Украинанын мурдагы коргоо министри Михаил Федоров өлкөдө уланып жаткан согуш шартында да шайлоо өткөрүүгө мүмкүндүк бере турган мыйзамдуу, коопсуз жана реалдуу механизмди табууга чакырды. Ал 18-августта өзүнүн YouTube каналындагы видео кайрылуусунда бул маселе боюнча пикирин билдирди.
«Эгер согуш дагы бир, эки же үч жылга созулса, анда Орусия украиндер качан кайрадан өз бийлигин шайлай аларын аныктоого укук алып калабы? Менин оюмча, жок. Демократия Орусиянын барымтасында калбашы керек», – деди Федоров.
Ошол эле учурда ал толук демократиялык процессти калыбына келтирүү оңой болбой турганын белгиледи. Анын айтымында, добуш берүү укугу аскер кызматкерлерине, чет өлкөдө жүргөн украиналыктарга жана фронтко жакын аймактардын жашоочуларына камсыздалышы керек. Мындан тышкары, шайлоонун жыйынтыгына болгон ишенимди сактоо жана мамлекеттик институттардын көз карандысыздыгын камсыздоо маанилүү.
Федоров ошондой эле коомдо кандайдыр бир кызматка дайындоодо негизги критерий кесипкөйлүк, натыйжа же өлкөнү өзгөртүү жөндөмү эмес, системага болгон жеке берилгендик деген түшүнүк пайда болушу өзгөчө кооптуу экенин айтты.
Михаил Федоров 15-июлда коргоо министри кызматынан кеткенин жарыялаган. Маалыматтарга караганда, анын кызматтан кетишине Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский менен пикир келишпестиктер себеп болгон. Федоровдун отставкасы тууралуу билдирүүсүнөн кийин Украинанын бир катар шаарларында аны колдогон нааразылык акциялары өткөн.
Акциянын катышуучулары Федоровду акыркы жылдардагы эң натыйжалуу коргоо министрлеринин бири катары баалашкан. Алардын айрымдары армиядагы башкаруу маселелерине нааразылыгын билдирип, Куралдуу күчтөрдөгү реформалар жана модернизация дал ушул Федоровдун аты менен байланыштырылып келгенин белгилешкен.
Украина бийлиги согуш маалында эч кандай шайлоо өтүшү мүмкүн эмес деген жүйө айтып келет.
Шерине