана облусуна караштуу Чоң-Кара (Чоңгара) жана Таш-Төбө (Таш-Төпе) айылдары. Бул айылдарда этникалык кыргыздар жашайт. Эми бул эки айылда каттоо иштери жүрүп, жашоочуларына Кыргызстандын жарандыгы берилет. Бул айылдардын ордуна кыргыз тарап Өзбекстанга чек ара тилкесинен теңме-тең жер бердик”.
Басма сөз катчы ошондой эле Өзбекстандын Сох анклавын айланып өткөн жол салуу үчүн да жер тилкелери алмашылганын кошумчалады:
“Мындан сырткары Сай айылынан Таян айылын көздөй жол салууга 236 гектар теңме-тең жерлер алмашылды. Кудай буюрса, мындан ары баткендиктер Айдаркенден Баткенге чейин 225 километр жол басып айланып жүрбөй, Сай айылынан Таян айылы аркылуу Баткенге чейин 55 километр жол жүрөбүз", – деп айтылат билдирүүдө.
Аскат Алакөзов коңшу өлкөгө кайсы жер тилкелери берилгенин тактаган жок.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо иштери 2000-жылы башталган. Эки өлкөнүн ортосунда СССР жаңы түптөлгөндөгү улуттук-аймактык бөлүштүрүү мезгилинен берки талаш-тартыштар көп болчу. Иш ошол себептүү кечеңдеп отурду.
Тактоо иштеринин кечеңдеши жана саясий окуялардан улам Өзбекстан ортодогу чек ара бекеттеринин көбүн жаап, саналуусун гана иштетип келди. Такталбаган тилкелерден өткөн жарандарга өзбек чек арачылары ок аткан учурлар катталган.
Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилеси 2016-жылы Өзбекстанда бийлик алмашкандан кийин жакшыра баштаган. 2017-жылы 1378 чакырымдык чек аранын 1170 чакырымы (85%) такталган. Калган 15% – эң талаштуу жерлер соңку жылдары такталды.
Өзбекстандын жана Кыргызстандын президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев соңку макулдашууну 2022-жылы ноябрда ратификациялап, 2023-жылы январда Бишкекте ратификациялоо грамоталарын алмашкан.
Ага ылайык, Ош облусундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын акваториясынын 4485 гектар жери жана буга кошумча суу тосмосун коргоо үчүн 19,5 гектар жер тилкеси Өзбекстанга өткөрүлгөн.
Бул үчүн мурда берилбей калган 1019 гектар жайыт жер, суу сактагычтын сол жээги аркылуу курулбай калган суу каналы үчүн кенемте катары жалпы аянты 12 849 гектар Гавасай тилкеси Кыргызстандын карамагына өткөрүлүп берилген. Кыргыз тарап мурда алынган кенемтеге берилген жер тилкесин кошкондо 19 миң гектардан ашуун жер алынганын маалымдаган.
Бул чечимдерге, анын ичинен Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өткөнүнө Кыргызстанда нааразылык чыкканына карабай, маселеге чекит коюлган.
Кыргызстандын бийлиги менен Өзбекстандын бийлиги мына ошондон кийин жаңы жерлерди алмаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн баштаган өңдүү. Анын чоо-жайы буга чейин айтылган эмес.
Чоң-Кара айылынын тургуну Үмүтбек “Азаттык” менен болгон маегинде буларга токтолду:
“Биз деле “Чоң-Кара Кыргызстанга өттү” деген маалыматты интернеттен окуп жатабыз. Эгер чындап өткөн болсо сонун болмок. Биздин айылда 99% кыргыздар жашайт. Жеке меники Кыргызстандын паспорту, бирок көбү Өзбекстандын паспорту менен жүрүшөт. Аралаш. Айыл Өзбекстанга карайт, бирок ар бир үй-бүлөдө Кыргызстандын да жарандары бар болчу. Кыргыз мектеп да, өзбек мектеп да бар, адамдар каалаганына окушчу. Биз айыл Кыргызстанга өтөт деген чечимди кубануу менен кабыл алып жатабыз”.
Анклавдардын тарыхы
Баарыбыз билгендей, Кыргызстандын ичинде Өзбекстандын төрт анклавы болгон. Алардын тарыхын ачык булактардагы маалыматтар менен учкай эстеп алалы.
