"Мобилизация болорун укканда мекенге кайттык"
Орусияда жыйырма жылдан ашуун жашап, жакында Бишкекке көчүп келген Гүлжамалдын (аты белгилүү себептер менен өзгөртүлдү) орус жарандыгы бар. Балдары ошол жакта төрөлүп, алар да орус паспортун алышыптыр. Орус жараны болгондуктан башка мигранттардан талап кылынган түрдүү катаал шарттардан тыш, жеңилирээк иштеп, жашап келишкен.
Бирок ал жакында уулдарын ээрчитип, Кыргызстанга кайтууга мажбур болгонун "Азаттыкка" айтып отурду:
"Балдарымдын атасы авто кырсыктан каза тапканына алты жыл болду. Негизги багуучудан ажыраганыбыз үчүн эки уулум 18 жашка толгончо орус өкмөтү ай сайын жөлөк пул берип келди. Мигранттарга киргизилип жаткан талаптардан тышкары "реестр", "кара тизме" дегенди билбей, жарандык алган кыргыздар жакшы эле иштеп жашап атканбыз. Бирок Украинадагы атайын операция (согуш) башталгандан бери жашоо кыйла кооптуу болуп калды. Быйыл Москванын чет жакасына дрондор түшүп, жарылуу болгондо да чочуладык. Бирок эми күздө жапырт мобилизация болот экен дегенди укканда эң биринчи эле 20га чыгып калган уулумду ойлодум да, мекенге кайттык. Ал жактагы ишимди таштап, үйүбүздү ижарага берип, тааныштарга дайындап, бул жакка келдик. Убактылуу деп атабыз эми, согуш деле бүтөр бир күнү".
Орусияда ушул күздө мобилизациянын жаңы толкуну жарыяланышы мүмкүн деген маалымат көбөйгөнү ал жакта жашап-иштеп, жарандык алган мигранттардын да чочулоосу артты.
Кремль мындай маалыматтарды четке кагып, мажбурлап мобилизация жүргүзүлбөсүн белгилегени менен орусиялыктар өздөрү да бийлигинин бул сөзүнө ишенбей, чет өлкөлөргө агылып жатканы айтылып келет.
Алардын басымдуу бөлүгү КМШнын жакынкы өлкөлөрүнө: Казакстанга, Кыргызстанга, Өзбекстанга келип жатканы айтылганы менен азырынча так маалыматтар жок.
"Кайра келбесең үй-мүлкүң конфискацияланат"
Орусияда быйыл Мамлекеттик Думага шайлоо өтөт. Аскерге жапырт мобилизациялоо ошол шайлоодон кийин башталары тууралуу каңшаар кеп Орусиядагы кыргыздар арасында тарап жатканын кыргызстандык диаспоранын өкүлү "Азаттыкка" билдирди:
"Кыргыздар түрдүү кысымдан улам Орусиядан башка жактарга, Кыргызстанга кетип жатышат. Кыргызстанда да өнүгүү болуп, иш орундары түзүлүп жаткандыктан ал жакка кеткендер да көп. Жакында менин бир орус жарандыгы бар таанышым Кыргызстанга кетип жатса чек арадан "эгер кайра келбей турган болсоң бул жактагы үй-мүлкүң конфискацияланат" деп эскертишиптир. Аны уккан айрымдар жарандыгы болсо деле "кайра келбейбиз" деп, үйүн сатып кетип атышат".
Орусиянын Мамлекеттик Думасы азыркы чакырылышынын иш мөөнөтү аяктайын деп калганда - июлдун аягында өлкөдөн чыгып кеткен орусиялыктардын укуктарын чектеген мыйзам долбоорун кабыл алган. Документке ылайык, Орусиядан чыгып кеткен жана кылмыш иши боюнча жаза аткаруудан же айрым административдик иштер боюнча жоопкерчиликтен качып жүргөн деп эсептелген жарандарга карата бир катар чектөөлөр киргизилет.
