Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Август, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:08

Йемендик хусилер Саудияда аэропорт жана мунай ишканасына чабуул койгонун билдиришти

Буга чейин Сауд Арабиясындагы Жизан аймагы да йемендик хусилердин чабуулуна кабылган. Архив сүрөт
Буга чейин Сауд Арабиясындагы Жизан аймагы да йемендик хусилердин чабуулуна кабылган. Архив сүрөт

Йемендеги Иран колдогон хуси козголоңчулары 20-августта Сауд Арабиясынын Йемен менен чек арага жакын Нажран аймагындагы аэропортко жана мунай ишканасына учкучсуз аппараттар менен чабуул койгонун билдирди.

Хусилердин аскерий өкүлү Яхья Сари Telegram аркылуу тараткан билдирүүсүндө эки операция тең ийгиликтүү өткөнүн айтты. Анын маалыматына караганда, биринчи дрон соккусу Нажран аэропортундагы маанилүү объектке, экинчиси Saudi Aramco компаниясына караштуу жайга багытталган.

Азырынча Сауд Арабиясынын бийлиги да, мамлекеттик Aramco мунай компаниясы да бул маалыматты ырастаган же төгүндөгөн билдирүү жасай элек.

Хусилердин билдирүүсү Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Сауд Арабиясы бул топту ооздуктай албай турганын айткандан көп өтпөй жарыяланды. АКШ хусилерди террордук уюм деп жарыялаган.

Йемендеги жарандык согуш 2014-жылы хусилер борбор шаар Сананы басып алып, Сауд Арабиясы колдогон эл аралык деңгээлде таанылган өкмөттү бийликтен сүрүп чыгаргандан кийин башталган. 2022-жылы жетишилген жарашуу келишими негизинен сакталып келген.

Бирок быйыл июль айында хусилер Сананын аэропортунда ирандык учакты тосуп алгандан кийин чыңалуу кайра күчөгөн. Андан соң алар Сауд Арабиясына каршы деңиз блокадасын жарыялап, саудиялык кемелерге, аэропортторго жана мунай объектилерине чабуул баштаганын билдиришкен.


Шерине

XS
SM
MD
LG