Биринчиси жана эң ириси Сох. 1924-жылы Орус Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасынын (РСФСР) курамында Кара-Кыргыз автоном облусу түзүлүп, 1925-жылы анын чек арасы чийилген маалда негизинен тажик тектүү калк жашаган Сохтун аймагы Өзбек ССРинин жери катары белгиленип калган.
Кыргыз бийлиги буга доомат арткан соң атайын комиссия маселени кайра изилдеп чыгып, 1926-жылы Сохту кайрадан уюшулган Кыргыз АССРине өткөрүп берген. СССРдин президиуму 1927-жылы өз чечими менен аны кайра Өзбек ССРине өткөрүп берип койгон. Өз кезегинде Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар кеңешинин төрагасы Жусуп Абдрахманов Сталинге катында бул чечимди кескин айыптаган.
Сохтун анклавдык абалы 1955-жылы Кыргыз ССРи менен Өзбек ССРинин өкмөттөрүнүн Паритеттик комиссиясынын чечими менен биринчи ирет макулдашылган. Бирок комиссиянын чечимдерин эки республиканын Жогорку Кеңештери бекиткен эмес. Өлкөлөр эгемендик алган соң аталган аймак Өзбекстандын анклавы катары кала берген.
Экинчиси - Шахимардан анклавы. Кара-Кыргыз автоном облусу жаңыдан түзүлгөн маалда Шахимардандын аянты анклав катары белгиленген эмес, бирок Өзбек ССРи анда өз алдынча айыл түзүп алган экен.
1927-жылы Абдыкадыр Орозбеков төрагалык кылган Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитетинин президиуму Шахимардан дарыясынын айланасындагы чек ара так чийилгенин белгилеп, линиянын бери жагындагы айылды Кыргыз АССРине өткөрүп берүү талап кылган. РСФСРдин жана СССРдин жетекчилигин буга жообу белгисиз. Союз учурунда, кийин эгемендик алганда да Шахимардан Өзбекстанга караштуу болуп кала берген.
Үчүнчүсү - Чоң-Кара анклавы. Орто Азия ликвидациялык комитетинин 1925-жылкы маалыматына ылайык, ал Сохко кирип кеткен жерде түзүлгөн айыл болгон. Кийин анын чарбалык чек арасы да Өзбек ССРине карап калган. Өлкөлөр эгемендик алганда да ал Өзбекстандын карамагында кала берген, бирок анын айланасында Кыргызстандын өзүнө караган Чоң-Кара айылы да бар. Жергиликтүүлөр бул жерди көбүрөөк Жигит-Пирим деген ат менен да билишет.
Төртүнчү анклав бул – Таш-Төбө (Өзбекче Таш-Тепа). Айрым маалыматтарда мунун аталышы Жаңы-Айыл деп айтылчу. 1925-жылкы чечимдерге ылайык бул дагы Өзбек ССРине карап, анын айланасындагы айылдар бүт Кара-Кыргыз автоном облусунда болгон. 1955-жылы Паритеттик комиссиясынын чечими менен анын анклавдык абалы бекилген. 1991-жылдан кийин да бул жер Өзбекстанга карап калган.
Кыргыз бийлиги жарыялаган соңку чечимдерге ылайык, мына ушул төрт анклавдын экөө – Чоң-Кара менен Таш-Төбө Өзбекстандан Кыргызстанга өтүп жатат. Чечим күчүнө кирсе Кыргызстанда Өзбекстандын эки гана анклавы калат.