Аларга чет өлкөлүк паспорт алууга, Орусиянын жарандыгынан чыгуу боюнча арыз берүүгө, Мамлекеттик кызматтар порталын пайдаланууга, Орусиядагы акча каражаттарын жана мүлкүн колдонууга тыюу салынат.
Орусияда мындан төрт жыл мурун, Украинага кеңири масштабдагы согуш ачкандан жети ай өтпөй, 2022-жылдын сентябрында да «жарым-жартылай мобилизация» жарыялаган. Орусиянын бийлиги ошол учурда 300 миңдей адамды согушка жөнөткөнү белгилүү болгон.
Диаспора өкүлүнүн айтуусунда, 2022-жылкы мобилизацияда аскерге чакыруу көпчүлүккө келген, бирок түрдүү себептер менен согушка барбагандар көп болгон. Айрымдары ден соолугуна, кээ бирлери үй-бүлөлүк абалына байланыштуу барган эмес.
"Элде түрдүү маанай. Мурунку мобилизацияны эстеп, "чакырса деле алып кетпейт" деп беймарал жүргөндөр да бар. Чырылдап, "согушка алып кетип калат" деп чочулап, кетип жаткандар да болууда", - деди ал.
Гүлжамалдын уулдары ал учурда аскерге жашы жетек элек болгондуктан кабатырланган эмес.
"2022-жылы чоң уулум 16га жаңы толгон болчу да. Бирок ошондо да мага Кыргызстандагы айрым туугандарым "уулуңа кыргыз паспорт алып бер, не бар, не жок" деп кеңеш беришкен эле. Бирок "согуш бүтөт да" деп маани берген эмесмин. Паспорт алганында бир аз ойлонгом, бирок "согуш бүтөт да" дегем анда дагы. Ал кезде мобилизация жөнүндө кеп-сөз деле жок эле. Быйыл чындап коркуп жатам, эки уулумду тең кайра Орусияга жибербейм, улуусу окуудан чыгып калса деле мейли, бул жактан окуп алат", - деди маектешибиз.
Гүлжамал кичүү уулу да быйыл паспорт алышы керектигин, ошондуктан азыр Кыргызстандын жарандыгына кайтуу аракетин көрө баштаганын кошумчалады.
Бирок Орусиянын бийлиги жаңы мобилизация даярдалып жатат деген маалыматтарды четке кагууда. Жакында эле Мамлекеттик Думанын депутаты, генерал Андрей Гурулев мындай билдирүүлөрдү Киевдин "ушагы" деп атады.
Орусиядан кетүү жолун издегендер көбөйдү
"Ковчег" укук коргоо долбооруна Орусиядан эмиграцияга кетүү маселесине байланыштуу кеп-кеңеш сурап кайрылгандар соңку үч айда болжол менен 1,5 эсе көбөйгөнүн "Эхо" медиасына курган маегинде долбоордун негиздөөчүсү Анастасия Буракова билдирди.
Консультация берүүчүлөрдүн бири Евгений Фомичев айтып бергендей, релокация тууралуу суроолор жана долбоордун катталуучулары кескин көбөйгөнү жай башталгандан бери байкалууда.
"Релокац" долбоорунун башкы редактору Александра Назарова "Осторожно, новости" басылмасына июль айынан бери Орусиядан кетүү тууралуу кеңеш сурап кайрылгандардын саны 1,7 эсе көбөйгөнүн айтты. Анын белгилешинче, көбү "сентябрь-октябрга чейин чыгып кетишим керек" деп айтышат.
Буракова айтып бергендей, көбү маалымат алып, сураштарып гана жатышат, бирок, кандай болгон күндө дагы, азыркы көрүнүштү Орусиядан эмиграциянын жаңы толкуну деп атай берсе болот. Ошол эле учурда ал жайкы эс алуу маалы болгондуктан жаңы толкундун чыныгы масштабын азырынча так айтуу дээрлик мүмкүн эместигин кошумчалады.
Орусиядан кетүүнүн негизги себеби катары өлкөдөгү жалпы абалдан кооптонууну, жаңы мобилизация жарыялоо ыктымалдыгын, Орусияда жашагандан чарчашканын, "тынч жашап, иштегиси келгенин" атап жатышат.
"Можем объяснить" долбоорунун журналисттери эсептеп чыккандай, соңку 2,5 жылда интернеттеги маалымат издөөдө "көчүп кетүү" дегендер максимумга жетип, "мобилизация" дегени бир айда үч эсе көбөйдү.
Согушта курман болгон кыргызстандыктар
Соңку учурда Орусия келишим түзүп, согушка жөнөткөн жарандарга дароо өзүнүн жарандыгын берип жатканы айтылган.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандар өз ыктыяры менен кетип жатканын кайталап, бөтөн элдин согушуна катышуу кылмыш экенин эскертип келет.
Украинанын мамлекеттик "Хочу найти" долбоору 2026-жылга карата Борбор Азия өлкөлөрүнүн 13 миңдей жараны Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөнүн жана орус армиясынын катарында согушканын же учурда согушуп жатканын апрель айында билдирген. Бул сан алардын жеке маалыматтарын колдонуу менен аныкталганы белгиленген.
Алардын арасында 1500дөйү кыргыздар экенин белгилүү болгон. Өткөн айда Би-Би-Синин орус кызматы менен "Медиазонанын" журналисттери Украинада орус армиясынын катарында согушуп жүрүп каза болгон Кыргызстандын кеминде 89 жаранынын аты-жөнүн аныктаган.
"Хочу жить" долбоорунун маалыматы боюнча, орус армиясынын катарында согушуп жүрүп 150гө жакын кыргызстандык каза болгон.
"Азаттык" тизмедегилерден сырткары дагы бир канча кыргызстандык кан майданда каза болгонун аныктаган. Кыргыз тектүүлөрдүн айрымдарында эки өлкөнүн, Кыргызстандын жана Орусиянын паспорту бар экени белгилүү болгон.
Эксперттер согушуп жүргөн жана урушта каза болгондордун саны мындан алда канча көп экенин белгилеп жатышат.
Мигранттар менен иш алып барган "Инсан–Лейлек" уюмунун жетекчиси Гүлнара Дербишева азыр согушка азгыруу активдүү жүрүп жатканын белгилөөдө:
“Кыргызстанды алсак, май айына карата биздин 1474 жараныбыз Украинада согушуп жүрөт. Бул 2025-жылдагыга караганда төрт эсе көп экен. Орусияда миграция мыйзамдары катаалдашканы дагы буга себеп болууда. Атайын эле ушундай жолго барып жатабы? Реестр, "Амина" тиркемеси, полицияга депортация кылуу укугун берген эбегейсиз ыйгарым укуктар да себеп болуп жатат. Азыр согушка азгыруу абдан катуу жүрүүдө. Орусиянын Коргоо министрлиги жеңилдетилген жарандык беребиз дегени, үй-бүлөгө төлөм, акчалай кошумчалар дагы мигранттарды азгырып жатат. Андан сырткары реестрге кирип, чыга албагандар, Орусиядан башка жактарда тил, виза маселесинен улам иштөө мүмкүнчүлүгү жок, ошол жакта калууну каалгандар мажбур макул болуп жатышат. Мындан сырткары насыя алган, эне капиталын алган, үй-бүлөсүн алып баргандар бар да, ошондон пайдаланып жатышат”.
"Хочу найти" долбоору согушка кетип, дайыны чыкпай жаткандарга байланыштуу 200 миң арыздын 500ү кыргызстандыктардан түшкөнүн "Азаттыкка" билдирген. Ал арада юристтер согушка кеткен жакынын издегендердин саны өсүп жатканын белгилеп келишет.
Борбор Азия өлкөлөрү Орусия Украинага бастырып кирген төрт жылдан ашуун убактан бери бул согушта канча жараны каза болгону же согушка тартылганы тууралуу расмий маалымат бере элек.
Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу иштери же ага жалданма катары катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.
Шерине