Саясатчы Мавлян Аскарбеков 20-августта Бишкектин Ленин райондук сотунан конвойлордун коштоосунда чыгып баратып, ага каршы козголгон кылмыш иши боюнча кыскача комментарий берүүгө жетишти.
“Президент “сөз эркиндиги бар” деди. Мен өз оюмду өкмөткө кайрылып айттым. Жашыруун тартылган видео монтаждалган”, - деди ал.
Райондук сотто 20-августта алгачкы соттук угуу өттү. Саясатчынын адвокаты Эрик Ирискулбеков судья Мавлян Аскарбековду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн четке какканын, 24-августтагы отурумда тергөөдөгү далилдерди жокко чыгаруу боюнча өтүнүч караларын айтты.
Анын сөзүнө ылайык, Мавлян Аскарбековго Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүсүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айып тагылууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кылмыш иши боюнча маалымат бере элек.
Мавлян Аскарбеков кармалганы 12-июндун кечинде белгилүү болгон. Ошол күнү ал Фейсбуктагы баракчасына ага провокациялык мүнөздөгү маалыматтар таратылып жатканын, үйүнө УКМКнын кызматкери барганын жазган.
47 жаштагы Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү окуяларды активдүү комментарийлеген саясатчылардын бири. Ал бийликтин айрым иштерин сынга алган пикирлери менен бөлүшүп келген. (BTo/DSh)
Шерине