Чек ара боюнча эксперт Саламат Аламанов “Азаттыкка” курган маегинде буларга токтолду:
“Таш-Төбө чек аранын жанындагы кичинекей айыл, Өзбекстанга караштуу болуп жүргөн. Чоң-Кара деле Сохтун төмөн жагындагы айыл. Мурда деле бул жөнүндө сөз болуп, ал эксклавдарды жоюп, Кыргызстанга өткөрүш керек деп айтылып келген. Маселе көтөрүлүп, бирок кошуналар башка бирдемелерди айтып, өз кызыкчылыктарын коюп, чечилбей жүрчү. Алардын баарында кыргыздар жашаган айылдар. Эл өзү Кыргызстанга өтүүнү суранып келген. Ошондуктан кубаттоого аларлык чечим. [...] “Негизи эл аралык укукта чек ара чечилип, ратификацияланып, кол коюлган соң ал “денонсацияга жатпайт” деген эреже бар. Бирок ошол эле кезде “эгерде эки тарап өз ыктыяры менен алмашууну макулдашса, анда чек араны өзгөртүүгө болот” деген да пункту бар. Бул жолу “эки тарап макулдашты” деп окуп атпайбызбы, ошондуктан буга эл аралык укукта деле жол бериле турган нерсе. Мында эки тарап аянты жагынан бирдей аянттагы аймакты алмаштыргандай чечим болуш керек, ошондо ал мыйзамдуу жол менен кете берет. Бирок кайра мунун баары өзүнчө мыйзам менен бекитилип, ратификацияланышы керек. Өкмөттөр макулдашкандан кийин Жогорку Кеңештен чыгарып, талкуудан өтүп, алар колдосо, мыйзамга президент кол коюш керек. Айтор, бардык эрежелерден өтүшү керек”.
1991-жылы эгемендик алган соң, Өзбекстан анклавдарына Кыргызстандын жолдору аркылуу эркин кирип-чыгууну камсыздоого жетишкен. Бул аралыкта Кыргызстандын Баткен облусунда Сох анклавын айланып өткөн Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен жолу курулган.
Ортодо Өзбекстан тарап Кыргызстандын ичиндеги өзбек анклавдарына жол ачуу маселесине умтулуп, кыргыз бийлиги ар кайсы деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. Эки анклавы берүү менен өзбек бийлиги ушул сыяктуу максаттарын ишке ашырган жокпу? Айрымдар мына ушул суроонун айланасында да ой калчоодо.
Жергиликтүү талдоочу Айталы Айкынов мындай пикири менен бөлүштү:
“Чоң-Кара жана Таш-Төбө айылдарында жалаң этникалык кыргыздар жашайт. Аларды алуу менен биз биринчи кезекте улутташтарыбызды мекенине кайтарып алып жатабыз. Алар эми өз эне тилинде билим алып, окуу жайларга жана башка мүмкүнчүлүктөрдү алышат. Айтор, бул чечим көп жагынан пайдалуу чечим болду. Алардын ордуна кайсы жактан жер берилгенин чынында биле албадым. Ал эми Сай жана Таян айылдарын көздөй тоо этектеринен жол алып өткөнгө жер алынганы да жакшы. Мунун келечеги чоң. Анан эгер Сохко коридор берүү жөнүндө айта турган болсом, андай имиштер да бар. Менин угушумча акыркы жолугушууларда эки тараптан тең эч кандай сунуштар болбоптур. Бул боюнча расмий маалымат чыкканга чейин бирдеме деп айтуу кыйын. Өзбекстандын бийлигинин түпкүрүндө Сохко тоскоолдуксуз түз жол уюштуруу ниети бардыр, ал маселе дайыма коюлуп келет. Бирок биздин төбөлдөр да Кыргызстандын кызыкчылыгын эске алып чечим кабыл алышса керек деп ойлойм”.
Баса, кыргыз бийлиги 2022-жылы Кыргызстан Өзбекстандын аймагында жайгашкан Барак эксклавын Ташкентке алмашканын, кыргыз тарап анын ордуна Кара-Суу районуна чектеш аймактан 208 гектар жер алганын айткан.
Барактыктар 2024-жылдын апрелинде Оштун Кара-Суу районуна көчүрүлгөн. Аларга жаңы айыл Өзбекстан менен Барак айылына айырбашталган жерге салынып баштаган.
Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө караган Барак айылы Кыргызстандын эң чоң эксклавы болуп саналчу. Ал чек арадан 1,5 чакырым Өзбекстандын Анжиян облусунун Коргон-Төбө районунун ичинде жайгашкан эле.
Тажикстан менен чек ара келишиминин алкагында алардын Баткен облусунун аймагында жайгашкан Кайрагач анклавы Кыргызстанга алынып, ордуна башка жер тилкеси берилген. Тажикстандын мындан сырткары Кыргызстандын ичинде Ворух анклавы бар.
Шерине