Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Жапырт кармалган саясатчылардын камактагы мөөнөтү эки айга узартылды

Эрмек Эрматов, Кадырбек Атамбаев жана Темирлан Султанбеков. 15-январь, 2026-жыл. Биринчи май райондук соту.
Эрмек Эрматов, Кадырбек Атамбаев жана Темирлан Султанбеков. 15-январь, 2026-жыл. Биринчи май райондук соту.

Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Массалык башаламандыктар” беренелери менен айыпталып жапырт кармалган саясатчылардын камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-августта чыгарганын адвокат Асел Аргымбаева билдирди.

2025-жылдын 22-ноябрынын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Көп өтпөй Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган. Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган.

ИИМ ушул эле күнү жапырт кармалган адамдарга байланыштуу маалымат таратып, алардын үй-жайын тинтүүдө курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңгизаттар алынганын маалымдаган. Мекеме шектүүлөргө Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин өлкөдө тополоң уюштурууну максат кылган деген айып койгон.

Кийинчерээк 150 миң доллар “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, экс-депутат Адахан Мадумаровдуку экени белгилүү болгон. Оппозициялык саясатчы каражат анын үй-бүлөсүнө таандык экенин айтып, ИИМдин кызматкерлери акчаны далил катары алып кеткенин билдирген. Бул иш боюнча Адахан Мадумаров күбө катары сурак берип чыккан.

Кармалгандардын ичинен “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаевге жана экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кине коюлган. Эрмек Эрматовго, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеевге, активист Турсунбай Шараповго, экс-депутат Шайлообек Атазовго жана ишкер Урмат Барктабасовго, ошондой эле толук аты-жөнү белгисиз (К.Н.К. жана У.у.Э.) дагы эки адамга “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча айып тагылган.

Кармалгандар жана алардын жакындары коюлган айыптарды четке кагышкан.

Экс-депутаттар Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов быйыл 25-январда үй камагына чыгарылган, Мурдагы президенттин жансакчысы Дамир Мусакеев башка жакка кетпөө тилкаты менен 9-июлда камактан бошотулган. Айыпталуучулардын калгандары камакта. Алар Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

Иш Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. Асел Аргымбаеванын айтымында Шайлообек Атазовдун, Урмат Барктабасовдун, Дамир Мусакеевдин иши өзүнчө бөлүнгөн. (BTo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG