Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Август, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Threads'тин колдонуучусу "бийликти күч менен кулатууга чакырык жасаган" деген шек менен кармалды

Кармалган шектүү.
Кармалган шектүү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Threads социалдык тармагынын колдонуучусу (А.А.М.) бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктарды камтыган материалдарды тараткан деген шек менен кармалганын кабарлады.

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси – “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” менен кылмыш ишин козгоп, 46 жаштагы адамды аныктаганын билдирди.

УКМК ал Threads социалдык тармагында бийликти күч менен басып алууга чакырыктарды камтыган билдирүүлөрдү системалуу түрдө жарыялап, коомдук-саясий кырдаалдын туруксуздашына өбөлгө түзүшү мүмкүн болгон материалдарды таратканы аныкталганын билдирүүдө. Шектүү атайын кызматтын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Шектүүнүн жакындары менен адвокаты комментарий бере элек.

Кыргызстанда буга чейин да социалдык тармактын колдонуучулары элди жапырт башаламандыкка үндөгөн, чагымчыл маалыматтырды тараткан жана башка жүйөлөр менен кармалып, жоопко тартылгандар болгон. Акыркы жолу апрель жана июль айларында да Threads социалдык тармагынын колдонуучулары ушундай эле кине менен кармалышкан. (BTo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG