Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:01

Орунбековдун тизмеси: Милиция териштирүү баштадыбы?

Дайырбек Орунбеков жана анын Фейсбуктагы талкуу жараткан посту. Коллаж.
Дайырбек Орунбеков жана анын Фейсбуктагы талкуу жараткан посту. Коллаж.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун ондогон адамдардын жеке маалыматтарын жарыялаганы боюнча Ички иштер министрлиги (ИИМ) териштирүү баштаганын укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди. ИИМ бул туурасында маалымат бере элек.

"Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова “Түндүк” мамлекеттик системасындагы сүрөтү, жеке маалыматтары Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун колуна кандай шартта түшүп калганын териштирүүнү талап кылып Башкы прокуратурага арыз жазган.

Ал “Түндүктөгү” купуялуулук сакталбай калганы жарандарды кооптуу абалга кептей турганын билдирүүдө.

Гүлшайыр Абдирасулова
Гүлшайыр Абдирасулова

“Түшүнгөнүм боюнча, ИИМ териштирүү иштерин баштаптыр. Менин кайрылуум боюнча эмес, негизи эле териштирүү баштаган экен. Бул “Түндүктөн” алынган болбосо башка жерден алынмак эмес. Анткени паспортум менин жанымда. Демек, бул “Түндүктөн” алынган маалымат болуп жатат. Менин “Түндүктөгү” жеке кабинетиме бирөө мыйзамсыз кирип жаткан болсо, ал жерде менин көп маалыматым бар. Мисалы, ден соолугум, үй-бүлөлүк абалым боюнча. Башка кызматкерлердин кирүүсүнө мүмкүнчүлүк болгону мен үчүн коркунучтуу”.

Ички иштер министрлиги бул туурасында азырынча маалымат бере элек.

Дайырбек Орунбеков 20-июлда Фейсбукта Кыргызстанда саясатчылардын тарапташтары өздөрүнүн жана фейк аккаунттар аркылуу чет элдиктер жөнүндө терс маалыматтарды таратып жатканын жазган.

Постко социалдык тармактарда өзүнүн пикирин активдүү билдирген 70тен ашуун кишинин ар бири тууралуу маалымат, сүрөтү, туулган күнү, айы, жылы менен коштолгон тизме тиркелген.

“Жалган маалыматтарды таратып, улут аралык кастыкты козуткандыгыңар үчүн мыйзам алдында жооп берип, камаласыңар. Токтоткула ушагыңарды. Темир жол бүтүп, завод-фабрикалар салынышы керек. Биз өндүрүшү өнүккөн, экономикасы кубаттуу, эмгек акылары менен жөлөк пулдары жогору өлкөдө жашагыбыз келет. Силерге 30 жыл алдандык. Эми алданбайбыз. Президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборунун мониторинг бөлүмү социалдык тармактар аркылуу коомчулукту козутууга аракет кылган аккаунттарды, алардын байланыштарын аныктап жатат. Мындан тышкары, укук коргоо органдары дагы иш алып барууда”, - деп жазган ал.

Орунбеков мындай маалыматтарды “мурдараак Адахан Мадумаровдун, Алмазбек Атамбаевдин жана өкмөттүк эмес уюмдардын тарапташтары таратып” келген болсо, эми аларга Камчыбек Ташиевдин командасынын фейктери кошулганын” жазган. Бирок көп өтпөй Ташиев жөнүндө сөздү алып, ага байланыштырган адамдардын тизмесин да өчүргөн.

Постто аты аталган жарандар “Түндүк” системасындагы жеке маалыматтардын ачыкка чыгып кеткенине нааразы болуп, айрымдар бул үчүн Орунбековду сотко берерин айткан.

Нурбек Токтакунов
Нурбек Токтакунов

“Жоопкерчилигин караш керек. Дайырбек Орунбеков ошол маалыматка кантип жетти? Каяктан алды? Мүмкүн, системада кемчилиги барбы? Ошол суроолордун баарына жооп алыш керек. Ал, биринчиден, маалыматты таратты, экинчиден, элди коркутту өзүнүн кызматын колдонуп. Азыр эми териштирилип жатса, жообун күтөлү. Бирок президенттин администрациясы деле чара колдонсо болмок”, - деди юрист Нурбек Токтакунов.

Саясат талдоочу Адил Турдукулов президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысынын мындай кадамы өлкөдөгү санариптештирүү аракетине көлөкө түшүрүп, элдин ишенимине доо кетирет деген ою менен бөлүштү:

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

“Президенттин санариптештирүүгө болгон аракети алгылыктуу. Санариптештирүү аркылуу коррупцияны азайтабыз деп бир канча жолу айтып келет. Бул элдин санариптештирүүгө болгон ишеними менен түздөн-түз байланыштуу. Элде ишеним болбосо, анда бул жааттагы саясат болушу мүмкүн эмес. Андагы купуялуулукту сактоо башкы милдет. Биз тууралуу маалыматтын ачыкка чыкканы биздин гана укукту бузган жок, жалпы жарандардын купуя маалыматын бийлик өзүнө карата пайдаланып кетпейби деген шек болот. Дайырбек Орунбековдун аракети президенттин санариптештирүү саясатына жолтоо болгон жана каршы жүргүзүлгөн иш десек болот, бул үчүн жоопко тартылышы керек”.

"Азаттык" ошол посттун чоо-жайын, максатын, анда аты аталгандардын талаптары тууралуу комментарий алуу үчүн Дайырбек Орунбековго өзүнө кайрылды. Бирок ал комментарий берүүдөн баш тартты.

Буга чейин Жеке маалыматтарды коргоо мамлекеттик агенттиги ондогон адамдардын жеке маалыматтары ачыкка чыгып кеткенине байланыштуу териштирүү баштаганын билдирген. Азырынча анын жыйынтыгы белгисиз.

“Түндүк” ачык акционердик коомунун 100% акциясы Президенттин иш башкармалыгына өткөнү быйыл май айында кабарланган. Иш башкармалык да бул окуя боюнча үн ката элек.

“Түндүктөгү” жарандардын жеке маалыматын ким коргойт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:39 0:00
Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG