Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Август, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

Британ ханзаадасы Гарри үй-бүлөсү менен мекенине кайтмай болгону маалымдалды

Ханзаада Гарри жана жубайы Меган Маркл. Архив сүрөт.
Ханзаада Гарри жана жубайы Меган Маркл. Архив сүрөт.

Улуу Британиянын ханзаадасы Гарри жана жубайы Меган Маркл мекенине кайтмай болуп жатышканы маалымдалды. Би-Би-Синин кабарына караганда, бул жаңылык коомчулук үчүн эле эмес, падышалык үй-бүлө үчүн да күтүүсүз болду.

Гарри менен Мегандын мындай чечим кабыл алышына быйыл июлда Улуу Британияга барып, балдары Арчи менен Лилибетти маркум ханбийке Диананын туугандарына тааныштырып, жакындары менен көбүрөөк убакыт өткөрүшкөнү түрткү болгону айтылууда.

Гарри буга чейин коопсуздук маселелеринен улам үй-бүлөсүн Улуу Британияга алып бара албасын айтып келген. Өткөн жылы ал өзүнө жана үй-бүлөсүнө мамлекеттик күзөт берүү маселеси боюнча соттук териштирүүдө жеңилип калган. Ошондой эле жубайлар АКШга көчүп кеткенден кийин британ басма сөзүн алардын жашоосун татаалдатты деп бир нече жолу айыпташкан.

Булактардын айтымында, АКШда алардын көчүүсүнө негиз болуучу көйгөй жок. Гарри менен Мегандын айланасындагылар негизги себеп катары алардын Европа менен Улуу Британиядагы туугандарына жакын болуу жана балдарын окутуу ниетин атап жатышат.

Жубайлар Лондондо эмес, борбордон сырткары жайгашкан менчик үйдө жашай турганы, жакынкы он күн ичинде көчүп барары белгилүү болду.

Ошол эле учурда Гарринин бир тууган агасы, мураскер ханзаада Уильям менен мамилеси мурдагыдай эле жакшы эмес экени белгиленүүдө.

Гарри менен Меган падышалык милдеттерин кайрадан аткара баштоону көздөбөй турганы, алардын Улуу Британиядагы ишмердүүлүгү расмий падышалык кызматтарга байланыштуу болбой турганы да маалымдалды.

Гарри менен Меган 2020-жылы падышалык үй-бүлөдөгү улук мүчө макамынан баш тартып, АКШга көчүп кетишкен. Алгач Канадада бир аз убакыт жашап, кийин Калифорния штатына отурукташкан жубайлар бул чечимин маалымат каражаттарынын басымы жана жеке жашоосуна кийлигишүү менен түшүндүрүшкөн.

АКШда Гарри менен Меган Netflix, Spotify жана башка ири медиакомпаниялар менен кызматташып, бир катар долбоорлорду ишке ашырышкан. Ошондой эле алар Archewell аттуу кайрымдуулук фондун түзүп, коомдук демилгелер менен алектенип келишет. Жубайлар соңку алты жыл ичинде негизинен Калифорниядагы Монте-Сито шаарчасында жашап келет.


Шерине

XS
SM
MD
LG