Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуяларга байланыштуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөдө азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууну тиешелүү жетекчилерге тапшырды.
Мамлекет башчы бүгүн, 19-мартта Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү. Анда Жакынкы Чыгыш аймагындагы абалдан улам улуттук коопсуздук, анын ичинде азык-түлүк жана энергетика тармактарындагы коопсуздукту камсыз кылуу маселеси көтөрүлдү.
Жыйында Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Кыргызстандагы стратегиялык объекттердин тизмеси боюнча сунуштарды беришти. Жыйынтыгында тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине, президенттин облустардагы өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине тиешелүү тапшырмалар берилди.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы 28-февралда башталган аскердик операциясынан улам Жакынкы Чыгышта кырдаал курчуду. Иран аларга жооп кылып, АКШнын аймактагы аскер базаларына, коңшулаш мамлекеттердин мунай-газ объекттерине сокку урууда.
Израил 18-марттын кечинде Ирандын Түштүк Парс газ кенине сокку ургандан кийин Иран ага жооп иретинде 19-марттын таңында Катардагы Рас-Лаффан газ хабын бутага алды. Катар бийлиги соккудан "олуттуу зыян" болгонун билдирди.
19-мартта дүйнөлүк базарда мунайдын баррелинин наркы 112,84 долларга жетти.(ZKo)
Шерине