Иран бийлиги Исфахан шаарындагы быйыл жыл башындагы кандуу башаламандыкка байланыштуу айыпталган дагы бир адамды өлүм жазасына тартты. Өлкөнүн сот бийлиги 20-августта «Ариан» деген каймана аты менен белгилүү Каэм Хоссейни дарга асылганын билдирди.
Бийлик аны чет өлкөнүн жараны болгон, «жер жүзүндө бузукулук жайылткан», «Кудайга каршы согуш ачкан», улуттук коопсуздукка каршы иштеп, мамлекеттик мүлктү жок кылган деп айыптаган.
Тергөөнүн версиясында ал быйыл 8-январда Исфахандагы Алихани аянтындагы атайын багыттагы төрт кызматкер каза болгон башаламандыкка катышканы айтылган.
Бул иш боюнча ушуну менен беш адам дарга асылды, дагы кеминде сегиз айыпталуучу өлүм жазасына тартылышы мүмкүн экени кабарланууда.
БУУнун маалыматына караганда, Иранда коопсуздук жана саясий айып боюнча өлүм жазасына тартылгандар акыркы айларда көбөйүүдө. Amnesty International уюмунун эсебинде, Иран өлүм жазасын колдонуу боюнча дүйнөдө Кытайдан кийинки экинчи орунда турат.
Шерине