Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:43

Өкмөт 2030-жылга чейин бала бакчага барган балдардын санын 80% жеткирүүнү пландоодо

Бала бакча. Иллюстрациялык сүрөт.
Бала бакча. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү 2030-жылга чейин бала бакчага барган балдардын санын 80% жеткирүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 21-августта “Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө” улуттук педагогикалык форумунда айтканын “Ынтымак ордо” кабарлады.

Расмий маалыматка ылайык, 2021-жылы бала бакчага барган балдар 22% түзсө, 2025-жылы 51% жеткен.

Акыркы беш жылда өлкө боюнча 390дан ашык жаңы мектеп курулуп, 110дон ашык мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөнү айтылды. Билим берүүгө бөлүнгөн каражат 2021-жылы 40 млрд сомдон 2025-жылы 75 млрд сомго чейин көбөйгөн.

Өкмөт мектеп жана бала бакча жетишсиздиги боюнча маселени чечүү үчүн көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатына менчик мектеп, бала бакча ачууга уруксат берген. (BTo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG