Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Киевге жапырт соккуда 10дон ашуун киши каза болду, 40тан ашууну жараат алды

Украинанын баш калаасы Киев Орусиянын соккусунан кийин. 20-август, 2026-жыл
Украинанын баш калаасы Киев Орусиянын соккусунан кийин. 20-август, 2026-жыл

Орусиянын армиясы 20-августка караган түнү Украинанын борбору Киевге жапырт сокку урду. Акыркы маалыматтарга караганда, 12 киши каза таап, 33ү жараат алды.

Киевде 21-август аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Калаанын мэри Виталий Кличко билдиргендей, Соломенск районунда чабуулдан он кабаттуу турак жайдын 8-9-кабаттары талкаланды. Жакын жайгашкан имараттардын терезелери күбүлүп калды, мектеп, балдар ооруканасы жана гаражга зыян келтирилди.

Дагы бир медициналык мекеменин айнектери талкаланып, жакын жерде токтоп турган автоунаалар өрттөндү. Өрт төрт кабаттуу дагы бир имараттын акыркы кабаттарында да чыкты.

Дарницк районунда эл жашабаган имараттар жана кампаларга, Святошинск районунда курулушу бүтө элек объектиге зыян келтирилип, кампалар күйүп кетти.

Киев облусунун Бровары районунда Орусиянын чабуулунан бир киши каза таап, дагы бири жараат алганын облустук аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко билдирди.

Анын айтымында, өнөр жай объектисине зыян келтирилген. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы жети киши жабыркаганы тууралуу маалымат таратты. Күйүүчү май ишканасынын эки объектинде, кампа жана жер тамдарда өрт чыкты, автоунаалар өрттөнүп кетти.

Кийинчерээк украин тарап Киевге түнкү соккулардын курмандыктары 14кө жеткенин, жараат алгандар 40тан ашканын тактады.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG