Украинанын учкучсуз учактары 20-августта Татарстанга жана Краснодар крайына чабуул койду. Бул тууралуу Телеграмдагы мониторинг каналдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.
Нижнекамск шаарынын мэри Радмир Беляев 20-августтун таңында абадан коргонуу күчтөрү кезектеги жапырт чабуулдун мизин кайтарганын билдирди. Украиналык Exilenova+ жана Supernova+ мониторинг каналдарынын маалыматына караганда, бутага "Танеко" мунайды кайра иштетүүчү заводу ("Татнефть") алынган.
Exilenova+ жана Supernova+ каналдарынын маалыматы боюнча, дрондор Темрүк районундагы "Таман" көмөк чордонуна (Кубан менен Крымды байланыштырган энергетикалык көпүрөнүн негизги түйүнү) жана Волна кыштагындагы "Таманьгазнефть" мунай терминалына да сокку урган. "Крымский ветер" каналынын маалыматына ылайык, 30-июлда украиналык дрондор аталган терминалдагы 12 резервуарды жок кылган.
Мындан тышкары, "Крымский ветер" спутниктен алынган маалыматтарга таянып, Украинага "Шахед" дрондорун учуруу үчүн колдонулган Приморско-Ахтарск аскердик аэродромунун аймагында өрт катталганын билдирди.
Ульяновск облусунун губернатору Алексей Русских дрондордун чабуулунан бир адам жабыркаганын маалымдады. Анын айтымында, облустун үстүнөн 11 дрон атып түшүрүлгөн.
"Новоспасск районунда чабуулдун мизи кайтарылды. Инфраструктура жабыркаган жок. Окуя болгон жерде атайын кызматтар иштеп жатат. Электр линиясынын мамыларына зыян келтирилип, оңдоо иштери жүрүүдө. Электр менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган жок. Тилекке каршы, жабыркаган адам бар. Жаш жигит башынан жаракат алган, абалы оор", – деп жазды ал.
Украина тарап азырынча Орусиянын аймагына соккулар тууралуу маалыматка комментарий бере элек.
Орусиянын Коргоо министрлиги Астрахань, Белгород, Брянск, Волгоград, Воронеж, Калуга, Курск, Орёл, Ростов, Рязань, Самара, Саратов, Тамбов, Тула жана Ульяновск облустарынын, Москва аймагынын, Краснодар крайынын, аннексияланган Крымдын, Татарстандын, ошондой эле Азов жана Кара деңиздеринин акваториясынын үстүнөн 726 украиналык дрон кармалып же жок кылынганын билдирди.
Шерине