АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы болуп көрбөгөндөй масштабдагы экономикалык чаралар башталарын жарыялады. Бул тууралуу ал 20-августта Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
Трамптын айтымында, Вашингтон буга чейин Иранга келишим түзүү үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү сунуштады, бирок Тегеран аларды пайдаланган жок.
“Иран Ислам Республикасына келишим түзүүгө менчелик көп мүмкүнчүлүктү башка эч ким берген эмес. Алардын тилегине каршы, ошону пайдалана алышкан жок. Ошондуктан мен бүгүн кимдир бирөө кайсы бир өлкөгө каршы мынчалык кыйратуучу кылып жүргүзбөгөн таасирдеги экономикалык операция жарыялайм! Бул болуп көрбөгөндөй масштабдагы экономикалык согуш жана изоляция болот”, – деп жазды АКШ президенти.
Ошондой эле ал Иранга жардам көрсөткөн бардык мамлекеттер “эң чоң экономикалык кесепеттерге” кабыларын эскертти. Бирок кандай чара экенин тактап айткан жок.
Трамп Иранга каршы жарыялап жаткан саясатты “экономикалык D-Day” деп атап, АКШнын өнөктөштөрүн Тегеранды эл аралык деңгээлде обочолонтуу аракеттерине кошулууга чакырды. D-Day термини Экинчи дүйнөлүк согуштагы 1944-жылдын 6-июнунда союздаш күчтөрдүн Нормандияга түшүрүлгөн операциясына байланыштуу колдонулат.
Буга чейин Трамп Иранды аскердик соккулар менен да коркутуп келген. Бирок соңку мезгилде ал мындай билдирүүлөрдөн баш тартып, негизги басымды экономикалык кысым көрсөтүүгө бура баштады.
АКШ президенти журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Иран жабабыз деп бир нече жолу билдирген Ормуз кысыгы АКШнын көзөмөлүндө экенин дагы бир жолу кайталады. Ал ошондой эле азыркы кырдаалга канааттанарын айтып, келечекте Вашингтон менен Тегерандын сүйлөшүүлөрү кайра жанданышы мүмкүн экенин белгиледи.
Ал арада Axios басылмасы АКШ администрациясындагы булактарына таянып, америкалык аскер күчтөрү Ормуз кысыгы аркылуу мунай танкерлеринин коопсуз өтүшүн камсыздап жатканын жазды. Маалыматка караганда, бул маршрут аркылуу күн сайын миллиондогон баррель мунай ташылууда. Басылма АКШ бул аракеттерди Перс булуңундагы өлкөлөр менен координациялап жатканын белгиледи.
Ошондой эле маалыматта июль айындагы АКШнын Ирандагы объектилерге жасаган соккуларынан кийин Тегерандын кеме кыймылына таасир көрсөтүү мүмкүнчүлүгү алсыраганы айтылат. Ошого карабастан, ирандык күчтөрдүн кемелерге каршы чабуулдары уланып жатканы кабарланууда.
Вашингтон да, Тегеран да бул маалыматтарга байланыштуу расмий комментарий бере элек.
Шерине