"Бийликти күч менен басып алууга чакырган посттору үчүн"
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 21-августта Threads социалдык тармагынын эки колдонуучусу кармалганын кабарлады. Коопсуздук кызматы тараткан маалыматта алар "бийликти күч менен басып алууга ачык чакырган" маалыматтарды таратууга шектелип жатышканы айтылды.
46 жана 44 жаштагы эки жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("Маалыматтык-коммуникациялык тармактарды пайдалануу менен бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") менен кылмыш иши козголгону белгилүү болду.
Атайын кызмат билдиргендей, шектүүлөр Threads социалдык тармагында "мыйзамсыз мүнөздөгү, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктарды камтыган билдирүүлөрдү такай жайгаштырып жана таратып келгени", өлкөдө "коомдук тартиптин бузулушуна жана коомдук-саясий кырдаалдын туруксуздашына өбөлгө түзүшү мүмкүн болгон" материалдарды таратканы аныкталган.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөр мыйзамсыз мазмундагы постторду чыгарышканын мойнуна алышканы айтылды.
Кармалгандардын жакындары жана адвокаттары азырынча УКМКнын маалыматына байланыштуу комментарий бере элек.
Июлдун аягында Ички иштер министрлиги (ИИМ) Threads социалдык тармагынын колдонуучусу "Бишкекте мыйзамсыз митинг уюштурууга чакырык жасоого" шектелип кармалганын билдирген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык башаламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошондой эле жарандарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен кылмыш иши козголгону кабарланган.
Милиция шектүү “Кытайдын жарандарына карата терс мүнөздөгү маалыматтарды таратып келгенин" билдирген.
"Чектөөнүн кесепети бийликке тиет"
Кыргызстанда белгилүү болуп, колдонуучулары арбын соцтармактардын ичинен акыркы убактарда Threads'те бийликти сындаган пикирлер көп жазыла баштады.
Саясат талдоочу Эмилбек Жороев бийликти сындаган посттору үчүн кармалып, камалгандар жаңылык болбой калганын белгилөөдө. Ал Кыргызстанда сөз эркиндиги чектелиши уланып жатканы демократиялык өлкөнүн жана президенттин аброюна, бийлигине шек келтирерин айтууда:
"Эгер бийликтин көз карашынча жарандар саясий кубулуштар, мамилелер тууралуу жалаң жактоо, жактыруу таризинде гана үн катууга милдеттүү болсо, анда аны бийлик ачык эле айтыш керек. Анда, албетте, Кыргызстан ачык, укуктук, эркин саясий коомдон чыгат. Жалпы коомчулук арасынан катардагы эле, эч кандай саясий ишмер эмес, жөн гана аты-жөнү да дээрлик билинбеген жарандардын ачык берилбеген таризде камакка алынып калышы ашкере бир полициялык режимдеги мамлекетке айланып баратканы, адилеттүүлүк алдан тайып баратканы жөнүндө коомчулукка таасир калтырат. Буга президент өзү аралашуусу керек. Анткени мунун терс кесепети эң ириде президентке, президенттик бийликке, анын аброюна, элдин арасындагы колдоосуна шек келтирип жатканы турган нерсе".
Кыргызстанда акыркы жылдары сөз эркиндигин чектөө күч алып, пикири үчүн кармалып, сот жообуна тартылгандар көп катталды. Алардын көбүнө "жапырт башаламандык уюштурууга чакырык, бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" сыяктуу беренелер көп колдонулат.
Журналисттер жапырт кармалып, пробациялык жаза алып, абакка кесилгендери болду. Айрымдар чет өлкөгө баш калкалап чыгып кетишти.
Ушундан улам медиа уюмдар, эксперттер бийликти ЖМК жана коомчулук менен диалогго барууга үндөп келишет.
Медиа эксперт Азамат Тынаев мындай диалогдордун артыкчылыгын белгилеп, ШКУ саммити, Көчмөндөр оюну сыяктуу үлкөн иш-чаралар өтсө бийлик, маалымат каражаттары жана коомчулук бир үстөлгө отуруп, сүйлөшүү зарылчылыгы келди деген оюн айтты:
"Ушунун баары ачык коомдук дискуссиянын зарылчылыгы. Көптөн бери эле баарыбыз унчукпай, жаңылыктарды окуп, "ии муну кармап кетишиптир, тиги кармалыптыр" деп окуп коюп эле, унчукпай отурабыз. Бул кубулуштардын артындагы адам укуктары, сөз эркиндиги дегендерди да унутпашыбыз керек. Мына, президентибиз көз карандысыз журналисттерге ачык маек куруп жатат. Бийлик ачык болгон соң, биз да бир үстөлгө отуруп, абалды талкуулап алсак абдан туура болмок".
"Бийлик эмес мыйзам каматты"
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар жана демократия өкүм сүрүп жатат деген пикирин мурдатан эле айтып келет. Мамлекет башчы жакында эле журналист Али Токтакуновдун YouTube каналына курган маегинде пикир үчүн абакта жаткандарды бийлик эмес, мыйзам каматканын белгилеген:
"Блогерлер деле ошолорду туурады да. Тигини деле, муну деле тартышат, анан "кокуй, бул туура эмес, ал туура эмес" деп кыйкыра беришет. Анткени тигилерден үлгү алган да. Анан мыйзамдар түзүлдү, жоопкерчилик алышты. Туура эмес маалымат таратсаң, бирөөнүн беделине шек келтирсең жооп бересиң деп. Аларды мен каматкан жокмун да, "кама" деп дагы айтпайм. Мыйзам каматат. Аларды суроо Ички иштер министрлигинин, УКМКнын милдети. Тартип деген болуш керек. Тартип болбосо, мамлекет чачырап кетет. Айрым учурда 5-10 суткага камашы мүмкүн".
Президент Кыргызстанда мыйзам иштегени үчүн "кемпирабадчылар" 100% акталганын, акын Аскат Жетигенди өзүн сөккөнү үчүн каматпаганын, буга башка себептер түрткү болушу мүмкүн экенин айткан.
Жарандык активист Мавлян Аскарбеков 12-июнда Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүсүнө байланыштуу кармалып, камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айып тагылууда. УКМК кылмыш иши боюнча маалымат бере элек.
Бийликти сындаган пикири үчүн үч жылга кесилген акын Аскат Жетиген 18-август күнү мөөнөтүн өтөп бүтүп, эркиндикке чыкты.
Фейсбуктагы баракчасына сынчыл маанайдагы ырынын видеосун жарыялаган блогер Илияс Чыңгызбек уулу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына чакырылган. Кийинчерээк ал ырынын да, милицияга барган видеосун да баракчасынан өчүргөн.
Шерине