Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Орусиянын Житомирге соккусунан эки полиция кызматкери каза тапты, 40ка жакыны жараат алды

Орусиянын соккуларынын бири Житомир облустук полиция башкармалыгынын имаратына тийди. 19-август, 2026-жыл
Орусиянын соккуларынын бири Житомир облустук полиция башкармалыгынын имаратына тийди. 19-август, 2026-жыл

Орусиянын армиясы 19-августта Украинанын Житомир шаарына реактивдүү учкучсуз учактар менен чабуул койду. Соккулардын бири Житомир облустук полиция башкармалыгынын имаратына тийди.

Бул тууралуу облустук администрациянын башчысы Виталий Бунечко Телеграмга жазды.

Кийинчерээк Украинанын Улуттук полициясы соккуда эки кызматкер өлгөнүн, 40ка жакын киши жабыркаганын кабарлады.

Соккунун кесепеттери тууралуу сүрөт-видеолор интернетке жарыяланды.

19-августта эртең менен орус армиясы Херсондун Корабельный районунда маршруттук унааны дрондор менен аткылады. Херсон облусунун башчысы Александр Прокудин андан төрт киши каза таап, бешөө жараат алганын билдирди.

Херсондун башка райондору да бутага алынып, дагы эки киши каза тапкан.

Херсон күн сайын Орусиянын аткылоосуна кабылып келет. Телеграм каналдар шаардын көчөлөрүндө FPV-дрондор карапайым тургундарды ары-бери ойнотуп, "аңчылык" кылып жатканы тууралуу видеолорду таратышкан.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG