Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:23

Акын Аскат Жетиген үч жылдык мөөнөттү өтөп бүтүп, эркиндикке чыкты

Эркиндикке чыккан Аскат Жетиген. 19-август, 2026-жыл
Эркиндикке чыккан Аскат Жетиген. 19-август, 2026-жыл

Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде камакта отурган акын Аскат Жетиген бүгүн, 19-августта эркиндикке чыкты. Ал чегерилген үч жылдык мөөнөттү толук өтөп бүттү.

Акындын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, аны 19-августта саат 7:30 чамасында жаза өтөө мекемесинин кызматкерлери автоунаа менен алып келип, Курманжан датка көчөсүнүн Чоң Чүй каналы менен кесилишине калтырып кеткен. Акын ошол жерден жакындары менен жолукту.

Мурдараак укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына акынды тосуп алуу үчүн барган жакындары, адвокаты аны жаза өтөөчү мекемеден таппай калышканын жазган.

"Аскаттын адвокаты жана жакындары саат 8:30да аны тосуп алуу үчүн жаза өтөө мекемесинин алдына барышкан. Бирок аларга акынды мекеменин башчысы 19-августта эртең менен эрте өзүнүн автоунаасына салып кеткенин билдиришкен", - деп жазды укук коргоочу.

Жетигенге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эки кылмыш ишин козгогон. Биринчиси - 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”), экинчиси - 2024-жылы 15-мартта жарыялаган видеосунан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) негизинде.

2024-жылы Бишкектин Свердлов райондук соту аны “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан.

“Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси боюнча актаган. Кийинки инстанциялар бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Ал кармалгандан кийин атайын кызматта, соттолгон соң абакта бир нече жолу кыйноого кабылганын айткан. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) андай дооматты четке кагып келди.

Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен 20дан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” жана башка бир канча ыры эл арасында белгилүү.

Жетиген бийликти кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган. (GE/ZKo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG