Чүй облусунун 39 жаштагы тургуну социалдык тармактарда экстремизм идеяларын жайылтууга шек саналып кармалды. Бул тууралуу 19-мартта Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 9-февралда социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторинг учурунда Фейсбуктагы "Аза Асанбеков" аттуу аккаунт экстремизмдин идеялары менен бөлүшүп жүргөнү аныкталган.
Факт катталып, сотко чейинки лингвистикалык экспертиза дайындалган. Жыйынтыгында автор Фейсбуктагы баракчасына Кыргызстанда экстремисттик деп табылып, тыюу салынган бир катар сайттардын маалыматтарын бөлүшүп, таратып жүргөнү аныкталган.
"Экспертизанын жыйынтыгы көрсөткөндөй, жарыяланган видео материалдар тыюу салынган диний сайттан алынганы маалым болду. Мындан тышкары автор баракчасына Кыргызстанда эл аралык экстремисттик "Хизб-ут-Тахрир" уюмунун пропагандачысы катары тыюу салынган сайттан да материалдарды жарыялап келгени аныкталды" деп жазылган маалыматта.
Бул факт боюнча Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш жаза кодексинин 332-беренеси ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") менен кылмыш иши козголду. Иштин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин натыйжасында аккаунттун ээси - 39 жаштагы Ш. А. аттуу жаран кармалды Ал милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кошумча тергөө иштери уланууда. Милиция экстремисттик идеяларды таратууга катышы бар жарандарды издөөнү жана кошумча далилдерди чогултууну улантып жатат.
Чүй ОИИБи экстремисттик материалдарды таратуу, жайылтуу, бөлүшүү да кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.(ZKo)
Шерине