Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Threads социалдык тармагынын дагы бир колдонуучусу “бийликти күч менен басып алууга чакырык” жасаган деген шек менен кармалганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүү (Т.Д.Ш.) “Threads'те мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктарды камтыган, коомдук-саясий кырдаалдын туруксуздашына алып келе турган материалдарды системалуу түрдө жарыялап жана таратып келген” деп шек саналууда.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси – “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” менен кылмыш иши козголуп, 44 жаштагы шектүү УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Анын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.
УКМК 21-августта эле ушундай эле айып менен Threads социалдык тармагынын колдонуучусу (А.А.М.) колго түшкөнүн кабарлаган.
Кыргызстанда буга чейин да социалдык тармактын колдонуучулары элди жапырт башаламандыкка үндөгөн, чагымчыл маалыматтарды тараткан жана башка жүйөлөр менен кармалып, жоопко тартылгандар болгон. Акыркы жолу апрель жана июль айларында да Threads социалдык тармагынын колдонуучулары ушундай эле кине менен кармалышкан. (BTo)
Шерине