Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

"Бир дүйнө – Кыргызстан" уюму Орунбековдун тизмесин айыптаган кайрылуу таратты

Дайырбек Орунбеков жана анын Фейсбуктагы талкуу жараткан посту. Коллаж.
Дайырбек Орунбеков жана анын Фейсбуктагы талкуу жараткан посту. Коллаж.

"Бир дүйнө – Кыргызстан" укук коргоо уюму Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков соцтармактардын колдонуучуларына эскертүү берген постуна байланыштуу кайрылуу таратып, камтамачылыгын билдирди. Уюм анда жарыяланган тизмеде ондогон адамдардын жеке маалыматтары ачыкка чыгып кеткенин айыптады.

Мекеме “жалган маалымат” таратуу үчүн эскертүү берүү сөз эркиндигине, пикир билдирүү эркиндигине, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишине, журналисттердин, укук коргоочулардын жана жарандык активисттердин коопсуздугуна тобокелчиликтерди жаратарын белгиледи. Кайрылууда мындай жосун Кыргызстандын Конституциясына жана БУУнун адам укуктары боюнча декларациясына каршы келери белгиленет.

"Бир дүйнө – Кыргызстан" мамлекеттик органдарды жана алардын кызматкерлерин пикир билдирүү эркиндигин камсыздоого, адамдардын укуктарын чектеген билдирүүлөрдү жасоодон карманууга, журналисттердин, укук коргоочулардын жана ишине коопсуз шарт түзүүгө кепилдик берүүнү жана башка нерселерге чакырды.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков 20-июлда Фейсбукта пост жазып, Кыргызстандын маалымат айдыңында чет элдиктер жөнүндө терс маалыматтарды саясатчылардын тарапташтары өздөрүнүн аккаунттары жана фейк аккаунттар аркылуу таратып жатканын билдирген. Орунбеков мындай маалыматтарды “мурдараак Адахан Мадумаровдун, Алмазбек Атамбаевдин жана өкмөттүк эмес уюмдардын тарапташтары таратып” келген болсо, эми аларга Камчыбек Ташиевдин командасынын фейктери кошулганын” жазган.

Орунбеков аталган саясатчыларга жакын делген жана өкмөттүк эмес уюмдарга тиешеси бар делген адамдардын аты-жөнү, сүрөттөрү, туулган күнү жөнүндө маалымат кошулган тизмени да жарыялаган. Кийин постунан Ташиев жөнүндө сөздү алып, ага байланыштырган адамдардын тизмесин өчүргөн.

Постто аты аталган юристтер, укук коргоочулар, активисттер, саясий серепчилер Дайырбек Орунбековдун жазганын кескин сынга алып, мамлекеттик кызматкер алардын “Түндүк” системасында камтылган жеке маалыматтарын ачыкка чыгарып жибергенине социалдык тармактарда нааразылык билдирүүдө. Айрымдары Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысын сотко берерин кабарлашты.

"Түндүк" ачык акционердик коомунун 100% акциясы Президенттин иш башкармалыгына өткөнү быйыл май айында кабарланган. Иш башкармалык азырынча комментарий бере элек. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG