Украинанын Жогорку Радасы Евгений Хмараны өлкөнүн коргоо министри кызматына дайындады. Анын талапкерлигин 312 депутат колдоду.
Хмара 2022-жылы Орусия Украинага кеңири масштабдагы басып киргенден бери Коргоо министрлигин жетектеген бешинчи министр. Ал буга чейин, 2026-жылдын январынан июлуна чейин Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп иштеген. Андан мурда аталган кызматтын атайын операциялар борборун жетектеген. 2026-жылдын июль айынан тартып коргоо министринин милдетин убактылуу аткарып келген.
Украинанын президенти Владимир Зеленский буга чейин коргоо министри кызматынан Михаил Федоровду бошоткон.
Михаил Федоров Украинанын коргоо министри кызматында жарым жыл иштеген. Ал кызматтан алынгандан кийин өлкөнүн бир катар шаарларында аны колдогон жана кайра кызматка кайтарууну талап кылган жапырт акциялар өткөн.
Кызматтан кеткенден кийин Федоров Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн ошол кездеги башкы командачысы Александр Сырскийди кескин сынга алган. Экөөнүн ортосунда аскердик стратегияга, өзгөчө дрондорду кеңири колдонуу маселесине байланыштуу пикир келишпестик чыккан. Федоров өзү кызматтан Сырскийдин талабы менен алынганын айткан.
Хмаранын талапкерлигине добуш берүүнүн алдында Михаил Федоров Украинада согуш шартына карабастан президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырып, өлкө бийлигин сынга алган.
Шерине